"Ачылбаган каттын" артында катылган сыр

Мидин Алыбаев менен Алыкул Осмонов.

Мидин Алыбаев көпчүлүк окурмандарга куйкум сөздүү сатирик, кылдат лирик акын катары белгилүү. Бирок анын мыкты пьесалары менен аңгемелери андай ыкыбалга туш келбеди. Адабият таануучунун блогу.

Кыргыздын чыгаан сатириги Мидин Алыбаевдин (1917–1959) “Ачылбаган кат” аңгемеси анын кара сөз жаатындагы ийгилиги, кыргыз аңгемесинин мыкты үлгүлөрүнүн катарында турчу туундусу.

Ким билет, Мидин Алыбаев кара сөз жазууга кыйла убактысын сарптап, жалаң прозага ооп кетсе, балким, ал кыргыз адабиятындагы саналуу кара сөз чеберлеринин катарында турмак.

Кат кечигип келиптир

Окурмандарга жакшы белгилүү “Ачылбаган кат” аңгемеси 1941-жылы “Ленинчил жаш”, ага удаа “Советтик адабият жана искусство” (азыркы “Ала-Тоо”) журналына басылган.

Аңгеменин сюжети өз учуру үчүн кыйла эле жаңылык дегидей өзгөчөлүккө ээ. Чыгармада жаштардын турмушу, бирин-бири жактырган кыз-жигит ортосундагы сырт көзгө билинбеген татаал мамиле-катышы баяндалат. Курбу кыздардын экөө тең бир жигитти сүйүп, бирок ал сыр бойдон калат. “Ачылбаган катта” баяндалган сүйүү сезими аңгеменин сюжеттик коллизиясын түзөт.

Сатар менен Сабира, Керим менен Гүлайдын мамиле-катышы жүрө-жүрө экиге бөлүнүп, Гүлай Керимди сүйбөстүгүн билдирип, алоо сезими Сатарга гана арналарын билдирип, кат жазса анысы кайтып келет. Көрсө, эки курбунун сүйүүсүнө арзыган кайран жигит канмайданда курман болгон экен.

Ачылбай калган каты келип Гулай арманын кимге айтарын билбей отурса, Сабира келип, эки кыз күчүн ыйдан чыгарышат. Ошону менен Гүлайдын жашырын сыры жанындагыларга билинбей, “жабылуу аяк жабылуу бойдон” калат. Сезимтал кыздын ичтен сызып, ичтен күйгөн сүйүүсү антип ишке ашпай калгандан кийин уруштагы жактырган жигити Керимди күтпөй башка бирөөгө турмушка чыгып кетет.

Аңгеменин аягында баласын көтөрүп келаткан Гүлай көчөдө Керимге учурап, кичинекей уулу уруштан келген жигиттин орденин кармалап ойноп атышы менен чыгарма жыйынтыкталат.

Керим менен Гүлай, Сатар менен Сабира чогуу жүрүшкөн, сыр жашырбас достор кезинде баары өз-өз жайында, сүйүшкөн жаштардын ортосунда эч кандай табышмак жоктой көрүнгөн. Бирок да Гүлай кыздын ичинде достук, санаалаштык, курбулук деген мамиле-катыштан бийик турган, болгондо да жакын курбусунун жигитине көзү түшүп, сүйүү сезими от алып отурбайбы.

Мына ушул психологиялык жагдайды автор биртоп турмуштук эпизоддор аркылуу бекемдеп, конфликттин чечилишин ичтен даярдайт.

“Гүлай үйүнө барып укмуштуу ойлорго чөмүлдү. Анын көзүнө Керим менен Сатар биринен улам бири элестеп турду. “Менин эмне үчүн Керимден сүйүүм өчүп бара жатат. Ал кимден кем?.. Өңү-түсү эч бир жигиттен кем эмес, ал түгүл Сатардын өзүнөн да сулуулук кылат. Ак жүзү, кара көзү, жапысыраак бою, ар дайым ак көңүл мүнөзү, мына мына ушулар мени өзүнө тартып Керим ушул жорук, ушул кебетеси менен өзүн сүйгүзбөдүбү. Ырас, ал мурун сүйдү, бирок мен кийинчерээк аны өзүнөн да кыйын сүйүп кетпедимби. Мен качан аны түшүмдө көрбөй жатчу элем. Түшүмдө Керимди кучактап жатып, ойгонуп кетсем жаздыкты кучактап калганыма далай ирет күлчү элем го. Ошону да айтканым жок ээ?!”

Бирок мен сүйгүм келет

Жазуучу кыздын ичин буй кылып, сезимдерин удургуткан турмуштук окуялардын биртобун санап, эмнеликтен Гүлай элеп-желеп болгон ошол сулуу жигиттен акырындап алыстап, өзүн гүлдөн-гүлдү тандап конгон көпөлөккө салыштырып, жаңы келген сезиминен уялып, арасат калган учурларын санап өтөт.

“Бирок мен сүйгүм келет. Сүйгөндө да кадимкидей катуу сүйгүм келет”, - дейт Гүлай. Биринчи арзып тапкан жигитин ойлонуп отуруп экинчисине алмаштырышынын чоо-жайын сезимтал кыз бир гана учурга – Сатардын жупуну жүрүм-турумуна байланыштырат.

Эми ортодо чоң тоскоол турган. Гүлайдын сүйүүсүн Сатар кабыл алабы? Ал кабыл алган күндө да жандай көргөн жакын досу Сабира эмне дейт? Каалаган жигитин таштап, курбусунун жигитин тартып алууга киришкен кыздын аракетин ал кандай баалайт? Анан да Гүлай Сатарды сүйгөндүгүн билдирип кантип кат жазат? Ал катка Сатар ишенеби? Ушунун баары сезимтал кыздын санаасын санга, оюн онго бөлүп, катуу кабатырлыкка салат. Гүлайдын Сатарды сүйүп калганын Керим билсе кандай болот? Экөө достуктан кечип ийишпейби? Мунун баарын билип турганы менен Гүлай өзүнөн-өзү эзилип, алапайын таппай кетет.

“Айтор, акыры бир билер. Азыр чыдай турайынчы. Бирок көргөн сайын жүрөгүм эзилет. Ошону менен баскым келет. Сүйлөшкүм келет. Таң атыргым келет...”- деп Гүлай оюн бүтүргөнчөктү болбой ачык терезенин тушундагы теректин бутагына дир этип учуп келип чымчык сайрап жиберди. Ошондо таң куланөөк болуп атып, эрте ойгонгон чымчыктардын бири ушул чымчык эле. Жазгы таңдын урган муздак жели, төшөктө жаткан Гүлайдын жылаңач ийиндерин чыйрыктырып жибергенде, ал төшөгүн өйдө тартып жамынып, жел соккон бетин тосту да ар нерселерди дагы кичине ой ойлоп жатып, таң алдындагы таттуу уйкуга чөмүлдү. Сүйүү толкунунун күчтүүсү ай! Ушул толкунга минип алып, аны менен бирге жарышып, тиги жарга кагылышып жатып, таң атырды. Таңды ой менен, санаа менен атырды.”

Гүлайдын өзгөрүлүп кеткени досторунун баамынын сыртында калбай, Сатар менен Сабира Керим менен Гүлайга кантип жардам беришти билишпейт. Тек Сабира курбусу кез-кез үшкүрүп калганын айтуу менен чектелет. Кыздын эмнеликтен бир сырдуу болуп калышын билиш үчүн жаштар чогуу отуруш уюштурат. Төртөө жакшы каалоо-тилектерин айтышып, патефонду коюшуп бийлешет. Сатар алмашып бийлөөнү сунуштайт.

“Сатардын бул сөзүн укканда Гүлайдын бою дүр дей түштү да, чымырап кетти. Ал “Менин сүйгөнүмдү билип жүргөн экен ээ...” деп ичинен бир аз кымылдады да: “Жоок, кайдан билсин, жөн эле айтып койду го...” деп да ойлоду. Сатар аны менен бийлемек болуп кучактап, колун кармаганда анын колдору Гүлайга эң бөтөнчө назик, эң жылуу учурады. Сүйүнгөндүктөнбү? Же чын эле ошондойбу? Анын бийлегени Керимдин бийлегенинен сүйкүмдүү сезилди. Патефонго коюлган табактын күүсү бүткөндө Гүлайдын ындыны өчө түштү. Сатардан кыйылып туруп ажырады. Анткени Гүлай аны менен дагы кичине, дагы бир эле минут болсо да кучакташып бийлегиси келди эле. Бирок Гүлайдын бул оюн Сатар билбейт.”

Ыр, күлкү, тамаша менен коштолгон бул отуруш Гүлайга гана жакпайт. Отуруш Сабира менен Сатарга кызык, анткени ал экөө бирин-бири сүйөт. Керимге да кызык, ал да сүйгөнү Гүлай менен чогуу отурат. Гүлай ага күлүп, тамашасына тамаша менен жооп берип отурат. Бирок мунун баары муздак, жалган эле. “Гүлай үчүн бир гана кызык – ал Сатарды көрүп аны менен бет маңдай отурушу эле. Бирок Сатар менен Сабиранын алышып ойноп олтурушу анын жүрөгүн мыкчып, ичин өрттөп турду. Гүлай бир жагынан Сатардын жанынан чыккысы келбей, анын кебетесин, мүнөзүн, сонун сөздөрүн, тамашасын уккусу келип олтурса, экинчи жагынан ушул жерден качкысы, үйүндө ысык жаш менен бетин жууп солкулдап ыйлап жаткысы келип турду”.

Мына ушул эки ачакей сезим менен абалдын чечилишин согуш тездетип иет. Керим менен Сатар урушка аттанышат. Сатар менен Сабира согуш болбосо январь айында үйлөнүүнү ойлоп жүрүшкөн. Жигитинин аскерге чакырылышын угуп Сабира ыйлап калса, Гүлай узатууга гүл даярдап алганын Керим мактаныч менен досуна айтат.

Бирок экөө тең сүйгөн кыздарынын үч жылдык аскер мөөнөтү бүткөнчө күтөрүнө ишенишпейт. Тек сөз арасында Керим “эмне үчүндүр ал мага мурунку мүнөзүндөй сезилбейт. Же мүнөзүн ушундай кылып өзгөрттүбү. Сүйбөйт го деп ойлоюн десем такыр ишенээрлик иш эмес. Ал мени сүйөт. Сүйбөсө мени менен жүрөт беле, - деп Керим Сатардан жооп күткөндөй жалдырады.

- Албетте, сени ал сүйөт. Бирок эмнеликтен кийинки күндөрү экөөңдүн жүрүшүңөр өтө сейрек болуп кетти. Каталык сенден кетип жүрөбү. Же Гүлайданбы, ким билет. Деги, Кеке, бул кебетеңер менен, ушу аскерге жөнөө аркылуу гана ишиңерди бүтүрөсүңөр го дейм. Гүлай желмогуз сени үч жыл күтүп жүрө албас бекен!”

Сүйүүнүн аягына чыгуум керек

Сатар сүйгөн кызы үч жыл күтпөй башка күйөөгө кетишине деле каршы эмес. Кыз теңин тапса деген ойдо. Сатар менен Керим аскерге жөнөп жатышканда экөөнүн сүйгөн кыздары вокзалга келип аларды узатышат, а бирок эки кыз бир гана жигитке ыйлашып кала берди. Акыры сезим алоосуна туруштук бере албаган Гүлай сүйгөн жигитине кат жазууга батынат.

“Бир күн! Гүлай үйүндө олтуруп алып адатынча терең ойго чөмүлдү. «Кой, мен мынча сүйгөндөн кийин, ушул сүйүүнүн аягына чыгуум керек. Мен Сатардын колундагы жүрөгүмдү кайра өзүм алам же анын жүрөгү менин колумда болууга жетишүүм керек. Ырас, ал менин сүйгөнүмдү билбейт. Мурун ага билгизүүдөн уялчу элем, тартынчу элем. Азыр ачык айтууга убакыт жетти. Эгерде мен ушул максатыма жете албай калсам, Керимге да, Сатарга да тийбөөм керек. Алар билбеген эле неме менен турмуш курам» - деп ойлонуп олтуруп кат жазмак болду. Электрди күйгүзүп, столго жакын келип, тартмадан кагаз издемекчи болду эле, колуна Керим, Сабира, Сатар болуп түшкөн сүрөт кезикти. Ушул сүрөткө былтыр жайында түшүшкөн болуучу. Гүлайдын көзү дароо эле Сатарга кадалды. Көпкө чейин бетине кармап бирде күлүмсүрөп, бирде сумсаят. Ичинен алда канча шумдук ойлорду ойлойт...

Акырында калем сапты колуна алды да, актай дептердин барагына из түшүрө баштады. “

Эчен толгонуу, уйкусуз түндөрдөн кийин кыйналып-кысталып жазылган кат жеткиче Сатар майданда курман болуп, аскер бөлүгү катты ачпай ээсине кайтарып жиберет.

Чынчыл сүрөткер

Мидин Алыбаевдин аңгемеси жаралган мезгил кыргыз совет адабияты идеологиялык чакырык ураандардын күнү тууп, адабият партиялык үгүт-насааттын бир бөлүгү, уламдан-улам күчөп бараткан тап күрөшүнүн жалындуу жарчысы болчу.

Мидин Алыбаевдин 100 жылдыгына арналган иш-чара. Кыргыз улуттук китепканасы. 2017.

Мидин Алыбаев советтик идеологиялык жасалма калыптарга баш ийбей, баяндоонун башына жеке адамдын ой-санаа сезимдерин, жаңылып-жазууларын, эң негизгиси көркөм-психологиялык мотивдерди алып чыккан.

Анын адабияттагы ири ачылышка тете ушул жаңылыгы негедир адабиятчылардын баам сыртында калып, ага таланттуу акын, таасын лирик, ашыктык поэзиясынын чебери катары гана мамиле кылып, кара сөз жаатындагы батыл аракетине баа беришпеди.

Белгилүү адабиятчы Ишенбек Султаналиев - өмүрүн Мидин Алыбаевдин чыгармачылыгын изилдөөгө арнаган илимпоз.

Анын пикиринде, Мидин Алыбаевдин аңгемелеринде терең адеп-ыймандык маселелер козголгон.

- Мидин Алыбаев ушул бир аңгемеси аркылуу эле таланттуу прозаик, кара сөз чебери экенин далилдей алды. Бул учурунда окурмандардын колдон түшпөс чыгармасы болгон. Бул бар тарабы келишкен аңгемелердин бири. Аңгеменин көркөм баалуулугу ушу азыр да баасын кемите элек.

Адабиятчы, профессор Советбек Байгазиев Мидин Алыбаевдин чыгармачылык потенциалы толук ачылбай калган сүрөткер деген пикирде.

Өкүмзор-буйрукчул бийлик үлкөн таланттын оргуган көркөм дүйнөсүнүн толук ачылышына шарт түзө албай, кадам сайын кезикчү тоскоолдордун айынан анын биртоп убактысы чыгармачылыкка түк коошпогон ыбырсыган түйшүктөргөкеткен,- дейт Байгазиев.

- Алыбаевди 1958-жылы Москвада өткөн кыргыз адабияты менен өнөрүнүн декадасына да баргызбай коюшкан. Мидин ушул Бишкекте жалгыз калган. Мен деген акын-жазуучулар ал жакка кетишкен. Ал эми алардын эң таланттуусу, эң мыктысы Мидин декадага барбай четке сүрүлүп калган. Мына ушундай жагдайлар да анын көңүлүн чөгөргөн, анын өлүмү да табышмактуу, ушу күнгө чейин белгисиз.

Бул - алыска чуркай турган күлүк болчу. Укмуш поэзияны жаратмак. Тоталитардык-партиялык система Мидинди учурунда кысмакка алган. Ал киши Казакстанга кетип калган. Ичкиликке берилип кетишинин себеби да ушул болуш керек. Чынында, ал бааланган эмес.

Мидин Алыбаев. Бул ысым китепкөй журтка жакшы тааныш.

Анын чыгармалары мезгил тоскоолунан тартынбай өтүп, ушу азыр да эстетикалык жамалын жоготпой келе жатат. Айрыкча улуу сүрөткердин азил-тамашалары, айтылуу “адабий парады”, коомдогу терс көрүнүштөрдү жылаңач төөнү бучкакка чапкандай таасын чагылдырган тамашалары, курч сатирасы, назик лирикасы, алардан көркөмдүк асылдыгы жагынан кем калбаган аңгемелери улут адабиятынын кызык көрүнүшү катары экинчи өмүрүн улантууда.