Дубалдын да кулагы, көзү бар

Улуттук коопсуздук комитетинде интернеттеги жана телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү көзөмөлдөп турчу кымбат баалуу жабдыктар бар.
Кыйладан бери Улуттук коопсуздук комитети саясатчыларды аңдуу, компромат топтоо жана шантаж менен алектенип келатканы туурасында талаштар токтобой келет.

Учурунда өлкөдөгү кимдин болбосун телефонун тыңшап, электрондук кат алышууларын окуп, интернет аркылуу түз сүйлөшүүлөрүнө чейин байкоо салып турууга мүмкүндүк берчү жабдыктарды мурдагы президент Курманбек Бакиев тушунда алдыртышканы айтылган. Бир катар саясатчылар ошол жабдыктар бүгүн да саясий максаттарда колдонулуп жатканын айтып чыгышты.

Улуттук коопсуздук комитетинде интернеттеги жана телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү көзөмөлдөп турчу кымбат баалуу жабдыктар бар.

Жаныш Бакиев
Чукул иликтөө иш-чаралар системасы деп аталган мындай жабдыктарды мурдагы президент Курманбек Бакиевдин Күзөт кызматын башкарып турган бир тууган иниси Жаныш Бакиев 2008-2009-жылдары эле алдыртып келип, бардык интернет провайдерлерге, уюлдук компанияларга, “Кыргызтелекомго” орноткон.

Бул системанын башкы түйүнү коопсуздук комитетинде жайгашып, өлкө ичиндеги каалаган адамдын баскан-турганына чейин көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет. Керек учурда кимдин болбосун телефондон сүйлөшүүлөрүн, жазышууларын, интернеттеги баарлашууларына чейин аңдыса болот.

Аталган көзөмөл системасы 20 миллион долларга турганы айтылып келет. Мурдагы бийлик тушунда оппозициядагы саясатчылар бул система аркылуу аларды тыңшап отурушканын, Баш мыйзамда жазылган укуктары тебеленип атканын айтып келишкен. Ошол оппозициянын катарында жүрүп, азыр Улуттук коопсуздук комитетин жетектеп турган Кеңешбек Дүйшөбаевге да кудум ошондой дооматтар багышталып, бийликтеги бир катар күчтөр саясатчыларды аңдуу менен алек болуп отурушканы айтылууда.

“Интернет саясаттын жарандык демилгеси” коомдук фондунун жетекчиси Таттуу Мамбеталиева “Азаттыкка” билдиргендей, аталган көзөмөл системасы өлкөдөгү бардык телефон аркылуу байланыш түрлөрүн, электрондук каттарды, интернеттеги түзмө-түз сүйлөшчү чаттарды да көзөмөлдөй алат. Бир гана Skype аркылуу сүйлөшүүлөрдү көрө албайт:

- Бул система жөнөкөй жана уюлдук телефондон сүйлөшүүлөрдү тыңшоого, ошондой эле интернет колдонуучуларын ошол эле маалда аңдып турууга жол берет. Кирген, чыккан траффиктерди көзөмөлдөйт. Аталган системаны прокурордун уруксаты жок аңдуу иштеринде колдонууга мыйзам жол бербейт. Анткени муну менен баары-жогун, каалаган адамды тыңшай берсе, бардык интернет колдонуучуларды аңдыса болот. Бир гана Skype аркылуу жазышууларды көрө алышпайт. Skype менен ким жазышканы, качан жазышканы боюнча статистиканы гана көрсө болот. Бирок эмнелер тууралуу жазышканы көрүнбөйт.

Мыйзам боюнча мындай көзөмөлдөө системасы аркылуу бирөө-жарымдын сүйлөшүүлөрүн, жазышууларын аңдууга мүмкүнчүлүк берилген. Бирок аңдууну баштоого оор жана өтө оор кылмыш боюнча шектелген маалда, соттун уруксатынан кийин гана уруксат берилген.

Мамбеталиеванын айтымында, мындай системаларды бардык эле өлкөлөрдө, өзгөчө өнүккөн мамлекеттерде кеңири колдонушат. Бир гана кимди, кандай учурда тыңшоо керектигин көзөмөлдөй турган механизмдер ар кай өлкөдө ар кандай жолго коюлган.

Айрым өлкөлөрдө бийлик каалаган кишисин, саясий каршылаштарын тыңшай бере турган болсо, башкаларында аталган системаны саясий атаандаштарын аңдуу максатында колдонууга жол берилбейт.

Улуттук коопсуздук комитети жаздан бери талашка түшкөн бул система боюнча маалымат таратып, бир катар саясатчылардын, анын ичинде "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Равшан Жээнбековдун айыптоолору негизсиз экендигин билдирди. Маалыматка ылайык, коопсуздук комитети аталган көзөмөл системасынын жардамы менен бир катар террордук, экстремисттик топтордун мүчөлөрүн кармап, ар кандай террордук чабуулдарды алдын-ала токтотту.

Ал эми саясатчыларды тыңшоолор тууралуу айыптоолор, соттон уруксат алуу механизми болгондуктан негизсиз. Улуттук коопсуздук комитетинин маалымат кызматы билдиргендей, мыйзамсыз тыңшоолор боюнча Р.Жээнбеков эч кандай далилдерди жок, курулай айыптоодо.

Равшан Жээнбеков
Дал ушул көзөмөл системасына байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссиянын мүчөсү Равшан Жээнбеков болсо, Улуттук коопсуздук комитети саясатчыларды азыркыга чейин тыңшаары анык экендигин айтууда.

Жээнбековдун ырасташынча, каалаган адамды тыңшай берүү жөрөлгөсү Бакиев учурунда мыйзамдаштырылып, ошол схема бүгүн да сакталууда:

- Баш мыйзам боюнча биздин жеке сүйлөшүүлөрүбүз, каттарыбыз, электрондук почталарыбыз, жеке маалымат алмашууларыбыз гарантияга алынган. Бирок тилекке каршы бүгүн андай эмес. Эмне себептен? Себеби биздин атайын кызматтардын үстүнөн карап, ушул тыңдоочу аппараттарды колдонгон учурларын, процедураларын көзөмөлдөй турган эч кандай уюм жок.

Бүгүнкү күндө атайын кызмат каалаган адамды укса болот, каалаган адамдын кайсы жерде турганын тактаса болот, алардын электрондук почтасын каалаган убагында текшере алышат. Кыскасын айтканда, Кыргызстанга келген жана Кыргызстандан чыккан кайсы гана маалымат болбосун, интернетке же телефонго байланыштууларынын баарын толугу менен алууга мүмкүнчүлүгү бар.


Ошондой эле Р.Жээнбеков Улуттук коопсуздук комитети көрүнүктүү саясатчылардын телефонун тыңшоо сыяктуу иштерди жасап келатканын далилдөөгө аракет кылып атканын, аны далилдөө колунан келерин, бул маселе дагы көтөрүлөрүн кошумчалады.

Буга чейин Улуттук коопсуздук комитети Өмүрбек Текебаев, Акматбек Келдибеков, Өмүрбек Бабанов, Кубатбек Байболов сыяктуу саясатчыларды тыңшай турганы, көптөгөн саясатчыларга компроматтар топтолгону, аларды ыңгайы келгенде колдонуп жүрүшкөнү тууралуу маалыматтар тараган.

Былтыр жайда Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Азимбек Бекназаров менен Темир Сариевдин, Алмазбек Атамбаев менен Азимбек Бекназаровдун, Исхак Масалиев менен Үсөн Сыдыковдун сүйлөшүүлөрү интернетке чыгып кеткени, мыйзамсыз тыңшоолор бар экенинен кабар берери айтылган.

Эми бир катар саясатчылар андай аңдуу, тыңшоолорго чекит коюп, коопсуздук кызматкерлерин террорчулук сыяктуу иштерге багыттоо боюнча иш-чаралар керектигин, аталган мекемени түп-тамырынан реформалоо зарылдыгын айтышууда.