"Ордо-Сахна" Европаны тамшантты
Кечээ, 26-майда Швейцариянын Берн шаарында «Ордо-сахна» алгачкы концертин тартуулады.
Ага өлкөнүн булуң-бурчунда жашаган кыргыздар чогулушту. Женевада жашаган журналист Чолпон Орозобекованын билдиргенге караганда, Бернде жашаган швейцариялыктар иш-чарага кызыгып, зал толо эл отурду.
Эң оболу БУУдагы Кыргызстандын туруктуу өкүлү Данияр Мукашевге сөз берилип, ал кыргыз элинин улуттук көрөңгөсүнүн бийиктиги, көчмөн тарыхыбыздын бай мурастары, ошондой эле ушул күздө өтө турган «Дүйнөлүк Көчмөндөр оюну» тууралуу европалыктарга кенен айтып берип, аларды көрүп кетүүгө чакырды.
Европалыктар кыргыз элинин фольклордук музыкасына, ырларына, көчмөн маданиятына тамшанып, биздин таланттарга тура калып кол чабышты.
Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Данияр Мукашев менен "Ордо-Сахна" ансамблин түптөп, 17 жылдан бери жетектеп келаткан Чолпон Жапарова пикир алышууда.
Бул иш-чараны уюштурган "Business Professionals Network" уюмунун аткаруучу директору Ханс Вильхелм жана "Хантун" коллекциясынын дизайнери Гулжан Иреш.
Концертке келген көрүүчүлөр обон созгон таланттуу ырчы кызыбыз Гүлзада Рыскулованын үнүнүн бийиктигине, өзгөчө стилине таң беришти.
Иш-чараны баштан аяк КТРКнын маданият каналынын башчысы, таланттуу журналист Назира Аалы кызы алып барды.
Концерттен сырткары дизайнер Гүлжан Ирештин «Хантун» деп аталган улуттук кийимдер коллекциясы көрсөтүлүп, улуттук колоритте тартылган сүрөттөрдүн көргөзмөсү болду.