Түркиядагы түркүн өнөргө бай кыргыздар

Түркиядагы Кыргызстандын маданият күндөрү.

Түркияда ар кандай иштерди аркалап жүрүшкөн мигранттардын арасындагы кыргызстандык мугалимдердин, дарыгерлердин, мамлекеттик кызматкерлердин катарында акын, жазуучулар, сүрөтчүлөр, бийчи-ырчылар да кездешет.

Сүрөтчү Болотбек Мамбетов Түркиянын Анталия шаарында жашап эмгекгенине быйыл 20 жыл болот. Кесипкөй хореограф жана сүрөтчү Болотбек Түркияга көчүп келгенге чейин Кыргызстанда, Швейцарияда өзүнүн бий тобун жетектеген. Ал 2000-жылдары Түркияга үй-бүлөсү менен көчүп келип, сүрөтчүлүк кесиби менен акча таба баштаган. Учурда Анталия аймагында беш жылдыздуу мейманканалар менен атайын келишим түзүп, жай айларында буйрутма менен туристтердин сүрөттөрүн тартат. Бирок ал бардык башка эмгек мигранттары сыяктуу эле өз эл-жерин, ал жердеги чыгармачылык эркиндикти сагынат.

- Ким эле өз өлкөсүн таштап, башка өлкөгө мигрант болуп кеткенди кааласын? - деди ал. - Жакын дос, туугандардын бардыгы Кыргызстанда. Биз болсо балдардын татыктуу билим алышы үчүн ушул жерди байырлап калдык. Ал эми чыгармачыл кишинин бизнес кылып акча табышы өтө кыйын экен. Акчасын чогултуп топтой албай кыйналат. Мен балдарым жогорку билим алып келечекте элге жараган адам болуп чоңоюшса дейм.

Болот Мамбетовдун Түркиядагы сүрөт көргөзмөсү, 2017-жыл.

Болотбек Мамбетов жай айларында буюртма менен иштесе, кыш айларында өз өнөрканасында сүрөт тартат. Анын тарткан сүрөттөрү Түркияда жеке көргөзмөлөрдө коюлган. Болотбек эки жылдан бери өзү сыяктуу борбор азиялык сүрөтчүлөр менен Түркиянын ар түрдүү шаарларын кыдырып сүрөт тартуу долбоорун жетектейт.

Журналист Клара Кудайбергенова Анкара шаарында үй кызматтарында иштегенине бир жыл болгон. Кыргызстанда үй сатып алууну максат кылып жүрөт. Бирок бош убактысында журналисттик кесибине да кызмат кылып калат.

- Үй алганга насыя ала албай 2018-жылы Кыргызстандагы кесибимди токтотуп Анкарага иштегени келдим, - деп түшүндүрдү ал. - Эмдиги жылы кетем деп пландап турам. Бирок көнүп калган журналисттик кесибимди Түркияда да таштай албай, кээде иштеп жүрөм. Өзгөчө Түркиядагы мигранттардын түйшүгүн чагылдырган репортаждарды даярдап жүрөм. Байкасам жылдан жылга эле кыргыз мигранттары көбөйүп баратат. Ал да мени ойлонтпой койбойт. Андыктан даректүү фильм тартсамбы деп сценарий ойлонуштуруп жүрөм.

Клара Кудайбергенова. Анкара, 2019-жыл.

Клара ТҮРКСОЙ уюму менен кошо Түркиядагы маданий иш-чараларды чагылдырып, Кыргызстандагы телеканалдар менен иштешет.

Ал эми акын Чынара Сарбагышева Түркияда да калемин таштаган жок. Анын ырлары мекен, достук, туугандык мамилеге кусалык, сүйүү темалары менен байыды. Кымындайынан поэзия дүйнөсүнө аралашкан Чынаранын талантын Анталиядагы мекендештери колдоп, жылда бир канча жолу ыр кечелерин уюштуруп келишет. Акын жыл өткөн сайын Түркиядагы мигранттардын арасында маданиятка, маданият инсандарына кызыгуу артып жатканын айтты:

- Союз урагандан кийин чыгармачылык деле калып кетти. Баары ташталып, турмуш жолу башталды. Чыгармачылыктан алыстап кеткен учурлар болду. 20 жылдай ырларым жазылбай калды. Турмуштун агымы мени Түркияга алып келип, азыр үч жарым жылдан бери Анталияда эмгектенип жатам. Мен келген учурларда кыргызстандык мигранттар баарыбыз баш-отубуз менен жумушка кирип кетип, маданият же чыгармачылык дегенден алыс болчу. Азыр эми жыл өткөн сайын поэзияга, ырдаганга кызыккан мигранттардын катары калыңдап келатат.

Бексултан Алимбеков маданий иш-чарада. Анкара, 2018-жыл.

Анталиядагы «Айымдар коому» жана «Кыргыз эли коому» поэзия кечелерин уюштуруп, бул аймакта жашап эмгектенип жаткан акын-жазуучулар менене кыргызстандык мигранттарды жана жергиликтүүлөрдү жолуктурушат. Жаш ырчы Бексултан Алимбеков Түркияда дал ушул маданий иш-чараларды уюштуруу иштерин аркалайт.

- Негизги максат - түрк элине кыргыздардын маданиятын таанытуу, - дейт ырчы. - Түркияда Нооруз майрамы, Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы сыяктуу мааракелерде мигранттар менен чогуу уюштуруу иштерин жүргүзүп, маданиятыбызды даңазаладык десем болот. Өзүмдүн репертуарымда мурун мекенди сүйүү темаларына кайрылчу эмес экенмин, бирок чет өлкөдө жашап калгандан кийин ата-журтту сагынуу сезими күчөгөндүктөн мекенди сүйүү ырларын да ырдап жүрөм.

Түркияда расмий эсеп менен 30 миңден ашык кыргызстандык жашап иштейт. Алардын дээрлик көпчүлүгү үй кызматтарында, тейлөө жаатында иштегени менен арасында музыкалык ийримдерде, сүрөт галереяларында, скульптура ийримдеринде, консерваторияда иштеген мекендештер да бар.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.