“Азаттыктын” окурманы, азилчи Нурланбек Калдыбаев "Окурмандын кат куржунуна" жана “Күлкү кербенине” жөнөткөн юмордук аңгеме кадимки эле көчөдөгү устундун тагдырына арналыптыр.
Мен устун (столба) болуп жаралганыма нааразымын...
Шаарда турганыма дагы.
Эмнеге дебейсиңерби? Эх-х, айта берсе арман көп...
Ооба, мен баарынан бийикмин, мен үстү жактан кыбыр эткендин баарын көрүп турам...
Эх-х, кыймылсыз, анан тилсиз болгонум кандай гана өкүнүчтүү... Болбосо силерге көп нерсени айтып бермекмин.
Мен негизи сым тартканга жаралганмын.
Бирок, акыркы жылдары турмушумда эмнелерди гана көрбөдүм. Кычыраган аязда да, куйкалаган аптапта да бир жерде какайып турганым турган....
Кеч кирди - бүттү, мен үчүн тозок башталат.
Күнүнө жок дегенде эки жолу өлөрчө ичип бутуна тура албай темтеңдеген алкаш мени сүзүп өтөт.
Сүзгөнү аз келгенсип :
- Эй, сен не мени түртүп атасың, кач жолдон, азыр чоң энеңди же таятаңды таанытып койом! - деп ашата сөккөнүчү...
(Тим эле мен токойдо жашаган Каражыгач, Кызыл карагай чоң аталарымды, же темир-бетон өндүрчү ишканадагы (ЖБИ) Бетон тагаларымды такыр билбеген сымал).
Жанымда эч ким жок калган мезгилде эки жаш түбүмө туруп алып кучакташып өбүшкөндө, тим эле кирээрге жер таппай калам...
Мынакей, шайлоо деген өнөктүк башталганы менин турмушум, чынын айтсам, абдан эле оорлоду...
Бетимден тамтык жок – баракчаларын чаптап салышат.
Бутум менен белиме эле эмес, мойнума чейин чапташчу болду.
Күнүнө эки-үч ирет алмаштырышат, бирөөсүнүкүн экинчиси жулуп салып.
Желим менен скотч деген балакеттерден аллергиям кармап, бүт денемди жара басты...
Адамдар байып, түстүү полиграфия дегени өнүккөндөн бери көчөнүн аркы бетинде турган кошунам экөөбүздүн ортобузга сым байлап, чоң сүрөттөрдү илишчү болду, баннерлеп.
Электр менен телефондун сымдарын керээлден кечке көтөрүп турганыбыз аз келгенсип, эми бакыйган саясатчыларды жомоктогудай сөздөрү менен кошо көтөрчү болдук...
Шамалдан белибиз ийилип онтолоп араң чыдайбыз...
Анысы аз келгенсип, тез-тез алмашып турганычы баннерлердин, тоюс бийликтегилердин...
Кыргызстандагы шамал устундарды кулата албаган менен бийликтегилерди тез-тез эле аңтарып түшчү болду.
Биз болсо илгери канча калың кар жааса да тура берчүбүз, а бийликтегилер сыдырым соккон желге туруштук бере албай калды го.
Кандай болсо да биздин жашообуз кыйындап калды...
Али алдыда дагы эмнелер күтүп турат, билбейм...
Шайлоо тезирээк бүтүп кетсе жакшы болот эле, бирок адамдардан угуп калдым, мунусу бүтсө дагы бир чоң шайлоо болот имиш - ажолукка ат салышмай...
Те-еги аман калсак, устундар баарыбыз чогулуп түлөө өткөзсөк бейм...
Нурланбек Калдыбаев,
“Азаттыктын” окурманы.