Түркия: чыдамкай келин болгон мекендештер

Иллюстрациялык сүрөт.

Былтыр 680 кыргызстандык аял Түркияда расмий никеге турган. Бирок бейрасмий маалыматтарга караганда жылына жүздөгөн кыргыз кыздар түрк жарандары менен турмуш жолуна аттанат.

Бир жаштан өткөн уулу менен жалгыз калган Мира (аты өзгөртүлдү - ред.) үч жыл мурда Анталияга келген. Дал ушул шаарда болочок күйөөсү менен таанышкан.

Кырк жашында уулдуу болгон Миранын үй-бүлөлүк бактысы көпкө созулган жок. Башында көзүнүн кареги менен тең айланган күйөөсү балалуу болгондон кийин өзгөрүп, кол көтөрө баштаган.

- Күйөөмдүн башка кыздар менен кат жазышып жатканын байкадым. Анталияга келген 20 жаштагы кыргыз кыз менен жүрүп алыптыр. Ушунун айынан үйдө чыр-чатак чыкты. Күйөөм мени сабап, баламды көтөрүп кетип калды. Мен кийин баламды издеп таптым. Азыр иштейин десем баламды караган киши жок. Күйөөм бир айда бир жолу 100 лира таштап кетет. Ал жеген тамагыбызга да жетпейт. Арманымды укканга тууган, досторуң жаныңда болсо жакшы экен. Бир жылдан ашык убакыттан бери үйдөн чыга элекмин.

Ыйлаган аялдар же нике келишим керекпи?

Ыйлаган аялдар же нике келишим керекпи?

Нике келишим - бул кепилдик тура. Эгер андай документ болгондо аялын буюмдай көрүп, тажаганда таштап салган эркектер саал да болсо сестенмек. Канча деген аялдар “балдарым менен кайда барам?” деп тиштенип, зордук-зомбулук көрсө да чыдап жашап жүрүшөт. Алар деле колунда ишенимдүү документ болсо, өзүнүн да, балдарынын да нервин аяп, жаман эркексиз эле өз оокатын кылмак.

Мира түрк жолдошу менен расмий ажыраша элек. Бирок ур-токмок жанына батканда Анталия шаардык полициясына кайрылып, жолдошун үй-бүлөдөн “четтетүү” чечимин чыгартып алган. Учурда Мира ыктыярдуу адвокаттардын жардамы менен укугун коргоого камданып жүргөнүн айтты.

- Күйөөм үйдөгү чогулткан акчамдын баарын көтөрүп кетиптир. Банкка салган акчадан да бир тыйын жок. Уулумдун бешик тоюнда келген алтындардын баарын сатып жиберген. Эми мындай адамдан эмнени күтсө болот? Тагдырыма баш ийгем, бирок уулумдун күнөөсү жок да. Богок менен ооруйт. Аны ооруканага алып барганга материалдык чамам чак келбей турат. Бирок мен иштерман, билимдүү аялмын, андыктан баламды өзүм чоңойтконго күчүм жетет. Болгону жакын адамдар жаныңда жок болсо депрессияга батат экенсиң.

"Тил билбеген келиндер кыйналат"

“Түрк психологдор коомунун” мүчөсү Татьяна Өгүтчү дал ушул улут аралык аралаш үй-бүлөлөрдү изилдеген адис. Ал жүздөгөн жубайларга психологиялык консультация берген.

Татьяна Өгүтчүнүн кардарлары негизинен КМШ өлкөлөрүнөн келип. түрк жарандарына турмушка чыккан кыз-келиндер. Ал Мира менен телефон аркылуу байланышып арманын уккан.

- Түркиядагы чет өлкөлүк келиндер - түрк тилинде эркин сүйлөй албаганы үчүн көп кыйналышат. Үй-бүлөдө чыр-чатак чыкканда аял менен күйөөсү көйгөйдү чечүүдө бири-бирин толук түшүнбөй кыйналат. Экинчиси - албетте маданият жана үрп-адаттардын айырмачылыгы. Негизи келгин кыз-келиндер өтө чыдамкай. Баарына көз жуумп жашай берет. Бирок маселе көбөйгөн сайын өзү дагы чүнчүй баштайт. Мага кайрылган ар бир үй-бүлөнүн маселесин өз алдынча талдайм. Алар чыр-чатак күчөп кете электе психологдон жардам алгандыктан ажырашууга чейин барышпайт. Андыктан мен айтаар элем, улут аралык никеде жашаган жарандар мамилелерин өзгөчө кылдаттык менен байкап, көйгөй көбөйүп кете электе адистерден консультация алышы керек.

32 жаштагы Чолпон түрк жаранына турмушка чыкканына быйыл алты жыл болду. Ири холдингдердин биринде экспорт бөлүмүндө иштеген келин бир кыздын энеси. Чолпон жолдошу менен бардык маселени чогуу чечкенге аракет кылат.

- Ар бир үйдө пикир келишпестик болот. Аны чече билиш керек деп ойлойм. Мени атам күйөөгө узап жатканда "Кызым, сен башка улутка турмушка чыгып жатасың. Кыз күйөөгө кеткенде көнгүчө кыйналат. Сен болсо башка эл, башка жерге кетип жатасың. Ошонун баарына чыдап жашап кете аласыңбы?" деген. Анда түшүнгөн эмесмин. Кийин үйлөнүп, Түркияга келип, турмушту көргөндө атамды түшүндүм. Атамдын ошол сөзү мага кайындарыма батып кетүүгө жардам берди деп ойлойм.

Чолпон түрк университетин бүтүрүп, түрк элинин менталитетин жакшы билсе дагы жаңы келин болуп келгенде көп кыйынчылыктар болгонун жашырган жок.

- Мен турмушка чыккандан кийин эки жыл үйдө отуруп калдым. Биринчи жылы көнөйүн дедим, экинчи жылы кызымды төрөп калдым. Үйдө отургандан кийин сырттагы бардык жумуштарды жолдошум бүтүрчү. Эч бир орой мамиле көргөн жокмун. Анан иштеп баштаганда абдан кыйналдым. Кесиптештер менен мамиле түзүп иштегенде кыйналдым. Чынында эле мага башка элдин кулк-мүнөзүн таанып билиш кыйынга турду. Эми болсо көнүп кеттим. Жолдошум ар дайым мени колдоп турат. Кыргызга деле тийип, жашай албай кеткендер бар да. Бул жубайлардын өз ара сый-урмат, сүйүү сезиминин күчтүүлүгүнө көз каранды деп ойлойм.

Жылына он миллиондон ашык турист келген Анталия аймагында эле 57 миңден ашык чет өлкөлүк туруктуу жашап, эмгектенет. Бул аймакта жергиликтүүлөр менен баш кошкон чет өлкөлүк кыз-келиндер дагы көп кездешет.

Энис Зияли

Адвокат Энис Зияли да Анталия шаарынын тургуну. Ал тажрыйбасында жүздөгөн ажырашуу жараяндарына катышып, улуттар аралык аралаш никелердин көйгөйлөрүн жакшы билет.

- Негизи менин оюмча чет өлкөлүк келин түрк келиндерге караганда чыдамкай болот. Турмуштун оош-кыйышына майышпайт. Аралаш улуттагы жубайлар каада-салт, үрп-адат жана улуттук аң-сезимдердин шайкеш келбегенинен кыйналат деп ойлойм. Кыргыз тили, дини менен түрк тили, дини окшош болсо деле жашоодогу көнүмүш адаттар айырмаланып турат. Буга чейин кыргыз кардарларым болгон жок. Көбүнесе орус тилдүү улуттардагы жарандардын соттук жараяндарына катышып жүрөм. Көбүнчө түрк эркектер аялдарынын көзүнө чөп салып ажырашат. Бирок ошол эле убакта чет өлкөдөн Түркияга келген кыздар улуу кишилер менен баш кошуп, кийин аларды таштап кеткен окуяларга күбө болдум. Түркиянын Жарандык кодексинин 161-166-беренелери дал ушул ойноштук күтүү маселесин карайт. Тажрыйбамда чет өлкөлүк келиндердин соттук жараянда утуп чыккандарын кезиктире элекмин.

2017-жылы Кыргызстандын Мамлекеттик каттоо кызматы 1141 кыргызстандык кыз чет өлкөлүк жарандарга турмушка чыкканын маалымдаган. Чет жакка турмушка чыккан кыргызстандык кыз-келиндердин басымдуу бөлүгү орусиялыктар менен никеге турган. Ал эми Түрк статистикалык комитетинин маалыматына ылайык 2017-жылы 680 кыргызстандык кыз-келин түрк жарандары менен расмий баш кошкон.

Түркиянын статистика комитетинин жалпы маалыматына ылайык, 2017-жылы өлкөдө 600 миңге жакын түгөй баш кошкон. Бирок бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу төрт пайызга аз. 2017-жылы Түркияда 21 миңге жакын чет өлкөлүк аял түрк жарандары менен расмий никеге турган. Алардын көбү Сирия, Азербайжан жана Германиядан келген кыз-келиндер болгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.