Кыргыз-тажик чек арасы: Жапаров маселе чечилерин айтты

Кыргыз-тажик чек арасы. 2021-жылы тартылган сүрөт.

Президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасын тактоого байланыштуу документтер "тоскоолдуктар болбосо жыл жаңырганга чейин Жогорку Кеңештин кароосуна коюлушу мүмкүндүгүн" билдирди. Азырынча Дүйшөмбү чек ара чечүүнүн жолдору тууралуу эч маалымат чыгара элек.

Кыргыз-тажик чек арасын тактоо менен алектенип жаткан тараптар соңку ирет 14-ноябрда Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында жолуккан жана келерки кездешүү Бишкекте өтөрү маалым болгон. Эки өлкөнүн чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырымды түзөт жана анын 300 чакырымдан ашыгы тактала элек. Соңку чек ара жаңжалдары куралдуу кагылышка айланып, ондогон адамдын өмүрү кыйылды.

17-ноябрда Садыр Жапаров парламентте кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу жагдайга учкай токтолду. Кыргыз- өзбек чек арасы боюнча мыйзам долбоору колдоо тапкандан кийин Тажикстан менен чек араны тактаган документтер жакын арада Жогорку Кеңешке жөнөтүлөрүн билдирди.

“Тоскоолдуктар болбосо жаңы жылга чейин бүтүрүп, алып келебиз деп жатабыз. Биз коңшу өлкөлөр менен ынтымакта, түбөлүк достукта жашашыбыз керек. Эч качан ок атылып, бир дагы жоокерибиз, жараныбыз каза болбошу керек. Биз биринчи кезекте ушуга басым жасашыбыз керек", - деди Жапаров.

Ал парламентте кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө тилкесине нейтралдуу, статус-кво берилип жатканын билдирди. Анда бул маселеге байланыштуу Жогорку Кеңештеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаровго кайрылып, тараптар мунаса тапкан жагдайды белгиледи. Анда Тажикстандан 20га жакын, Кыргызстан тараптан үч-төрт турак жай алынарын айткан.

“Сиз кол коюп жиберген (ред: Адахан Мадумаров) протокол боюнча "ал мыйзамсыз" деп айтып атасыз. Бирок тигил тарап барбайт экен. “Мына” деп эле көрсөтүп туруп алат экен. Бир нече жолу көрсөттү. Өткөндө Астанада да үч тараптуу жолугушууда "кол коюп берип эле аткарбайт" деп көрсөтүштү. Андан бери Камчыбек Кыдыршаевич эки жолу сүйлөшүп келди. Биз эми аны кайра кайтарып, нейтралдуу, статус-кво бердиртип атабыз. Андай болсо сеники да, меники да эмес болсун деп ушуга макул кылдык. Эгерде айнып кетпесе эле... Нейтралдуу аймак. Биз Лейлекке түз өтөбүз. Алар Ворухга түз кетет. Ортодо нейтралдуу зона болот".


Адахан Мадумаров 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турган кезде Ош - Баткен - Исфана жолун оңдоого жана көпүрө куруу үчүн 275 метр узундуктагы беш гектар жерди тажик тараптан 49 жылдык мөөнөткө ижарага алуу боюнча протоколго кол койгон. Депутат өзү ал документ юридикалык күчкө ээ эмес экенин кайталап келет.

Президент быйыл жыл башындагы маектеринин биринде, 2009-жылы Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси боюнча кол коюлган протоколду "чыккынчылык" деп атаган.

Баткенде чек ара чырларын иликтеп жүргөн мурдагы аким Хаиталы Айкыновдун пикиринде, президенттин соңку билдирүүсү боюнча маалыматтар аз.

"Президент "жакында парламентке документтерди алып келебиз" деп айтты. Бирок ушул жерде жашаган, бул маселени билген адамдарга муну түшүнүү бир аз кыйын болуп турат. Жалпы элибиз билгендей, өтө чоң кайгылуу окуялар болду. Каза тапкандар, үй-жайынан ажырагандар болду. Ошол жаңжалда жабыркагандардын бир тобу дагы деле үйүнө кайтып бара элек. Үйү бүтпөй, чатырда жашап жаткандар бар. Эгер чындап эле баары президент айткандай болуп калса, албетте, жакшы болот эле. Бирок ар бир нерсенин шарты болушу керек. Биздин ошондой шарттар тууралуу маалыматыбыз жок. Ошон үчүн бизге баары бүдөмүк болуп жатат. Кантип эле баары бир айда чечилип калат. Буга чейин Орусия ортомчу болуп бере аларын айткан. Балким ушундай кайсы бир күчтөр дагы таасир эткен болсо, анда ал жагын айтуу кыйын".

Чек арадагы соңку куралдуу кагылышуу быйыл 16-17-сентябрда катталды. Кан төгүлгөн бул окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Расмий Дүйшөмбү кайра Бишкекти күнөөлөгөн.

Кыргызстан куралдуу кагылышта бери дегенде 63 жаранынан айрылды. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын, 200 чукулу жаракат алганын билдирген. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып 80ден ашуун кишинин тизмесин жарыялаган. Бирок бул маалыматты расмий бийлик ырастаган да, төгүндөгөн да эмес.

Чек ара маселелерин иликтеп жүргөн жарандык активист Айкут Конушбай кыргыз-тажик чек арасын тактоо иштеринде ачык-айкындуулук болушу керектигине токтолду. Болбосо чек араны тактоодо кыргыз тарап утулуп жатат дегендей пикирлерге жол ачарын эскертти.

"Чек арага байланыштуу элдин пикирин укканда деле ал талаптар аткарылбай калабы деп ойлойм. Соңку чек арага байланыштуу чечимдер боюнча көп адамда суроо калды, нааразылар бар. Жашырганда эмне, бардык эле нерсе эртеби-кечпи ачыкка чыгып кетип жатпайбы. Алар жашырганы менен тажик тараптан малымат чыгып жатпайбы. Элдин нааразылыгы ушундан улам дагы жаралып жатат. Ошондуктан баарын ачык-айкын эле айтып койгон жакшы".

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча өкмөттөр аралык делегациянын соңку биргелешкен отуруму 14-ноябрда Дүйшөмбү шаарында өткөн. Ага эки өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитеттеринин төрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов катышкан. Жолугушууда протоколго кол коюлганы маалымдалганы менен анын мазмуну ачыкталган эмес.

18-ноябрда Камчыбек Ташиев "Регион" телеканалына берген маегинде чек ара тактоодо Тажикстандын бийлиги менен жемиштүү сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтты.

"Мен үч-төрт күн мурун өкмөттөр аралык комиссия менен чогуу барып, жолугушууга катышып келдим. Биз кайсы бир деңгээлде чечүүгө аракет кыла баштадык. Мурда биз жалаң тирешүү менен кепке келе албай келген болсок, азыр бир аз тил табыша баштадык. Бири-бирибизге чечиле турган жактарын көрсөтүп, мунасага келе баштадык. "Силер бул жерди алгыла, биз бул жерди алалы, силерге бул жер керек болсо, бизге анын ордуна бул жерди бергиле" деп, Тажикстан менен сүйлөшүп чечип атабыз. Протоколдорго кол коюлду, мамлекеттик макулдашууларды жүргүзүп ала турган болсок, аны парламентте кечээгидей кылып ийне-жибине чейин талкуулап, анан депутаттарыбыздын макулдугу менен кабыл алабыз. Президенттер кол коет, анан маселе чечилет", - деди Ташиев.

УКМК башчысы Тажикстандын борбор калаасында кол коюлган протоколдордун мазмунун ачыктаган жок. Ал жакынкы күндөрү Бишкекке Тажикстандан расмий делегация келерин билдирди.