“Азия ньюс” гезити журналист Кенжебек Арыкбаевдин макаласы менен бүгүнкү санын ачты. Автор Казакстандын маданиятсыз маданият министринин айланасындагы сөздү улантып, бизде эки ирет толкун болгонун, бирок эң башкысы мамлекетибизди чачып жибербей сактап калганыбызды, жараткан жакшылыгын берсе акыры бакубат, бардар өлкөгө айланчу күн дагы алыс эместигин белгилеп келип, 1932-33-жылдардагы 10 млн. адамдын өмүрүн алган ачкачылык казак калкын да каптап, ошондо кыргыз бооруна кол сунганын, акын Кубанычбек Маликов эскергендей, ошондо Пишпектин күн чыгыш жагындагы Төкөлдөш суусунун эки өйүзү ачкачылыктан жан кыйган казактардын сөөгүнө толуп кеткенин, тирүү калгандарын кыргыздар бооруна кысып сактап калганын, мээсинде бар адам бул жакшылыкты кыямат күндө да унутпашы керек эле деп жазуу менен, кыргыз калкы казак калкына түшкөн кандай кыйын мезгил болсо да боор тартып турарын, Назарбаевди бийликке апкелген “Желтоксан” окуясында кыргыз жигиттери да барып катышкан фактылар барын казак калкынын эси жок уулунун эсине салды.
“Президентке айта турган маанилүү сөзүм бар” деген ат менен белгилүү коомдук ишмер, журналист, юрист Бабырбек Жээнбековдун маеги жарык көрдү. Кенжебек Арыкбаевдин дагы бир баяны “Саясат жана саясатчылар” деп аталды.
“Евразиялык экономикалык биримдик кыргыз элин сызга отургузабы?” деген суроого айыл чарба адиси Манас Султанов:-Бажы союзунун рыногу чектелүү. Эгер чындап өнүгүүнү көздөсөк Кытай, Европа, Жапония өлкөлөрүнө чыгууга аркет кылуу керек. Жапония Монголия үчүн азык-түлүктөрдүн 9 миң түрүн пошлинасыз кылып берген,-деп,
Экс-губернатор Мамасадык Бакиров:- СССР учурунда Орусиянын Ленинград облусун азык-түлүк менен толук камсыз кылган Кыргызстандын бүгүн азык-түлүктөрдү сыртка чыгаралбай жатканы жаман көрүнүш,-деп,
академик Жамин Акималиев:- Быйыл 6 млн. кой-эчки, 1,5 млн. бодо мал, 7 млн. тоок кылып малды көбөйттүк. Аныбызды казактар “шарп оорусу бар” деп киргизбейт. Шарп оорусу казактардын өздөрүндө деле бар. Бажы союзунун шарттарын аткара албасак бир канча убакыттан кийин бизден чыккан товарларды саттырбай кое алышат экен,-деп жооп кайтарышты. Мурдагы губернатор Тургунбек Кулмурзаев “Атамбаев, Абдраимов, Өмүркулов өңдүү инилерим менен сыймыктанам”, деген ат менен маек курду.
“ПолитКлиника” гезити “Аю Холдинг” компаниясынын президенти Шаршенбек Абдыкеримов Лондондогу мунарадан кымбат баалуу квартира алганын, ичинде лобби, спорт борбору жана бизнес залы барын, бул квартиралардын ар бири 3 млн. доллар турарын, Бектур Асанов 12-июнга чейин камакта калганын, Нарымбаевдин адвокаттары Жогорку сотко арызданарын, Табалдиев менен Бажановдун телефондогу сүйлөшүүсүнөн кынтык издөөнүн кажети жоктугун, Казакстандын маданият министри кыргыздардан кечирим сураганын кабарлады.
Айгүл Бакеева ушул жылдын 24-майында жарык дүйнө менен кош айтышкан таланттуу киносценарист, жазуучу Талип Ибраимовду эскерип, анын ушул гезитке бир кезде берген маегин кайрадан окурмандардын эсине салды. Дилбар Алимова Майамидеги кыргыз жигити Бек Баялиев менен маектешти. Филология илимдеринин доктору, профессор Курманбек Токтоналиев “Кыргыз алфавитин реформалоо зарылбы?” деген суроого бир топ жүйөлүү фактылар менен жооп берип, айрым бир чакан топтун “аэ” тыбышын алфавитке кошсок деген пикирлери туура эместигин, аны менен тил байып кетпестигин, эгерде ушул сыяктуу говорлордо колдонуучу тыбыштардын баарын тилге киргизе берсек кыргыз тили тил катары калыптанбай каларын, мунун теориялык да, практикалык да негизи жок экендигин далилдер менен айтты.
“Асман плюс” гезити Чүй облусунун 90 жылдыгына карата облус губернатору Бактыбек Кудайбергеновдун маегин басты. Губернатор Сары Өзөн Чүйдүн басып өткөн жолу менен бүгүнкү күнгө чейинкисине кенен токтолду. Кыргыз эл артисти, таланттуу обончу Арзыбек Бедияровдун маеги “Ырларым көп, аялым бирөө эле” деп аталды. “KG-ГРУПП” компаниясынын президенти Имамидин Ташовдун маеги “Менин максатым–эл умтулган нерседен качып, умтулбаган нерсеге багыт алуу” деген аталыш менен жарык көрдү. Гезиттин бүгүнкү санынан ошондой эле академик Лариса Асанбекованын “Кыргызчылык деген эмне?” деген жана “Америкага сапар” аттуу макаласын, жазуучу Чолпон Субакожоеванын “Манас-Асман, Асман-Манас” деген эмгегинен үзүндү окуйсуздар.