«Күлкү кербенинин» кезектеги чыгарылышында Т. Чоротегиндин жаңы юмордук аңгемесин сунуштайбыз.
* * * * *
Бүгүн күнгө ишемби. Кечинде Жаңыбай байкем кыз узатууга чакырып, чоң той өткөргөн жатат.
Баса, анын ысымы таптакыр башка. Анын атын айтып эс-тутумуңуздагы нейронду көбөйтүп отурбайын, баары бир Мытысбек дегенди унутуп каласыз да!
Кийинки кездери бажы тармагында да жетекчиликте иштей калды, анан кайдан-жайдан экенин билбейм, ага тыйын агылып жатты, агылып жатты… Суук көз кишилердин ушак-айыңына караганда, ал бир кашкарлык жаңы соодагер досту таап, ага калка болуп жүрөт имиш!..
Ошентип, бул байкебиздин койлору асфальтта оттошсо да, элдикинен алда канча көп семирип, элдикинен төрт эсе көп төлдөп, байкалбастан четинен жылкы менен топозго да айлана башташты. Эми анын миңдей топозу, үйүр-үйүр жылкысы бар дешет.
Болгону ал колхоз жоюлган чактагы атасынан калган 12 эле койдон баштаган экен. Башкалар бул он эки койду эбин таап, 48 бөтөлкө аракка алмаштырышса, бул байкем токсонунчу жылдардын башында чычкак улак союп да, элди чакырчу эмес. Эми болсо тигинтип «жаңы бай» болуп чыга келди. Кадыры да өстү, баркы да жогорулады, ити да чөп жеп калды. Келим-кетими да өстү.
Өзүнө да Жаңыбай байке деп койсо, корстон боло калганын сезип, келиндери түгүл, бүт туугандарыбыз аны Мытысбектен ушул жаңы атка көчүргөнбүз.
Эми ал борбор шаардын четиндеги чоң тойканада кичүү кызын узатып жатпайбы! Шаардагылар эле эмес, алыскы тоолуу айылдагы туугандардан жана дос-тамырынан бери бул тойго катышабыз деп көчүп келишти.
Чөнтөк түпкүрүнө эптеп жашырып жүргөн 5,000 сомду алып барып, эл катары бербей, саал көбүрөөк салым кошоюн, байкебиздин көзүнө көрүнөйүн деп кыпылдап турсам, ошол таңкы чай (нанүштө) маалында аялым сурап калып жатпайбы!
–– Элден башкача салым кошом деп жөнсүз опурула берчү элең. Баягы адатыңды карматып, беш-алты миң сом бербестен, 2 миңдей эле бер. Ал деле жакшы акча. Менин сиңдимдин уулу сыркоолоп калыптыр, ооруканада жатат. Дары-дармегине жок дегенде 3 миң сомдой жардам кылалычы…
–– Э-э, байбиче! Дүйшөмбүдө акча болот, Кален досум «дүйшөмбү күнү айлык тийет, дароо карызыңды берем», деп айтып жаткан. Ошондон көбүрөөк эле акча берем, балдызга! –– деп кутулдум.
Анда да аялым сөз удулун жөн кетирбестен:
–– Кышкы ызгаарда терезеден суук кирип жатат. Мына бул терезелерди жылуулатчу жабыштыргыч желим көбүктөр бар дейт, ошолорду алсак болбойт беле!.. –– деп наалый күңкүлдөп калды.
–– Жасайбыз, байбиче, жасайбыз!..
Анан театр менен тойдо кийчү кычыраган кийимдерибизди кийинип, аялым болсо жасанып алып, алиги тойканага жөнөп калдык.
Чын эле тойкана асты кымгуут болду. Кийим илгич жайда чоң кезек пайда болду. Сырт кийимдерин чечип жаткан айрым депутат, министрлерге да көзүм чалдыкты.
Адатта туугандарыбыз бир короо болуп, ортого чыгып алып, анан 2-3 кишиге сөз берилип, анан алар куттук айткан соң, калгандарыбыз тизилип алып, конверттеги акчаларыбызды берет эмеспизби. Тим эле «кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты» болот да, калат!
Шашма жаным бул мүнөттөрдү эч күтпөдүм. Жаңыбай байкеге жубайым менен эртерээк келип учураштым да, конверт бермекке колумду чөнтөккө салдым.
Ал дароо менин колумду кармап токтотту да:
–– Эл көзүнчө эле берчи. Сага атайын сөз бердиртем! –– деди.
Чынында, ичимден кудуңдай түштүм.
Аялым ары жакка басып, Жаңыбайдын жубайы менен он чакты сүйлөмдүк учурашуу каадасын жасап жатканда, той ээси акырын мени чакырып алды.
–– Иним, сага чоң милдет тагып жатам! Ошону эл көзүнчө аткарып бер!..
–– Колуман келгенин жасайм, байке!
–– Сен эл көзүнчө мага ушул акчаны пакеттен четин чыгарып көрсөтүп, салтанаттуу түрдө бересиң. «Байке, өзүмдүн жана үй-бүлөмдүн атымдан бир «Лексустук» акча! Аз болсо да, көптөй көрүп алып коюңуз!» дейсиң. Бүгүнкү кызматың ошол!
–– Байке, мен 5 эле миң сом берем! Башка акчам жок!..
–– Ошол 5 миң сом өзүңдө эле калсын, менин айтканымды аткарып бер!
–– Коюңуз, аны деле алып койсоңуз! Берки тапшырмаңызды деле аткарайын! –– деп конвертимди анын чөнтөгүнө салууга ашыктым.
–– Жарайт, иним! Мына, бул акчаны алып, барсеткаңа салып ал! –– деп олчойгон кагаз пакетти мага сунду.
Оме-ей, ичиндей жык толо АКШ доллары! Мынчалык акчаны колго алып көрө элек болчумун, жалган айтсам, кудай урсун!
–– Аны бузбай туруп бер, иним! Четки кагаздары чын эле доллар, ичиндегилери жөн эле кагаздар! Бирок элге көргөзүп, анан жакшылап жарыялап туруп берсең! Үнү шаңкылдаган бирден-бир иним сенсиң!
Жаңыбай байкемдин керегине жарайт экенмин деп кудуңдап турдум. Анын арты эмне менен бүтөөрүнөн деле эч ишим болгон жок.
Анан тойдо биздин топко төртүнчү болуп сөз тийди. Бир-эки улуураак кишибиз айтыла жүргөн каалоосун айтып бүткөн соң, тамада атайын мени алдыга чакырып сөз берди. Жаңыбай байкем ага эскертип койгонун жаземдебестен түшүндүм.
–– Урматтуу байкем! Сиз –– элдик кишисиз. Элдин калкасысыз. Туугандарыбыздын тирегисиз. Дайыма туубуз болуп, ар көмөгүңүздү берип келесиз. Бардык дубандардагы эл сизди кадырлашат. Канча жыл болду, Ак Үйгө эшикти тээп эркин кирип бара аласыз! Көк Үй сизди урматтап тосуп турат! Эми ушул кызыбызды узатып жаткан куттуу тойдо Сиздин өзүңүздү да четте калтырбай, алдыда келе жаткан мааракеңизди куттуктап, өзүңүзгө да белек берүүгө уруксат кылыңыз! Менин үй-бүлөмдөн Сизге, урматтуу байкем, бир «Лексус» автоунаасы келчү акча! Бир «Лексус»!
«Маараке» сөзү оозумдан кантип чыгып кеткенин билбей да калдым. Анын кезектеги чоң мааракесине дагы эки жарым жыл бар болчу.
–– Туугандар! Бизден бир «Лексус»! Байкебизге «Лексус»! –– деп шардана кылып жаттым.
Калайык шатыра-шатман кол чаап жиберди.
Сыналгыдагы шоуда «бир мүнөттүк даңкка» жеткен кишидей, ары-бери карап, акчаны улам жогору кармап, улам шаңкылдап сүйлөп, анан гана барып алиги пакетти Жаңыбай агабыздын колтугуна кыстарып койдум.
Калган тост көтөрүүлөр быякта эле калды.
Ордубузга кайтканда да, эң алыстагы дасторкондо отургандар келип, колумду кысып: «Азаматсың! Берешен болсо сендей болсун!» деп улам тост көтөрүп жатышты. Эки-үч киши карызга акча сурап да үлгүрүштү. «Ойлонолук! Той өтсүнчү…» –– деп койдум.
Аялыма компоюп карайын десем, орду бош экен. «Дагы бир аялдар менен кужулдашып жатса керек, же болбосо жеңебиз өз дасторконуна чакырып алгандыр» деп ичимден жоруп койдум.
Той да бүттү.
Калайык четинен таркай баштаганда, Жаңыбай байкем мени далыга таптап, күлүп:
–– Эми тартынбастан, «Лексус» алам, декларация маалыматы жайында! Алкыш айтам, иним! –– деди.
Анын сырдуу сөзүнө анча маани бербестен, тойканадагы улам бир бурчка басып, аялымды издеп, эч таба албай койдум.
Эл кетсе да, тойканада айланчыктап жүргөнүмдү көрүп, Жаңыбай агабыз чыдабай бир жөкөрүнө айтты:
–– Инимди таксиге салып койчу, үйүнө жетип алсын. Акчасын өзүң төлө!
Ыракматымды айттым да, таксиге отуруп, үйгө жөнөдүм.
Келсем, үй караңгы.
Жарык күйгүзсөм, үстөлдө барак турат. Ага аялым бадырайтып жазып коюптур:
«Сааты келчү күн ушул тура! Кош, эми артымдан издеп келбе! Балдызыңа 3 миң сом аядың да, тиги чык татырбас жаманбай агаңа «Лексус» тартууладың. Ошол байкең эми сага башка катын алып берсин! Артымдан келчү болбо!..»
Мына, чоң тойдогу «бир мүнөттүк даңкым», ошентип, астын-үстүн болду да, калды!
Аялымдын артынан издеп чыгайын десем, капчыкта маршрутка таксиге жеткидей чака тыйын да калбаптыр. Акыркы акчага тойканада сүрөткө түшүп койгонумду эстедим.
Куру намыс ай!..
* * * * *