Кол чатырын көтөртүп алган кайран манапчылык

Кол чатыр.

7-июндагы кыргыз гезиттерине Шайлообек сереп.

“Эркин тоо” гезити Карбалас Бакировдун “Көрүнбөгөн иштин устаты” деген маегине орун берди. “Жолдубай Кайыпов менен Тамара Алсеитованы дикторлукка мен алып келгемин” деген ат менен көп жылдар бою Кыргыз радиосунда иштеген, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Сагынбек Сапарбеков кызыктуу кеп салып берди. Ушул эле санда генерал-майор, Ички иштер министринин орунбасары Курсан Асанов “Тынчтыктын баасы баарынан бийик” деген маегинде Ош окуясын эскерди. “Эркин тоо” 25 жылдыгын кандай тоскону гезиттин арткы бетинде.

“Кыргыз туусу” гезити президент Атамбаевдин кыргызстандыктарды орозонун башталышы менен куттуктаганын басты. Болотбек Таштаналиевдин Орусия өкмөтүнүн башчысы Дмитрий Медведевдин иш сапарынын башталышын баяндаган макаласы “Оорду колдон, жеңилди–жерден алган достук мамилелер” деп аталды. Жазуучу Ысмайыл Кадыров “Интернет заманында да энциклопедия керек” деген макаласында китеп чыгаруу маселесин кеп кылды. Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Төлөбек Абдырахманов макаласын “ХХI кылымдагы эпикалык эл феномени” деп атап, эпосторду жаратуу маселесин талдоого алды. Акын Турдукан Ибрагим кызынын жаңы ырлары жарык көрдү. Арасында Роза Отунбаевага арнаган ыр да бар.

“Фабула” гезити жаңы санына “Кыргызстан маданияты” гезитинин башкы редактору, таланттуу акын Нуралы Капаровдун жаңы ырларын жарыялады. Бул көлөмдүү ырлар “Мигранттар”, ишкер Рахат Рысалиевге арналган “ГЭС курам деп” деген жана айтылуу журналист Баратбай Аракеевге арналган “Чындык” деген үч ырдан турат, үлкөн ойлорду ичине камтыган чыгарма. Журналист Венера Наркееванын “Келиндерди Кыргызстандын 7 дубанында кандай сындан өткөрүшөт” аттуу макаласы басылды. “Мекендин мекенчил уулу” деген баштеманын алдындагы он адамдын ой-пикирлери жалаң Курсан Асановдун ишмердигине арналды. Чүй облусунун 90 жылдыгы боюнча облус губернаторунун макаласы жарык көрдү. Аламүдүн районундагы Гроздь айыл аймагы тууралуу Асан Акматовдун макаласында сөз болду.

“Фабула” гезити “Кадр кодулоону токтотпойлубу?” деген макала басып, анда министр Мелис Турганбаев кызматтан кетери менен ички интригалар күчөп, жаңы министрдин башын айлантчу арыздар жазыла баштаганын, маселен, Ленин райондук Ички иштер башкармасынын башчысы Айбек Жайлообаевдин үстүнөн так ушундай былгытма арыз жазылып, анда Айбек Жайлообаев Мелис Турганбаевдин өкүл баласы деп аталганын, ал эми чын-чынына келгенде Айбек Мелис Турганбаевдин эч кандай өкүл баласы эместигин, болгону ал дагы Ат-Башыдан болорун, Айбек Мелис министр болгонго чейин эле кызматтык бардык тепкичтерди басып келгенин, чыныгы проффессионал милиционер экенин бирге иштегендер жакшы билишерин, кыргызда жалган жалаа менен жаманатты кылмай кадимкидей эле жаман “салтка” айланып калганын белгилеп: “Ошондуктан, ар бир жетекчимин деген адам, анын ичинен жаңы министр Кашкар Жунушалиев дагы кол алдындагы профессионал жетекчилерди бир барак кагаздагы жалган жалаалардан мурда ал адамдын кесиптик тажрыйбасына, адамдык сапатына карата калыстык менен мамиле кылат деп күтө туралы” деп жазды бүгүнкү “Фабула” гезити.

“Вечерний Бишкек” гезити бүгүнкү санын “Медведев Кыргызстанда” деген баштема менен ачты. Нина Ничипорованын “Ооруканадагы карцер” аттуу макаласында Ысык-Ата райоундагы балдардын психикалык ооруканасынын медсестрасы оорукчан балдарды батареяга байлап алып кандайча кордук көрсөткөнү жөнүндө сөз кылды. Журналист Азамат Касыбеков социалдык түйүндөрдө кызуу талкууга алынган белгилүү журналист Турат Бектеновдун Чүйдүн 90 жылдыгын майрамдоо учурунда Сокулуктан тартылган фотосүрөттөрдү, ал сүрөттөрдө кыргыздын аткаминерлеринин жанында алардын башына кол чатыр кармаган такай бир аткошчусу коштоп жүрөрүн, мындай бай-манаптык дымак биздин бийликтегилердин адамдык деңгээли аябай эле төмөн экендигин көрсөтөрүн, маселен, Келдибеков спикер кезинде машинесине эч кимдикинде жок кымбат дөңгөлөк сатып алып салгандыгы менен “атын” чыгарса, дагы бир өкмөт башчыбыз Ак үйдүн коридорунда баратып пальтосун чечип ыргытса, артындагы ат кошчу жигити жата калып тосуп алуу менен “мыкты кадр” экендигин далилдеп аттарын чыгарганын, айтор элге чыкканда жалгыз өзү келип-кеткен Жоомарт Оторбаевдан башкасынын баары “кол чатырдагы башкармачылыктан” арыла албай келатканын жазды.