Бишкек шаары “Манас” аэропорту эмес

Кыргыз гезиттери.

Бейшембиде чыккан кыргыз гезиттерине Шайлообек сереп.

“ПолитКлиника” гезити “Президентке кат” рубрикасы аркылуу Токтогул шаарынын тургуну Таалайкан Бактыбаеванын “Баламды койдуруп кеткендер жазасыз жүрүшөт. Аларды прокурор калкалап жатат” деген ат менен президент Алмазбек Атамбаевге жолдогон кайрылуусун жарыялады.

“Жазында митингдер башталабы?” деген гезиттин суроосуна депутат Уларбек Жылкыбаев:- Украинада башталган митинг сырткы күчтөрдүн таасири менен кандай болгонун, Сириядагы митингдин аягы кыргын менен өрткө айланганын көрүп жатабыз. Андыктан мамлекетибиздин өнүгүшүнө тынчтыктан өткөн эч нерсе жок,-деп,

депутат Карамат Орозова:- Эгерде кимдер мамлекетти митинг менен оңдойм десе ал жаңылышат. Айрымдар “Кыргызстан оңолбойт” деп так кесе айтып келишет. Эмнеге оңолбойт экенбиз? Оңолобуз. Ал үчүн бардыгыбыз аракет кылышыбыз керек. Мамлекет бардыгыбыз үчүн керек,-деп,

депутат Искендер Матраимов:- Дүйнө жүзүндө "Ислам мамлекетин" бетине кармаган экстремисттик күчтөр күчөп жатат. Митингди так ушундай тероррдук күчтөр пайдаланып кетиши мүмкүн,-деп жооп беришти.

Аталган гезит журналист Акылбек Чынтемировдун “Жаштыгын бөтөн мамлекеттин тыңчылыгына арнаган Уран Ботобеков” деген макаласын басты.

Журналист Турат Акимов “Мага кол салгандардын артында Мелис Турганбаев турат” деп генералга күнөө койсо, генерал Мелис Турганбаев “Турат Акимовдун мени күнөөлөгөнү күтүүсүз болду. Ага кол салууга менде эч кандай негиз жок” деп айтты.

Ички иштер министри Мелис Турганбаев “Азия жаңылыктар” гезитине берген маегинде “Турат Акимовго кол салуунун ачылышына эң биринчи мен кызыкдармын. Мындай жалган жалаа жабуулар Акаев менен Бакиевдин учурунда болчу эле. Мени кандай гана кордошту, бир кыздарга жалган арыз жаздыртышып, камаганга чейин барышты. Акаевдин учурунда 60 миң сом жеп алган деп жалаа жабышкан. Турат Акимовдун артында бир күч турат. Баарын таап чыгабыз”, деп айтты.

Ушул эле гезитке “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев “Премьер-министрликке сунуш түшсө, барат элем” деп маек берди. Журналист Кенжебек Арыкбаев макаласын “Бишкек шаары “Манас” аэропорту эмес” деп атады.

Жылдызкан Жолдошева маегин “Россия президенттикке бир гана кадрды көрсөтөт, ал – Кубанычбек Кулматов” деп атап, бийлик, өкмөт, президенттик кресло тууралуу ойлорун ортого салды. Жылдызкан кыргызда бийлик башына келе турган кыз-жигиттер арбын экендигин белгиледи. Журналист Кудайкул Жусуповго берген “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин маеги “Келдибековдун сотунан кийин мыйзамдын да, абийримдин да алдында көңүлүм ток”, деген ат менен жарык көрдү.

“Асман плюс” гезити бул санын депутат Осмонбек Артыкбаевдин балалыгы, үй-бүлөсү, турмуштагы орду тууралуу мегин басуу менен ачты. Андан кийинки макала “Ак жүрөк” ээсин тапты” деп аталып, Кыргызстандын бардык аймактарында кайрымдулук кылган кыз-жигиттерге айтылуу ишкер Аскар Салымбеков “Ак жүрөк” деп аталган сыйлыктарды тапшырганын, сыйлангандардын арасында элине 1млн. сомдон 11 млн. сомго чейин жардам көрсөткөн мыкты бизнесмендер бар экенин баяндады.

Жазайым Айдекованын макаласы “Театр өнүгүүнүн жолунда” деген ат менен тартууланды.