“Кыргыз туусу” гезити президент Алмазбек Атамбаевдин келе жаткан 1-Май эмгек майрамы менен кыргызстандыктарды куттуктоосун басты. Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбековдун “Мыйзам чыгаруудагы айрым кемчиликтерди, мыйзам ичиндеги карама-каршылыктарды жойбосо болбойт”, деп сүйлөгөн сөзүн тартуулады. Академик Жамин Акималиевдин маеги да ушул санда.
“Эркин тоо” гезитинен өкмөт курамы ант бергенин, көчмөндөр оюну өтө турган Кырчын жайлоосуна келечекте этношаарча куруларын, Кыргыз радиосунун 85 жылдыгына карата КТРКнын башкы директорунун орунбасары Кайрат Иманалиевдин маегин окуйсуздар.
“Жаңы ордо” гезити Бегиш Ааматов менен Азизбек Чамашевдин “Дүйнөнү дүңгүрөткөн Чыңгыз хан кыргыз болгон” деген тарыхый иликтөөсүн сандан-санга жарыялоодо. Абазбек Абдылдаевдин макаласы жазуучу үч доско - Кубатбек Жусубалиев, Мурза Гапаров, Кеңеш Жусуповго арналды. Журналист Нышанбек Кочкоровдун Бактыкан Ажымаматовадан алган маеги “Аскар Акаев айткандай Бекмамат Осмонов бүгүнкү кыргыздын Манасы болчу” деген ат менен жарык көрдү. Депутат Кубанычбек Жумалиевдин маеги “Жаңы технологияны колдонуп, кендерди иштеткен инвесторлорду чакырам” деп аталды. Ушул эле гезит “Элдик парламент” тууралуу айрым кишилердин ойлоруна орун берди. Жазуучу, коомдук ишмер Токтобай Мүлкүбатов:- Цивлизациялуу, маданияттуу жол менен бийлик кетсе жакшынакай өкмөт курат элек деген ой бар,-деп, экс-депутат Жылдыз Жолдошева:-Кыргызстандын бийлиги СДПК тарабынан узурпацияланып алынды,-деп, журналист Ырысбек Өмүрзаков:- Азыркы оппозиция, айтылуу “Элдик парламент” аягына чейин турушу абзел,-деп, журналист Адилет Айтикеев:- Бийликти басып алып СДПКлаштырган менен баары ойдогудай болбой калууда,-деп, укукчу Турсунбек Акун:- Элдик парламент азыркы бийликке пикирин айтып турса жакшы,-деп жооп беришти.
“Де-факто” гезити депутат Чолпон Султанбекованын “Баямандын өлүмү сырдуу бойдон калды” деп маек берип:-Баямандын өлүмү саясый заказ болгону анык экенин, себеби "Кара-Суу" базарын, мейманкананы тартып алуу үчүн келген жигиттер Жаныш Бакиевдин буйругу менен келгендигин уккам. Экинчи бир жагдай, 2010-жылы апрель окуясынан кийин кармалган эки кылмышкер жигит мага жолугууну суранып, буйрук кимдер тарабынан болгонун айтып бермек болушкан. Бирок белгисиз себептер менен экөө тең көз жумган. Жеке оюмда Бакиевдер кеткенден кийин деле жогорку жакта олтургандар экөөнүн көзүн тазалоо менен из жашырышкан. Мурдатан эле Баямандын өлүмүнө Бакиевдердин тиешеси бар деп келсем, азыр да ошентип айтам,-деп билдирди.
“Фабула” гезити Үсөн Касыбековдун “Адам укугунун абалы канчалык начар болсо, ошончолук НПОго сонун” деген макаласын басты. Автор ”Эгер НПОчулар Кыргызстанда баары өз жайында, сөз эркиндигине кысым жасалган жок, эч бир адам саясый мотивдер менен түрмөгө салынган эмес деген сөздөрдү айта башташса, анда мындай долбоорлор токтотулуп коюларын, эч ким НПОго акча төлөбөй коерун, маселен сексуалдык азчылыктын укугун коргоо үчүн чет өлкөдөн грант келип калса НПОчулар элдин жерге түкүрүп жатканына карабастан, эркек менен эркектин, катын менен катындын үйлөнүү тойлорун өткөрүү, гей-параддарды уюштуруудан кайтпай тургандыгын, кыргыз элинин нарк-насили, каада-салты бул өңдүү жапайычылык жана айбандык көрүнүштөрдөн алыс экендигин НПОчулар ойлоруна да албастыгын, аларга гранттар гана түшүп турса болду, акча үчүн улуттук кызыкчылыктарды сатып жиберүүгө даяр экендигин жазып чыкты.
“Жаңы агым” гезити айылдык акын Акбар Стамалиевдин жаңы ырларын жана Нурмухаммед Жумабековго берген маегин тартуулады. Элдос Тыныбековдун улакчылардын “Достук” деп аталган командасы тууралуу маеги “Көк бөрү” деген ат менен жарык көрдү. Академик Жамин Акималиевдин Бүбүсара Бейшеналиева жөнүндөгү маеги “Бүбүсара жалт караганда колумдагы пивом ыргып кеткен” деп аталса, журналист Келдибек Назировдун макаласы “Батыштын кысымы кыргыз сотунун өкүмүн өзгөртөбү” деп аталып, Азимжан Аскаровго байланыштуу маселелердин тамырын талдоого алды.
“Супер инфо” гезити Батукаев Башкы прокуратурага жилигинин чучугунүн үлгүсүн бербей койгондуктан анализин алууга мүмкүн болбой жатканы тууралуу укмуштуу жомок Башкы прокуратуранын жылдык отчетунда айтылганын, невриттин айынан айрым тасмаларга Шайыр Касымалиева тартылбай калганын, Бишкектин жолдору эле эмес, бак-дарактары да жарактан чыгып атканын жана башка кызыктуу маалыматтарды жазып чыкты. Сүйүн Кулматованын “Согуш уурдаган балалык” деген баштемасынын алдында балалыктын катаал кезин башынан өткөргөн баяндары басылды.
“Вечерний Бишкек” гезити Чыныбай Турсунбековдун Жогорку Кеңештин төрагалыгына шайланышын “Эң башкысы–туруктуулукту сактоо” деген макала менен коштоду. Азамат Касыбековдун макаласы “Ж. Бакиев менен маек” деп аталды. Зинаида Сорокинанын макаласы “Бузула турган үй же майып балдарды көчөгө кантип кууп чыгышты?” деген аталыш менен жарык көрдү.