Алтын качан аш болот?

Кытайлык алтын кен ишканасынын Орловка шаарчасындагы кеңсеси.

Шейшембидеги кыргыз гезиттерине Шайлообек сереп.

“Кыргыз туусу” гезити акын Жылдызбек Турсункуловдун ыр менен берген жообун басты. Гезитке ошондой эле атактуу бийчи Бүбүсара Бейшеналиева, окумуштуу-педагог Сабыр Иптаров, обончу Апаз Жайнаков тууралуу эскерүүлөр жарыяланды. Жайыл Руслановдун “Ак эмгек менен таанылган окутуучу” деген макаласы суусамырдык мугалим Гүлмира Абдылдабекованын ишмердигине арналды. Философ акын Өмүрбүбү Бегалиеванын маеги “Бул жолго Жараткан Улуу Күчтүн жардамы менен келдим” деп аталды.

Журналист Алмаз Нурдинов Оштон жөнөткөн кабарында жакшы жаңылык болгонун, Кыргызстанда биринчи жолу картошка жыйноочу комбайн жасалганын, аталган комбайн картошканы казып, топурак, чөп-чарынан, ташынан арылтып, 1-1,5 тоннага жеткенден кийин машинага же арабага жүктөп берерин, бир комбайн 20-30 кишинин жумушун аткарарын, мамлекеттен колдоо болсо сериялык түрдө чыгарарын аны жасап чыккан инженер-конструктор Давут Игамкулов айтканын маалымдады.

Президент Атамбаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаев менен террорчулукка жана экстремизмге каршы туруу чаралары тууралуу сүйлөшкөнүн, Бишкек жаңы жетекчилүү болгонун, премьер-министр мамлекеттик кызматтагы аткаминерлерден дагы бир жолу жоопкерчилик менен тартипти талап кылганын, Улуттук банктын токтому күчүнө кирип, доллар менен кредит берүү токтогонун, Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду насыя берүү шарттарын жеңилдеткенин, быйыл ишкерлер киреше салыгы жана НДСти төлөөдөн бошотуларын, өкмөт каатчылыкка каршы туруу чараларын талкуулаганын кабарлады.

“Фабула” гезитине профессор Советбек Байгазиевдин “Орхон-Енисей жазууларынын осуяты же улут, мамлекет канткенде сакталат?” деген ой толгогон эмгегинин корутунду бөлүгү басылды.

Журналист Меңдибек Асылбеков “Элибизге кандай мыйзамдар керек?” деген суроону койду.

Тынчтык Алтымышев экономист Базарбай Мамбетов менен маектешти. Маек “Алтын кендериндеги махинациялар бүгүн да жашап жатат” деген ат менен жарыяланды. Базарбай Мамбетов алтындын айланасындагы шектүү иштердин чоо-жайына токтолуу менен, мисалы “Алтынкен” ишканасынын 100% акциясын “Талды-Булактын 78 тонна алтыны деп эсептесек, анда кытайлар анын 60 процентин же кызылдай 46 тонна алтынды же 2 миллиард долларга барабар байлыкты, кыргыз бюджетине 1 сом да түшүрбөстөн бүт баарын Кытайга алып кетип жатканын, эми ушуга жол берип жаткан кыргыз бийлигине дагы эмне дешибиз керек?” деп каңырыгы түтөдү.

Кабарчынын:- Бир кезде Орловка айылынын калкы кытайлардын Миң-Булак коктусуна уулуу таштандыларды сактай турган жай куруп жатканына нааразы болуп жүрүп эле эмне үчүн унчукпай калганы тууралуу суроосуна Базарбай Мамбетов:

- Бул дагы кылмыш иши ачыла турган чоң коррупция. Жаратылышты коргоо боюнча мамлекеттик токой-чарба агенттиги Кеминдин айылдарын аралап өткөн суунун башаты болгон Миң-Булак коктусуна цианид аралашкан уулуу кошулмалар сакталуучу таштанды жайды курууга уруксат берген. Тагыраагы, бул кооптуу объект курулуп бүткөн соң гана уруксат берип, кол коюп салышкан. Бул дагы кылмыш, бүгүн тынч жаткан менен убагы келгенде Талды-Булактын тагдырын талкалаган коррупцияга илешкендердин бардыгы мыйзам алдында, эл алдында жооп берет,-деп билдирди.

“Вечерний Бишкек” гезити “Эч болбосо, кеч болсун” дегендей кеч болсо да, борбор шаардын атактуу Ботаникалык багындагы бак-дарактарды сактап калуу ишин премьер-министр өзү колго алганын, өткөн ишембиде Улуттук илимдер академиясынын илимпоздору катышкан жумушчу жыйында ушул маселе талкууланганын Александр Тузовдун макаласынан окуйсуздар.

Аталган гезит Бишкекте жапон киносунун фестивалы өткөнүн баяндаган Анастасия Карелинанын макаласы “Жапониянын кино жыпары” деген ат менен тартууланды.

Киновед, Эл аралык кинопресса федерациясынын мүчөсү Гүлбара Төлөмүшованын белгилүү кинодокументалист ата-бала Герштейндердин чыгармачылыгын кеп кылган макаласы да ушул гезитте.