СОЛТОНБЕК ШАРШЕНОВ: «Кыргыз көркөм өнөрүнүн каймактары" менен бирге болдум

Солтонбек Шаршенов аты уламышка айланган биртоп өнөрпоздор менен чогуу иштешкен. Улуу муун Калык, Осмонкул, Алымкул төкмөлөрдүн таалимин алган, кыйла жылдар өнөр секисинде айтылуу куудул Асанкул Шаршенов менен чогуу оюн-тамаша койгон чыгармачыл инсан. Солтонкул аксакал менен кабарчыбыз Бекташ Шамшиев аңгемелешкен.
- Солтонбек аба, сиз кыргыз өнөрүнүн чыгаан, аты легендага айланып кеткен залкарлары менен иштешкен адамсыз. Азыркы заман өнөрү тууралуу эмне айта аласыз?

- Ар бир заманга жараша искусство өзгөрүлүп турабы, мага, маселен, азыркы искусство жакпайт. Неге десең, биз кыргыз искусствосунун каймагын көрүп калдык. Мурда искусствого кириштен мурун сенин үнүң кандай, диапозону кандай, кандай ырдай аласың – ушунун баарын текшерип туруп анан алышчу. Искусствого кириш кыйын болчу. Илгери Калыктын кетментөбөлүктөрдүн баары ырчы экенин айтканы бар эле. Азыр баары эле ырчы болуп кетишти.

- Солтонбек аба, ошо сиз айткан Калык, Осмонкул, Алымкулдар эч кандай билим албаган залкар таланттар болчу. Азыр деле эл арасында чыныгы таланттар бар.

- Туура, азыр деле эл арасында таланттар бар. Эл арасынан чыкчулар дагыле көп. Бирок, аларга азыр акчалуулар жол бербей келатышпайбы. Илгери мынабу Калык, Осмонкул Алымкулдар деле билим алышкан эмес. Бирок алар нукура таланттар болчу. Мына мен деле билим алган эмесмин. Азыр эл арасынан чыкчу таланттарды акчалуулар басып коюп жатышат. Телекөрсөтүү, реклама, баарын акчалуулар ээлеп алышкан. Чыгарышпайт. Биз эл арасындагы таланттарды жакшылап көтөрүп, аларды колдой албай жатпайбызбы. Кеп ушунда.

- Сизге дагы бир суроо. Чогуу иштешип калган залкар таланттардын чыгармачылыкка мамилеси кандай эле, эл сиздерди кандай кабыл алчу?

-1949-жылы филармонияда Калык, Осмонкул, Алымкулдар менен иштешип калдым. “Калык келатат” дегенде элдин баары чогулуп, чоң кубаныч менен тосуп алышчу. Мектеп окуучулары туу көтөрүп, керней-сурнайларды тартышып тосушчу. Колхоз жетекчилери өздөрү каршы алып, артисттерди абдан сыйлашчу. А кезде азыркыдай техника жок. Жөө-жалаңдап бир айылдан экинчи айылга кете берчүбүз. Анткен менен дайыма элдик сыйдын үстүндө болчубуз.

- Жөө-жалаңдап жүрчүбүз деп каласыз. Ошо жөө-жалаңдап жүргөн чактагы кызык окуялардан айтып бербейсизби?

- Базаркоргонго концерт койгону бардык. Ал жердеги элден “Ачыга чейин бул жерден канча километр”, деп сурасак “ой, жакын эле, аралыгы - сегиз таш” дешкен. Сегиз таш дегени 40 чакырым жер болот экен. Ошо кырк чакырым жолду жөө басып Ачыда концерт бергенбиз. Узак жолдо “кыйналдым-кысталдым, белим ооруду, басалбай калдым” деген жок болчу. Жөө-жалаңдап барган артисттерди элдин күтүп алып, узатканы укмуш болчу. Биз да чарчадык дебей элге оюн коюп, концерт бүткөндөн кийин ырдап берчүбүз.