Баланын руханий жактан өсүп жетилишине эстетикалык дарстардын мааниси зор. “Билген адам жердин сулуулугун билими жок такыр көрбөгөн жерден көрө алат” деген орус жазуучусу К.Паустовский. Соңку жылдары Кыргызстандагы мектептерде музыка, сүрөт сабактарына такыр көңүл бурулбай калды. Абалдан кантип чыкса болот? Кыргыз билим берүү академиясынын эстетикалык сабактар лабораториясынын ага илимий кызматкери Дамир Акматов “Азаттык” менен ой бөлүшөт.
Дамир Акматов: Советтер Союзу таркагандан бери Кыргызстанда музыка, сүрөт сабактары боюнча мектептер үчүн бир да окуу китеби басыла элек. Казакстан, Өзбекстан, Орусиядан чыгып жаткан китептерди көрүп, ичиң күйөт. Бизде ал боюнча даяр китептер бар, бирок, кажаттын жоктугунан улам, чыкпай келет. Окуу китеп болбогондон кийин кандай билим берүү жөнүндө сөз кылабыз? Андан сырткары, жылдан жылга бул тармактарда окуу жайларга студенттерди кабыл алуу кыскарып баратат. Мектептерде эстетикалык предметтерге бөлүнчү сааттар азайды: жумасына болсо, бир жолу болот, болбосо – жок. Аптасына бир ирет өтүлгөн дарсты окуучу жети күндөн кийин кантип эсинде сактап калат? Жок дегенде, эки ирет өтүлсүн десек, ал да унутта калууда.
Төрөкул Дооров: Биз көбүнчө Европадан жана Азия мамлекеттеринен мисал алабыз. Аларда мектепте көркөм өнөр дарстарына кандай маани берилет?
Дамир Акматов: Мисалы, Жапонияда эстетикалык тарбия бере турган дарстарга биринчи кезекте көңүл бурушат. Аларда көркөм өнөр сабагы аптасына 12 ирет өтүлөт экен. Анткени бул - адамдын ички дүйнөсүн тарбиялай турган сабак. Ушуга багытталган тарбияга көңүл бөлсөк, бизде маданият эле эмес, экономикабыз да өсмөк. Бизде, тетирисинче, музыка, сүрөт сабактарына “экинчи сорттогу” дарс катары мамиле жасалып, эптемей эле окутулуп келатат.
Төрөкул Дооров: Дамир мырза, сиз өзүңүз жакшы билесиз, СССРдин тушунда мектептерде окутулуп келген “сүрөт” сабагы кийинчерээк, 1997-жылы, “көркөм өнөр” деп өзгөртүлдү. Элет жериндеги мектептерге көп эле барып калам. Ал жерлерде сүрөт сабагын адатта көркөм өнөрү боюнча билими деле жок башка мугалимдер кошумча дарс катары окутуп жүрүшөт. Деги өзү бул сабакты өтүш үчүн мугалимди кандай талаптар менен тандап алыш керек?
Дамир Акматов: Эсимде, 1985-жылы ар бир айылды кыдырып, кайсыл жаатта мугалимдер жетишпейт, пенсиядагы мугалимдер канча деп, кеңири иликтөө жүргүзүлгөн эле. Тилекке каршы, ал аягына чыкпай калды. Азыр биз ушундай алкактуу иликтөөгө муктажбыз. Өзүң айткандай, азыр бир эмес, бир нече сабакты өтпөй жаткан мектептер бар. Мектептерге барсаң, көпчүлүк эле мугалимдер – пенсионерлер. Жаш кадрлар мектепти дегеле аттагысы келбейт. Азыркыдай турмуштун шартында мугалимдин жарыбаган айлыгына кантип жашаса болот? Мойнунан байлаган иттей кылып, кимди айылдагы мектепке алып бара аласың? Андан көрө азыр ошол эле айылдан чыккан таланттуу жаштарды жеңилдетилген шартта окутуп, мектепке алуу зарыл. Ошондо биз аймактардагы кадр маселесин чече алабыз.
Педагогикалык окуу жайларыбыз такыр эле өңүттө калды. Балдар деле мугалимдер кандай жашап жатышканын көрүп жатышат да. Ушул кесипти алууга болобу-жокпу дегенди алар деле ойлонуп жатышат да. Абалды өзгөртүш үчүн мугалимдердин престижин көтөрүш керек да. Айлыгын жакшылап койсок, сабактын санына эмес, сапатына жараша бааласак гана мугалимдикке карата мамиле өзгөрөт. Бизде азыр эми абитуриенттер арасында юрист болуу, экономист болуу популярдуу болуп кеткени деле ошондон.
Төрөкул Дооров: Мисалы, биз жаштар менен сүйлөшө келгенде: “Мен келечекте юрист же экономист болом. Мага сүрөттү же музыканы окуп эмне кереги бар?” деп суроо коюшат. Сиздин пикириңизде, болочок экономистке музыканы окуунун кереги барбы?
Дамир Акматов: Албетте. Биз эң оболу адамдын ички дүйнөсү тууралуу сүйлөп жатабыз. Анын руханий дүйнөсү өнүкпөсө, ага коомдо жашоо кыйла оор болуп калат. Азыр кылмыштуулук өсүп жатат, оройлор көбөйдү, сый деген жоголду деп калабыз. Бирок мунун баары эмненин айынан болуп жатканын сураштырган адам жок. Ар бир куракка жараша балдардын өзгөчөлүктөрү болот. Мисалы, 1-2-класстагы окуучуларды байкасаңыз, алар - дүйнөсү таза, ачык адамдар. Аларды эмнеге үйрөтсөң, ошону айтат, ошону жасайт. Мына ушул таза дүйнөнү руханий кенч менен байытып, искусствого жакындатсак, ал келечекте кандай кесипти аркалабасын, ийгиликтүү адам болуп чыга келет.
Азыр биз жаштар бузулду, китеп окушпайт, музыкага кызыкпайт, жеңил-желпи ырларды угуп, баалуулугу жок тасмаларды көрөт деп кейийбиз, аларды урушабыз. Бирок ушунун баарына өзүбүз да жооптуу экенибизди унутуп коебуз. Убагында балдарыбызга китеп окуу, искусствону баалай билүү маданиятын үйрөтпөй, кийин аларды күнөөлөйбүз. Өзүбүз балага эч нерсе бербей, эч нерсеге үйрөтпөй туруп, аны күнөөлөгөн – акылга сыйбаган нерсе.
Төрөкул Дооров: Албетте, мунун баары - ар бир ата-эне өзүнчө ойлоно турган маселе. Бирок жалпы билим берүүчү окуу жайларында муну өзүнчө бир системага келтирүүнүн кандай жолдору бар?
Дамир Акматов: Биз мугалимдерге окуу программасын берип коебуз. Өзүң деле билсең керек, бул - тигил-бул теманы окутуу деген эле кичинекей документ. Биз буга комплекстүү карап, окуучуга окуу китебин, мугалимге методикалык усулдук беришибиз керек. Мектептерди көрсөтмө куралдар менен жабдыш зарыл. Ошондо гана биз алардан билимдин мыкты сапатын талап кыла алабыз. Азырынча расписаниеде сабактын атынан башка эч нерсе жок.
Балдарды жөн эле класска алып кирип алып, 45 мүнөткө эптеп кармап олтургандын оордуна сыртка чыгарып ойнотсок деле, алардын ден-соолугуна пайдалуураак болот. Бизде азыр акылга сыйбай турган жагдай түзүлдү: жасай турган жумуш көп, ошол эле учурда жумушсуз жүргөн жаштар да көп. Муну эми өйдө жакта отургандар акыл калчап, туура багытка салышса, жакшы болмок. Биз жаштардын жаштык курагын сыйлап, алардын потенциалын туура пайдалансак, биздин мамлекет гүлдөбөй, кайсыл мамлекет гүлдөйт?