Өмүркулдун Кымбаты

Маркум Кымбат Акмолдоеванын сүрөтү. Көк-Жар. 22.7.2018.

Залкар кыргыз тарыхчысы Өмүркул Караевдин жесири, маркум Кымбат Акмолдоева апанын элесине арналган чакан эскерүү.

Жазмыш деген эч эскертпей келчү көрүнүш тура. Быйыл үчтүн айында (январда) эле “83 жаштын чайын иче баштадым” деп, балдарынын, неберелеринин кашында жаркылдап турган Кымбат эже теке айынын (июлдун) 20сында арабыздан түбөлүккө кош айтышып кете берди.

Кымбат Акмолдоева. Күлгүн кез.

Калайыктын көпчүлүгү маркум эжекенин өзүнө караганда, көбүнесе күйөөсү Өмүркул тууралуу мыкты кабардар болчу.

Өмүркул Караев (15.10.1930 — 18.09.2002) агай мурдагы Кеңеш доорунда кыргыздардын ичинен чыккан алгачкы заманбап чыгыш таануучу, арабист адис болгон.

Тарых илимдеринин доктору, профессор Өмүркул Караев кыргыз элинин келип чыгышы, этностук тарыхы, Энесай Кыргыз каганатынын жана Карахандар каганатынын жана башка борбордук азиялык мамлекеттердин тарыхы жаатында көөнөргүс эмгектер жараткан.

Өмүркул Караев 1952-58-жылдары Кыргызстандын Жаңы-Ноокат, Өзгөн, Аксуу райондорунда мугалимдик кылып, тарыхтан сабак берген. Демек, Өмүркул Кара уулу дароо эле илим чөйрөсүндө калган эмес; оболу бир нече жыл Ала-Тоонун ар кыл аймактарында агартуу тармагында иштеген.

Айрым өзгөндүк тургундардын айтымында, бул райондо иштеп жүрүп, Карахандар доорунан калган Өзгөн шаар чалдыбарын кезип, Өмүркул агай орто кылымдар тарыхын изилдөөнү самап калган көрүнөт. Албетте, Чүйдөгү Бурана жана Ак-Бешим шаар чалдыбарын да Өмүркул агай өз окуучулары менен чогуу далай жолу кезген чыгаар.

Ал Карахандар каганатынын саясий жана этностук тарыхы боюнча СССРде алгачкы атайын докторлук диссертацияны 1984-жылы Өзбекстан Илимдер академиясынын Абу Райхан Беруни атындагы Чыгыш таануу институтунда татыктуу коргогон.

Ө.Караевдин орто кылымдардагы мусулмандык тарыхый жазма булактар жаатындагы Маскөөдө 1963-жылы жактаган кандидаттык диссертациясы кийинчерээк монография болуп Бишкекте жарык көргөн (Караев, О. К. Арабские и персидские источники IX-XII вв. о киргизах и Киргизии: Автореферат дис. на соискание ученой степени кандидата исторических наук / Акад. наук СССР. Ин-т народов Азии. - Москва: [б. и.], 1963; Караев О. К. Арабские и персидские источники IX—XII вв. о киргизах и Киргизии. — Фрунзе: Илим, 1968.).

Көөнө тарых жаатында жалаң санжыра маалыматы менен гана “оозанып” жүргөн далай замандаштары үчүн бул булак таануучулук эмгек асманды жарган чагылгандай эле болгон.

Расмий тарыхнаамада Энесай Кыргыз тарыхы доору “жерилип” турган чакта, ал “Энесай Кыргыз каганатынын доору — жалпы кыргыз тарыхынын ажырагыс бир бөлүгү” деген илимий тыянагын ырааттуу коргогон бирден-бир тарыхчы болгон.

Леонид Кызласов деген маскөөлүк профессор “эзелтеден эле хакас эли бар болгон, кыргыздар чакан гана уруу болчу” деген тарыхты бурмалаган жобону жарыялаган чакта, 1960-70-жж. кыргыз айдыңдарынын ичинен тарыхый даректерге таянуу менен бул илимге жат жобону ишенимдүү четке кага алган бирден-бир алатоолук адис — Өмүркул агай болду (Караев O.K. К вопросу о терминах кыргыз и хакас // Народы Азии и Африки. — 1970. — № 4. — Б. 255—259; ж.б.).

Мына ушул залкар жана карапайым инсандын өмүрлүк жубайы Кымбат Акмолдоева эже болчу.

Кымбат Акмолдоева Кыргызстандын Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Социалчы айылында туулуп-өскөн. (Бул кыштак азыркы тапта Доктурбек Курманалиев атындагы айыл болуп аталып калды. Ыраматылык Догдурбек агайды да көрүп калдым. Ал билим берүү тармагында реформаларды колдогон, кийинчерээк эгемен Кыргызстанын Бажы кызматын түптөөгө салым кошкон. Айтмакчы, белгилүү ырчы жана обончу Бек Борбиев “Догдурбек Курманалиев... Бажы кызматынын аброюн бийиктетип кеткен” деп айтканын “Азаттыктан” эшиткен элек).

Айылдан чыккан карапайым инсандар деле шаарда бир нече жыл байырлап калган соң, бери дегенде эле тогуз муундан бери шаарда жашап келген "отурукташкан ак сөөктөрдүн" тукумундай мүнөз күтүп, ар кандай жагдайда текеберлене калып жүргөнүн далай көрдүк го.

Өмүркул агай менен Кымбат эжекебиз (далайыбыз үчүн апабыз жана чоң апабыз) өмүр бою өздөрүнүн жупунулугун калтырган жок.

Кыргыздын чыгаан уулу, тунгуч чыгыш таануучу, тайманбаган кыргыз таануучу профессор Өмүркул Караевге Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги наамын кой, мүчө-кабарчы наамы да буйрубай калгандыгы, албетте, академиянын өзүнүн эле шору го деп ойлойм.

Өмүркул Караев эч качан бюрократтарга жагалданып, бийлик бутактарынан өзүнө колдоо издечү эмес. Социализм доорундагы беш жылдыктардын тарыхы боюнча диссертация жазып, жеңил-желпи жактап алган далай кесиптештери тааныш-билишти салып, улам бир батирди алмаштырып жаткан чакта, Өмүркул агай “хрущёвдук доордо” салынган эски батирин кеңири, заманбап батирге айландыруу үчүн кымындай да аракет кылып койгон эмес.

Бир жолу, эгемендиктин алгачкы жылдарында, “Сиз бул батирди кеңейтүү маселеси тууралуу бишкектик бийликтерге профессор катары арыз жазып кайрылып көрбөйсүзбү?” деп сурап калсам: “Ушул батирим эле өзүмө жетет” — деп жарыктыктын жооп кайтарганы эсте.

Бул маселеде Кымбат эже да:

— Өмүркул агайың экөөбүзгө ушул үй жетет, — деп күйөөсүн колдоп чыккан.

Өмүркул Караев, жубайы Кымбат Акмолдоева жана кызы Динара. 1970-жылдар.

Маркум Кымбат Акмолдоева эжекебиз Бишкектин түштүк-чыгышындагы Көк-Жар кыштагында кыйла жылдар мугалим болуп иштеди. Ал эгемендик доорунда өзгөчө баш көтөргөн бул кыштакта орто мектептин директору, окуу бөлүмүнүн башчысы болуп да жүрдү. Кийинчерээк кыргыз тили жана адабияты боюнча мугалим болуп иштеп, ардагерликке чыкты.

Кээде Кымбат эжеке менен баарлашканымда. “Азаттык” үналгысы тууралуу да сөз баштаар эле. “Кыргызча таза, катасы жок, сөз байлыгын арбын колдонуп сүйлөгөн журналисттер топтолгон!” — деп ал “Азаттыктын” жамаатын алкап калаар эле.

“Ардагермин” деп жөн гана отуруп калбастан, коомдук турмушка сергек талдаган көз карашын арттырган, айдыңдык руху улам тереңдеген эжекенин өзү Өмүркул агай үчүн табылгыс жар экенин түшүнүп, аны абдан сыйлачумун.

Казактын чыгаан акыны Жубан Молдагалиев жазган ыр саптарындагы “”Сүйөм” деп айтпай сүйөт да, “Күйөм” деп айтпай күйөт да!” деп даңазаланган өмүрлүк жардын бир сыңарындай, мээримдүү Кымбат эжеке тарых дыйканы Өмүркул Караевдин жан шериги болду. Эжекебиз дасторкону да берекелүү, өзү да булутсуз асмандагы Күн сыяктуу жаркылдап турган инсан эле.

Агайыбыз менен эжекебиз Динара аттуу татынакай кыздуу болуп, аны өтө мээримдүү, мээнеткеч кылып алпечтеп тарбиялашты.

Күйөө баласы Шайлообек Эшпай уулу Курманалиев менен кызы Динара эки уулдуу (Медер, Эржан) жана кыздуу (Гүлайым) болушту. Шайлообек жогоруда биз учкай эскерген маркум Догдурбек Курманалиевдин өз иниси экенин жакында гана билдим. Айтор, Шайлообек кайын атасы менен кайын энесине өз баласындай эле ар дайым ызаат кылганын ыраазылык менен белгилей кетсек ашыкча болбос.

Чыгаан тарыхчы Өмүркул Караев жана жубайы Кымбат Акмолдоева неберелери менен. 2000-жж. башы.

Өмүр бою педагог катары кызмат кылып, ардагерликке чыккан Кымбат эжекебиз жээн неберелеринин жакшылыгын көрүп, сый-урматка бөлөнүп, Өмүркул агай иче албай калган чайды ичип, нускалуу карылыкты баштан кечирди.

Эми эмне айла кылабыз, шум ажал 84кө караган чагында Кымбат эжекебизди алып кетти.

Мен сырт жакта жүрүп топурак сала албасам да, Кымбат эжекени акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсүнө тарыхчы кесиптештерим Аскар Беделбаев, Муратбек Кожобеков, Темиркул Асанов, Рыскул Жолдошов, Замира Садырова, Айнагүл Жоошбекова,Тыныстан Арзыбаев, ж.б. барып, көз көрсөткөнүнө канааттандым. Булардын ичинен Муратбек, Темиркул, Рыскул, Замиралар бир кездери агайдын батасын алышкан илимпоздор.

Мукебиз (Муратбек Кожобеков) "сен үчүн да топурак салып койдум!" деп бир аз мурдараак маалымдады. (Айтмакчы, ал дагы илимий жетекчиси Өмүркул агайдын нугун улантып, Энесай Кыргыз каганатынын тарыхы боюнча кандидаттык диссертациясын жактаган илимпоз).

Өмүркул Караев агайдын өмүрү жана чыгармачыл мурасы тууралуу кандидаттык диссерация коргогон Гүлжамал Эсеналиева алыскы Нарындан көңүл айткан сөзүн жолдоду.

Атын жазбаган дагы бир замандашыбыз: “Барганымда ар дайым жаркылдаган, жайдары мүнөзү менен бар тамагын жайнатып тосуп алаар эле. Бейшинен берсин!” — деп интернет аркылуу Кымбат эжекени эскерген оюн жазды.

Өмүрлүк жолдошун түбөлүк жайына койгондо эле Кымбат эжеке “болочокто абышкамдын бейитинин жанына сөөгүмдү койгула”, — деп өтүнүп, көрүстөндөгү жер тилкесинен кестирип алган экен.

Мунун бардыгы символдук нерсе го, бирок өз өмүрүнүн акыркы көз ирмемдеринде “эми Өмүркулумдун жанына барам” деген ой дагы анын рухун жаркытып, жан дүйнөсүн каниет кылдырып бергендир.

Эскерүү жөрөлгөлөрү аркылуу маркум Кымбат эжекенин жана Өмүркул агайыбыздын жаркын элестерин мындан ары да жүрөгүбүздө сактай бермекчибиз.

Алардын урпактарынын азасын бөлүшөбүз жана мындан аркы турмушуна бакыбаттыкты, чексиз жакшылыктарды каалайбыз.