Кыргызстанда кыргыз тилин өгөйлөбөйлү

“Өз агасын агалай албаган бирөөнүн агасын сагалайт”.

Кыргызстанда орус тилине расмий тил макамынын берилиши - келген конок үйдүн төрүн ээлеп алып, үй ээлерин каалагандай бийлеп жаткандай эле көрүнүш.

Мен көп тилдүүлүктү колдогондордун биримин, орус элин сыйлайм жана орус тилине зор урмат менен мамиле кылам. Орус тилинин кыргыз элинин илим-билимге жетип ар тараптан өнүгүп-өсүшүнө тийгизген таасири абдан үлкөн. Азыр деле биздин сырткы дүйнө менен карым-катнашыбызда көпүрөнүн милдетин аткарып келе жатат. Бирок "ушундай экен" деп эле орусча окунуп-чокунуп калуу туура эмес деп ойлойм.

Менин балдарым Сокулуктагы №2 мектепте кыргыз тилинде окушту. Балдарымды орус класстарына бербеген себебим - орусча окуган балдар мүнөзү жана жүрүм-туруму жагынан да орустарга окшоп калат.

Орус тилин орус класстардан окубай эле үйрөнүп алса да болот. Кыргыз балдардын кыргыз бойдон калышы үчүн алар үйдөн, бала бакчадан, мектептен жана окуу жайларынан кыргызча окуп, кыргызча тарбия алып, кичинекей кезинен кыргыз тилинин бал ширесин татып калышы керек. Кыргыздын баласы өз элинин үрп-адаттарын, салттарын, макал-лакаптарын, жомокторун, кыргыз элине гана мүнөздүү башка жактарын билбей калса жана кыргызча ой жүгүртүп, кыргызча кыялдана албаса, анда эмнеси кыргыз?

Жогоруда аталган мектептин кыргыз класстарында көбүнчө өлкөнүн ар кайсы аймактарынан жер которуп келген кыргыздардын балдары окушат. Жергиликтүүлөрдүн балдары көбүнчө орус класстарына барышат. Сокулук айылынын элинин санынын көбүн кыргыздар түзгөнү менен мектептерде кыргыз класстары жабылып калган учурлар да болгон. Мисалы, менин бир уулум 9-классты бүткөндө анын айрым классташтары жайкысын кесиптик окуу жайларына кетишет да райондук билим берүү бөлүмү менин уулум окуган кыргыз классты "бир окуучу жетпейт" деп жоюп салган. Муну кыргыз жеринде мамлекеттик кыргыз тилине болгон суук мамилеге тирүү мисал катары айтып жатам. Өзбектер менен тажиктерде мамлекеттик тилдеги класста беш эле окуучу болсо да ал классты эч качан жабышпайт. Мамлекеттик тилге урмат деп мына ушуну айтат. Ошентип иш жүзүндө кыргыз тили өз жеринде, өз үйүндө өлө өгөйлөнүп, бозоруп ыйлап турат.

Мамлекеттик тилди өнүктүрүш үчүн курулай кыйкырыктардын кереги жок. Болгону төмөндөгү иш-аракеттерди колго алуу керек деп ойлойм.

Бала бакчаларда балдардын улуттук өзгөчөлүгүнө карабай тарбиялоо иштери мамлекеттик тилде жүргүзүлүшү зарыл. Анткени кыргыз балдары да, башка улуттагы балдар да кыргыз тилинин бал ширесин кичинекейинен татып калышы керек. Бул максатка жетиш үчүн мен төмөнкүлөрдү сунуш кылаар элем:

1. Мектептерде, ЖОЖдордо ж.б. окуу жайларында мамлекеттик тилди окутуунун сапатын кескин көтөрүү керек.

2. Кыргызстандын бардык аймактарында маршруттук таксилерден баштап автобус-троллейбустарда, ал тургай самолёттордо ыр-музыка мамлекеттик тилде коюлушу керек;

3. Президенттин жарлыктары, Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамдар, өкмөттүн, министрликтердин, агенттиктердин бардык токтом-чечимдери мамлекеттик тилде гана кабыл алынышы же чыгарылышы керек;

4. Курултай, жыйын, чогулуш, семинар, тренинг сыяктуу иш-чаралар менен окуулар мамлекеттик тилде гана өтүлүшү керек;

5. Сот, прокуратура, ички иштер органдарында жана УКМКда кылмыш иштери боюнча сурак, тергөө жана ж.б. жараяндар мамлекеттик тилде өтүп, республиканын бардык жерлеринде иш кагаздары мамлекеттик тилде гана жүргүзүлүшү керек;

6. Жөнөкөй кызматтан баштап президентке чейинки кызматтардын бардыгына бара тургандарга милдеттүү түрдө мамлекеттик тилде жаза жана сүйлөй алышы керек деген талап коюлушу керек.

Ушундай болгон учурда гана мамлекеттик тил канат-куйругун кенен жая алат. Кыргыз тилин сактап калуу жана өнүктүрүү үчүн каражатты аябаш керек. Эгерде ушул максатка керек болчу болсо мен бир жылдык пенсиямды берүүгө даяр экенимди билдирем. Азыр жаштарды мындай коёлу, алардын ата-энелери деле "папалап, мамалап" калышкан. Ойлоп көргүлөчү, дагы 30-40 жылдан кийин тилибиздин абалы эмне болот?

Англис, орус, кытай, араб, түрк, немис ж.б. тилдерди деле тереңдетип окутууга чоң маани берүү зарыл. Себеби заман талабы ушундай болуп жатат. Иши кылып “өз агасын агалай албаган киши агасын сагалайт” дегендей болбой өз эне тилибизге абдан чоң урмат менен мамиле кылсак. Бул жерде эч кандай курулай саясаттын болушу мүмкүн эмес.

Мындан эки-үч жыл мурда Мамлекеттик тил күнү болгон бир окуяны айтып берейин. Мен Бишкекти көздөй бараткан бир маршруткага түштүм. Рулда отурган айдоочудан баштап анда отурган элдин баары кыргыздар болчу. Маршруттук такси токтогон жерден да ага жалаң кыргыздар түшүп жатышты. Тилекке каршы кыргызча сүйлөшсө бир балакет башталып кете тургансып “подвиньтесь”, "передайте", "остановите", "проходите" деп баары орусча сүйлөп жатышты. Муну көрүп турган мен: "Урматтуу улутташтар, бүгүн Кыргызстанда Мамлекеттик тил күнү майрамдалат. Келгиле, бүгүн бири-бирибиз менен кыргыз тилинде сүйлөшөлү" деп айттым. Алдыда отурган бир өзүмдүн эле улутташым мага олурая тиктеп: "Какое ваше дело, что мы на русском говорим?” деп күңк этти. Ошондо мен андан тил укканыма эмес, ошол кишинин улуттук урктан тайып кетип маңкурт болуп калганына кейидим. Оо, Жараткан, ошол кишиге окшогон маңкурттардан сактай көр!

СССРден бөлүнүп чыккан 15 союздук республиканын ичинен орус тили Беларус менен Кыргызстанда гана расмий тил макамына ээ. Казакстанда ага улут аралык баарлашуу тили деген макам берилген. Эмне үчүн гүржү, азери, армян, түркмөн, өзбек, тажик, украин, эстон, латыш, молдаван жана литвалыктар орус тилине биздегидей макамды беришкен эмес? Же бул элдер артта калган түркөйлөр, эч нерсени түшүнбөгөн кеңкелестерби? Албетте, жок. Болгону алар өз тилдерин абдан сүйүшөт жана дүйнөлөшүү доорунда өз тилдеринин унутулуп калышынан, тил унутулса ал тилде сүйлөгөн эл жоголот дегенден коркушат. Эмне, аларда орус тилине биздегидей расмий деген макам берилбей калганы үчүн Орусия алардан жүз үйүрүп кеттиби? Орус тилинен расмий тил макамын алып салуу өүбүздүн бейнамыстар менен кошоматчыларга гана жакпай калбаса, буга орус эли да, орус бийлиги да эч качан таарынбайт. Анткени алар эгемен Кыргызстандын өзөгү кыргыздар экенин билишет. Орусия дүйнөдө өзүнүн улуу державалык оюн ишке ашырыш үчүн ансыз эле Кыргызстанды өзүнөн алыстаткысы келбейт.

Биз сыяктуу түрк тилдүү Түркмөнстан, Азербайжан жана Өзбекстан кирилл жазуусунан латын жазуусуна өткөн. Коңшу Казакстанда да латын жазуусуна өтүүгө камылга көрүлүп жатат. Эмне үчүн коңшу өлкөлөрдө улутка, улуттук тилге байланыштуу батыл кадамдарга барышат да, биз эле курулай шыпшынып-шекшине беребиз? Же башкалардын баары илим-билимден, маданияттан артта калып, биз эле билимдүү, акылдуу болуп алга озуп кеткенбизби? Биз билген мааалыматтар боюнча учурда Орусияда 33 миллион калкы бар Өзбекстандан 2 миллион, 9 миллион калкы бар Тажикстандан 1 миллион эмгек мигранттары жүрөт. 6 миллиондон ашуун эл жашаган Кыргызстандан деле 1 миллионго чукул жаштар ал жакта иштеп, баары эле тил табышып, буюрган нандарын таап жеп жүрөт го. Түркия, Корея ж.б. өлкөлөргө иштегени кеткендер болсо “Төөгө жантак керек болсо моюнун созот” деген макалдагыдай ошол өлкөлөрдүн тилдерин үйрөнүп алышкан. Адам баласы керек болгон учурда каалаган тилин кыска эле убакта үйрөнө алат.

Урматтуу улутташтарым, келиңиздер, өз үйүбүз Кыргызстанда өз эне тилибизде сүйлөп, эне сүтү менен келген эне тилибизди урматтап-барктап, өзүбүздөн кийинки урпактарга телегейи тегиз бойдон өткөрүп берели. Эне тилибиздин кадырына биз өзүбүз жетпесек анын башкалар үчүн жарым тыйындык баасы жок. Бул жалгандан бай-кедейлигибизге, хан же карапайым экенибизге карабай баарыбыз өтөбүз. Биз дүйнөдөн өткөндө артыбызда үч эле байлыгыбыз калат. Алардын экөө баарыбызга орток кыргыз жери жана кыргыз тили. Үчүнчү байлыгыбыз биздин кыргыз деген атыбызды өчүрбөй артыбызда калчу уул-кыздарыбыз. Калган байлык-бийлигибиздин аты-жыты да калбайт. Демек, биз артыбызда кыргыз балдарды калтырып кетүүгө милдеттүүбүз. А кыргыз балдар кыргыз тилин таза билгенде гана кыргыз боло алышат.

Орус тилин расмий деген макамдан ажыратуу жөнүндө сөз болгондо эле жеп жаткан нанын азыр эле жулдуруп жиберчүдөй союлдарын колго ала айкырган кыргызбайлар өткөн аба-бабаларынын арбактарын нааразы кылып албаш үчүн кыргыз тилине каршы сөз айтууну токтотушу керек.

Абдил-Ахат КУРБАН уулу, журналист, саясат таанучу

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.