Четтеги кыргыздардын Нооруз шаңы

Шотландия. Эдинбург шаарындагы кыргыздар уюштурган Нооруз. Ильяз шотландиялык Бен менен "Кара жоргону" бийлеп жатат. (Сүрөттү жиберген: Айнагүл Абдрахманова)

Мюнхен шаарында кыргыздар уюштурган Ноорузга келген секелектер. Маалыматтарга караганда, Германияда 4500дей кыргызстандык жашайт. 19-март, 2016-жыл (Сүрөттү тарткан: Санжар Эралиев)

Жапониянын Ниигата шаарындагы кыргыздардын майрамдык дасторкону, 21-март, 2016-жыл

Түштүк Кореянын Почон шаарындагы кыргыздар Ноорузду майрамдап атышат. 21-март, 2016-жыл (Сүрөттү жиберген: Медетбек Макенов)

Мюнхен шаарындагы Нооруз майрамында улуттук буюмдардын, кийимдердин чакан көргөзмөсү да уюштурулду. 19-март, 2016-жыл (Сүрөттү тарткан: Санжар Эралиев)

Орусиянын Хабаровск шаарындагы кыргыздар Ноорузду майрамдоо учурунда. 21-март, 2016-жыл (Сүрөттү тарткан: Айгерим Акылбекова)

Бишкектен келген ырчы Мээрим Карыпова мюнхендиктерди куттуктап ырдап жатат. 19-март, 2016-жыл.  (Сүрөттү тарткан: Санжар Эралиев)

Москва шаарындагы кыргыздардын маданий борбору Нооруздун урматына орус баш калаасында кыз-жигиттер ортосунда “Сармерден” өткөрдү. 20-март, 2016-жыл

Мюнхен шаарындагы Нооруз майрамына Бишкектен келген комузчулар. 19-январь, 2016-жыл. (Сүрөттү тарткан: Санжар Эралиев)

Шотландиянын Эдинбург шаарындагы кыргызстандык кыздар. 21-март, 2016-жыл (Сүрөттү жиберген: Айнагүл Абдрахманова)

Мюнхен шаарындагы майрамда уюштурулган көңүл көтөрүүчү оюн. 19-март, 2016-жыл. (Сүрөттү тарткан: Санжар Эралиев)

Түштүк Корея. Почон шаарында Ноорузда кыргыздар "Аркан тартмай" ойноп жатышат. 21-март, 2016-жыл. Маалыматтарга караганда, Түштүк Кореяда бейрасмий беш миңге чамалуу, расмий эки жарым миңдей кыргызстандык жашайт. (Сүрөттү жиберген: Медетбек Макенов)

Шотландия. Майрамдык кечени уюштургандар Рахат Жусупова жолдошу Кер Брукер экөө келген конокторду куттуктоодо. Эдинбург, 21-март, 2016-жыл (Сүрөттү жиберген: Айнагүл Абдрахманова)

Түштүк Корея. Почон шаарында кыргыздар Ноорузда күрөш уюштуруп, кызыкка батышты. (Сүрөттү жиберген: Медетбек Макенов) 

Мюнхен шаарындагы кыргыздардын Нооруз майрамына келген кыздар. 19-март, 2016-жыл. Маалыматтар боюнча Мюнхенде 300дөй кыргызстандык бар. (Сүрөттү тарткан: Санжар Эралиев)

Хабаровск шаарындагы кыргызстандыктар Ноорузду белгилеп жатышат. 21-март, 2016-жыл (Сүрөттү тарткан: Айгерим Акылбекова)