Гезиттер: Акаев менен Бакиев "жеңилдим" дечү

Курманбек Бакиев

Бейшембидеги кыргыз басылмаларында арбын козголгон тема Орусия менен Түркия чыры, ага карата Кыргызстан кандай позицияны тутунуш керек суроосунун тегерегинде болду.

“Общественный рейтинг” гезити бир катар эксперттерге “Москва менен Анкаранын ортосундагы чыр Кыргызстанга кандай таасирин тийгизет деп ойлойсуз” деген суроо менен кайрылды.

Эксперт Кубат Рахимов:- Геосаясат деген өтө татаал нерсе. Түркия Сириянын коңшусу болгон соң ал жердеги окуянын сыртында кала албастыгы белгилүү. Орусиянын Түркияга каршы санкциялары да баланын оюнчугу эмес.

Кыргызстандын алдында үч сценарий бар. Биринчиси - бул эки өлкөнүн чырына арачы түшүп, элдештирүүнү колуна алуу. Ал үчүн арачы өлкөнүн эки өлкөгө бирдей кадыр-баркы болуусу керек. Мындай кадыр-барк Алмазбек Шаршеновичте бар.

Экинчиси - абал оңолгуча күтө туруу керек. Үчүнчүсү - бул окуяларды пайдаланып, өлкөгө экономикалык пайда издеп көрүү керек, бирок муну терең анализдеп, бардык тарабын ойлонуп чыгуу керек.

Журналист Александр Никсдорф: Москва менен Анкаранын ортосундагы чыр узакка созулат деп ойлобойм. Батыштын санкцияларынан кийин Москва Түркияга кайрылып, газ агымын ошол жакка бурган. Экономикалык байланышы абдан күчтүү болчу. Баары бир эки өлкө кырдаалды оңдоого жол табат деп ойлойм. Ошондуктан Кыргызстан азырынча эч кандай аракеттерди жасабай турганы оң.

Публицист Александр Зеличенко: Биз кыйын абалда калдык. Эки тарап менен тең жакшыбыз. Андыктан бир жагын көздөй ооп кетүүгө да болбойт. Эч кандай ашыкча демилгенин, арачы түшүүнүн кереги жок. Күтүп тургандан өтөрү жок деп ойлойм,-деп жооп берди.

Ушул эле гезит Үркүндүн 100 жылдыгына карата Стратегиялык жагдайлар боюнча эксперттик борбордун мүчөсү Александр Собяниндин “Руху боюнча Кыргызстандын саясый элитасы улутчул, ал эми аскер башчылары интернационалчыл” деген аталыштагы көлөмдүү маегин жарыялады.

“ПолитКлиника” гезити кыргыздар тойго барса такай кошумчасын ала барарын, бирок балдарынын бала-бакчаларына акча төлөөгө келгенде кымбат деп, ызы-чуу саларын айткан өкмөт башчысы Темир Сариевдин сөзү менен жаңы санын ачып, бул боюнча атайын макала басты.

Экс-президент Роза Отунбаевага Римдин Капидолия аттуу салтанат сарайында “Тынчтык менен коопсуздукту сактоого, демократияга кошкон зор салымы жана саясый ишмердиги" үчүн “Минерва–2015” сыйлыгы ыйгарылды.

Аталган гезит саясатчылардын сүйлөп жаткандагы кыймыл-аракеттери эмнеден кабар берерин талдоого алган кызык мүнөздөмөнү тартуулады. Мисалы, Мадумаров сүйлөп жатканда оң колунун муштуму түйүлүп турарын, Адахан сүйлөгөндү мыкты билген менен сүйлөп жатканда өзүн-өзү башкара албастыгын, дайыма бирөөнүн сүйлөгөнүнөн кемчилик таап жана ага карата комментарий берүүнү көздөгөнү анын муштумунан көрүнүп турганын, депутат Өмүрбек Текебаевдин көп колдонгон жести сөөмөй кезеп сүйлөрүн, бул терс маанидеги жест болуп саналарын, “мен сага көрсөтөм, сен менин колума түшөрсүң” дегенди билдирерин, Акылбек Жапаров маек берер учурда же атайын жыйындарда колдорун бири-бирине кайчылаштырып алганы бул адамдын ачык эместигинен, дайыма жабык абалда болуп, бир нерседен чочулап, коркуп же сүйлөшкүсү келбей, журналисттер дагы кандай суроо берип жиберет деп коркуп турганынан кабар берерин, ал эми Бабанов ар кандай жесттерди колдонорун, сүйлөп жатканда баш бармагы жогору карап турарын, бул өзүнө өзгөчө ишенгендиктин белгиси экендигин, ошону менен берге колун жүрөк тушуна алып сүйлөрүн, бул элди ишендирүүгө кылган аракети болорун, ал эми АКШнын президент Барак Обама дайыма элге бир колун көтөрүп, алаканын көрсөтүп чыгып учурашарын, ал эми Курманбек Бакиев эл алдында дайыма эки колун көтөрүп учурашып чыкканын, бул деген “мен жеңилдим” дегенди билдирерин, баса Акаев да ушинтип эки колун көтөрүп чыгып келгенин бүгүнкү “ПолитКлиника” гезитине психолог Назира Исаева талдап берди.

“Азия ньюс” гезити Улуттук стратегиялык изилдөөлөр борборунун директору Талант Султановдун “Финансы рыногу тартипке салынмайынча доллар кескин көтөрүлүп, эл дүрбөлөңгө түшө берет” деген маегин басты.

Ошондой эле бул гезит ички иштер министри Мелис Турганбаевдин “Мен эл-жеримдин коопсуздугун сактаган жоокермин” деген үч беттен турган көлөмдүү маегин, “Манас ордо” коомунун төрагасы Анарбек Усупбаевдин “Таблиги жамаатка” Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан экстремисттик уюм катары тыюу салган. А бизде гүлдөп атат” деген маегин окурмандарга тартуу кылды.

Ушул эле гезит аркылуу генерал-майор Артур Медетбеков Кадыр Маликовго кол салуу мамлекетти коркутуу экендигин, булар жогору жактагы кишилеринин атайын тапшырмасы менен кол салганын, мындай окуялар дагы кайталанышы мүмкүндүгүн, локалдуу теракттарды жасашы ыктымалдыгын, ошондуктан кыргызстандыктар мындай окуялардан эч кандай коркпой, дүрбөлөңгө түшпөй, баарыбыз биригип сокку урушубуз керектигин белгиледи.