Бүгүн жарык көргөн "Барометр" гезити кыргыз тилин бузуп сүйлөгөн депутаттарды сындап жазды.
“Барометр” гезити бир топ сандарынан бери Жогорку Кеңештеги депутаттардын өз эне тилинин кадырын сыйлабай сүйлөгөн, ашмалтайы чыккан сөздөрүнөн шилтеме берип келатат. Парламенттеги депутаттардын мына ушул өңдүү өздөрүнөн бөлөк эч ким түшүнбөгөн сөздөрүн “Азаттыктын” угармандарына аталган гезит жарык көргөн сайын биз дагы уктуруп турууну чечтик. Балким айрымдарга сабак болор.
Депутат Роза Акназарова: – 8-пунктта жазылып турат да, эгерде юридические лица, имеющие государственую долю, долясы мамлекеттик үлүшү бар уставында капиталында мамлекеттик үлүшү бар мекемелердеги юридический лицаларды киргизип коюптурсуңар да, ошол туурабы же туура эмеспи?
Депутат Айнуру Алтыбаева:– Саясый партиялардын каржылоо маселеси бул пожертвование деген 30-беренедеги ар бир беренени мы так долго спорили внутри рабочей группы, я с вами согласна, что возможно.
Депутат Анарбек Калматов:– Айнуру Тойчиевна, мой вопрос касается 21-статьи.
Мына ушундай!
Гезит президент Алмазбек Атамбаев судьяларды тандоо боюнча кеңештин сунушуна макул болбостон, артка кайтарып бергенин кабарлады.
Аталган гезит “Уруучулуктун оң жана терс жактары” деген аталыш менен айрым жарандарга кайрылып: “Учурда кыргыздар уруучулуктун кайсы жагынан утуп же зыян тартып жатат? Уруучулук өлкөнүн өнүгүшүнө кандай таасир берет деп ойлойсуз? Уруучулдукка үндөгөн инсандар, коомдук уюмдар эмне себептен элдин колдоосуна ээ болбой жатат?”,- деген суроолорду койду.
Социалисттик Эмгектин Баатыры Корчубек Акназаров:– Кыргыз уруучулуктан зыяндан бөлөк эч пайда таппайт,–деп,
“Тагай бий ата” коомунун төрагасынын 1-орун басары Тургуналы Арипов:– Мен бир гана нерсени айтайын, жедигер уруусу кыргыздарда мурда болбогон. Былтыр жедигердин 16-19-кылымдардын аралыгындагы ата-бабаларын изилдеп, 5-6 инсанды тарыхка киргиздик. 40тан ашуун боз үй тигип, кыргыздын 40 уруусун биримдикке чакырдык. Ага мамлекеттен 1 тыйын кеткен жок. Быйыл 11-майда Шамалды-Сайда орто кылымдардын тарыхын тактоо үчүн илимий жыйын өткөрдүк. Тарыхты тактап, сүрүштүрүү менен уруулар кайсы бир деңгээлде бириге алды,–деп,
Акын Абдылда Карасартов:– Уруучулдукту ата-текти сүрүштүрүү жагынан колдонсок да, мамлекеттик иш үчүн колдонуу анча пайдалуу эмес. Уруучулуктун арымы тар. Уруу-урууга бөлүнүү жакшылыкка алып барбайт. Эгер качып кетпеген президенттер эмгиче турганда мамлекет бүтүндөй ошолордун уруусуна толук өтүп кетиши мүмкүн болчу. Ошондуктан мен эч качан муну колдобойм. Уруучулукка бөлүнүү алсыздыкка бет алуу, ал эми алсыздыкка бет алуу – мамлекет катары жоголууга бет алуу деген сөз. 19-кылымда чачылган кыргыздын уруу башчылары түндүк менен түштүктү, ал тургай өз аймактарындагы бир уруу менен экинчи урууну бир мамлекетке бириктире албай, биринин сөзүн бири укпай койгондо өз уруусун сактап калуу үчүн өз алдыларынча элчилерин жөнөтүп, жалынып-жалбарып, суранып отуруп Орусиянын этегине кирип тынчыганын тарых эске салып турат,–деп,
Аялдар конгрессинин президенти Замира Акбагышева:– Кыргыздар дал ушул уруучулуктан запкы тартып келе жатат. Кендирди кескен нерсе ушул. Уруучулдукту колдоо менен бийликке келгендер Кыргызстандын өнүгүшүнө эч пайда алып келбейт. Орустардын “Өз чочкоң жакшы коркулдайт” деген одоно макалы бар. Мисалы айыл өкмөтүн шайлап атканда элди ойлогон азаматтын ордуна “эмне болсо да өз балабыз келсин” деп шайлап алганыбыз ошол айылдын шоруна айланганын дагы эле моюнга албай келатабыз. Ошондуктан уруучулдар тарыхый инсандарга акча чогултуп марафон өткөрө бербей жалпы Кыргызстандын экономикасын көтөрүүнү ойлосо жакшы болор эле,–деп,
Жаштар кыймылынын лидери Мавлян Аскарбеков:– Мисалы, Чүй өрөөнүндөгү уруулар биригип, өз балдарыбызды коргойбуз деген мааниде ар кандай топторду уюштуруп, мамлекетти бөлүп-жарууга алып барып жатат. Бирок биз өз уруубузду, санжырабызды түшүнмөйүн мамлекетте туура эмес иштер жүрө берет. Курултай институтун колдоно берип ашмалтайын чыгарышты. Курултайга чогулгандар элдин көйгөйүн айтуунун ордуна Акаев менен Бакиевди жактаган сөздү сүйлөп чыгып анын тамтыгын чыгарды,–деп жооп берди.