Бийлик бир партияга өттү

Гезиттер.

Апта башындагы кыргыз гезиттерине Шайлообек сереп.

“Эркин тоо” гезити кен байлыктарын иштетүүгө уруксат алуу боюнча өткөрүлгөн конкурстардан республикалык бюджетке 121 млн. доллар түшкөнүн, мисалы өткөн жылы 5 ачык конкурс өтүп, "Жерүй" алтын кенине лицензия берүүдөн 100 млн. “Бел алма” көмүр кенине лицензия берүүдөн 1млн. 70 миң сом, ал эми “Тереккан”, “Перевальное” алтын кендери жана “Терек” алтын-сурьма” кендерин иштетүү боюнча конкурсту уткан тараптардан 20 млн. доллар түшкөнүн кабарлады.

“Үркүнгө 100” жыл деген рубриканын алдында Кочкор районунун тургуну Советбек Кадыралиевдин “Аман калган бала”, “Турпанда калган сөөк” деген эскерүүлөрүн, “Чернобыль” окуясын эскерген Керимжан Белековдун Асел Барктабасовага берген маегин, Билим берүү министрлиги 25-апрелден 15-июнга чейин “Көчмөн элдердин маданий мурасы” аттуу мектеп окуучулары үчүн сынак жарыялаганын, “Түкүрбө” аттуу иш чараны президент колдоого алып, мына ушундай акцияны баштаган Бишкектик мугалим Куштарбек Мамыталиевге президенттик фонддон 50 миң сом болүп бергенин “Эркин тоо” гезитинин жаңы чыккан санынан окуйсуздар. Бул санда акын Кожогелди Култегиндин “Анкарадан жазылган ырлар” аттуу жаңы ырлары менен да таанышасыздар.

“Фабула” гезити акын Меңдибек Асылбековдун “Сүйүү симфониясы” деген жаңы ырларын окурмандарга тартуулады. Ырчы Айчүрөк Султанованын маеги “Балдарымды көз карашым менен тарбиялап коем” деп аталса, Кыргыз эл артисти Нуржамал Табалдиеванын маеги “Менден күнөө кетсе-кетпесе дагы кечирим сурайм” деп аталды. Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев электрондук өкмөт деген кандай болору боюнча кенен маалымат берди. Маселен, келечекте электрондук өкмөт иштей баштаса, бир үй-бүлөгө бир гана электрондук диспетчер кызмат кылып, бардык коммуналдык-социалдык төлөмдөрдү, салыктарды төлөөнү эскертип турарын жана төлөндү деген квитанциялар жашаган тургундарга жетип турарын, мунун пайдасынан башка зыяны жоктугун айтты.

Үсөн Касыбеков парламенттеги спикер талаш тууралуу макаласында минтип жазды: “Көптү көрүп, көптү билип калган кыраакы саясатчылардын бири Өмүрбек Текебаев саясы конъюктураны дароо баамдаган экен, башкалар оозун ачып үлгүргөнчө “Эгер Жогорку Кеңештин спикерлигине СДПК лидери Чыныбай Турсунбеков көрсөтүлүп калса “Ата Мекен” фракциясы колдойт” деп билдирип чыкты.” Автор андан ары “Өнүгүү-Прогресс” менен “Кыргызстан” фракциясынын лидерлери чечимдерин шардана кылыша электигин, бул экөө Чыныбай Турсунбековдун талапкерлигине каршы чыккан күндө деле спикерликти шайлоого кенедей да таасирин тийгизе албастыгын жазды. Буга улай эле “Чыныбай Турсунбековдун спикер болушуна кандай пикирдесиз?” деген суроо берилип, жооп бергендердин 99 пайызы башкаруу бийлиги, дээрлик КСДПга өткөнү бир жагынан жакшы болду, анткени өлкөдөгү бардык иштерге жооп бере турган партиянын жоопкерчилиги күчөйт, сурап алганга да оңой болот, ал эми Чыныбай Турсунбеков Шеримкуловдон кем эмес спикер болот деген ойлорун айтышты.

“Кыргыз туусу” гезити чернобылчы акын Жакыпбек Абдылдаевдин “Чернобыль алааматы биздин эркибизди мокото алган жок” деген маегин тартуулады. Окурмандарга “Баатыр Шабдан”, “Хан Ормон” аттуу тарыхый романдары менен белгилүү болгон жазуучу Жапаркул Токтоналиевдин 16-жылга арналган макаласы “Теңир Тоодогу боштондук кыймылы” деген ат менен жарык көрдү. Нарынкүл Назаралиеванын макаласы “Казинону жаптык, лотереяны кантебиз?” деп аталса, Кара-Суу районундагы Жаңы-Арык айыл тургандарынын ачык каты “Чубактын кунундай чубалган жер чыры же чексиз согушуунун көмүскө сыры эмнеде?“ деген аталыш менен басылды.

“Вечерний Бишкек” гезитиндеги Ольга Дядюченконун макаласы “Экс-прокурордун акыл-эси ордунда эместигинен үмүтү үзүлдү” деп атап, кезектеги сот жүрүшү кандай өткөнүн жазып чыкты. “Шах и мат” деген рубриканын алдында 6 жашка чейинки жеткинчектердин шахмат боюнча Азия чемпиондугу Монголияда өтүп, ага кыргызстандык Чыңгыз Султай менен Айжан Съездбекова катышып, күмүш медаль утуп келишкенин аталган гезит кубанып маалымдады. Мисалы, кичинекей Айжан кызыбыз Монголияда алты партияны утуп, бир гана партиядан утулганын, бул өңдүү эларалык мелдешке биринчи жолу катышып жаткан Айжан бардык партияны утуп алмагын, бирок акыркы күндөрү алыста калган апасын сагынып, ошондон улам финалда уттуруп койгонун атасы Съездбек Таштакеев кеп салды.