Кыргыз спорту жалгыз эле күрөш эмес

Кыргызстанда алдыңкы он белгилүү спортчунун тизмесин түзө келгенде эрежесиз мушташ (ММА) менен күрөш балбандары башка спорттун түрлөрү боюнча спортчуларга орун бербейт. Ушундан улам өлкөдө ММА жана күрөштүн түрлөрүнөн башка спорт жоктой ой келет.

Ал эми спорттун бөлөк түрлөрүнөн Кыргызстан эл аралык ири мелдештерде чеке жылытарлык жыйынтыктарды көрсөтпөй жаткандыктан, өлкөдө кайсы спорттун түрлөрүнө түрткү жетпей жатканын талдадык.

Волейбол

Келечеги бар спорттордун катарына күрөш жана анын бардык түрлөрүн кошкон жокпуз. Ошол эле дзюдо, самбо, кыргыз күрөшү жана бел-боо күрөш өңдүү спорттун түрлөрү бул тизмеге кирбей калгандыктан, алдыңкы сапка волейболду ишеничтүү кошсо болот.

Волейбол акыркы беш жылдыкта өлкөдө сүйүүчүлөрдүн деңгээлинен профессионалдык деңгээлге көтөрүлүп келди. Кыргызстанда күчтүү волейбол мектептери жок болгону менен өзгөчө түштүк облустагы райондор жана тоолуу Нарын райондорунда волейбол сүймөнчүктөрү жакшы келечек пайдубалын түзүп беришти. Бул өрөөндөрдө волейбол жаштардан тартып, улуу муунга чейин байма-бай ойнолуп келгендиктен, өлкөдө туруктуу атаандаштык аны менен чогу бирдиктүү лигалар түзүлдү.

Волейбол боюнча Кыргызстандын курама командасы 2019-жылы Азиянын аймактык (борбордук зона) чемпиону болгон. 2017-жылдагы сүрөт.

Кыргызстандын волейбол федерациясынын вице-президенти Жеңиш Кызалаковдун айтымында, бүгүнкү күндө өлкөдө жалпы 13 лига түзүлгөн.

"Негизи бизде кыз-келиндер арасында, ардагерлер, студенттер, окуучулар, маданият кызматкерлер арасында деп, жалпы 13 лига бар. Ар биринин өзүнүн календарлык пландары бар. Маселен, 2016-жылы Энелер лигасы 6 команда менен башталган. Азыр болсо республика боюнча 90 команда бар жана бул дагы чек эмес".

Айтор, өлкөнүн волейбол лигасы жылдан жылга калың көрөрмандарды чогултуп, азыркы тапта Кыргызстандын курама командасы эл аралык беттештерде темир канат командага айланып келатат. Алсак, Эл аралык волейбол федерациясы 2018-жылы гана Кыргызстанды дүйнөлүк рейтингге кошту. Жалпы 176 команданын ичинен кыргыз курамасы 65-орунга жайгашкан.

Ушул жылдын август айындагы жылдык рейтингде Кыргызстан 57 упай менен 93-орунда келатат. Бирок бул рейтингге акыркы Өзбекстандагы зоналык Азия чемпионатынын жыйынтыгы кирбей калган. Анда Кыргызстан экинчи орунду алды.

Алдыда Иранда ушул эле чемпионаттын финалы өтмөкчү. Белгилей кетсек Кыргызстан тарыхта биринчи жолу зоналык Азия чемпионатынын финалына чыгып жатат. Бул турнирге жалпысынан алты мыкты өлкө катышмакчы.

Андыктан кийинки жылы Кыргызстан Эл аралык волейбол федерациясынын дүйнөлүк рейтингинде позициясын жагымдуу өсүшкө түздөй алат деп күтүлүүдө. Ал эми жергиликтүү волейболчулар жылдан жылга күчтөнүп, артында жаштардын лигасы жакшы жүрүш салып келе жатканын эске алсак, волейбол спорту келечекте жакшы көрсөткүчтөр менен Кыргызстанды кубантышы керек.

Оор атлетика

25 жаштагы Бакдөөлөт Расулбеков оор атлетика боюнча Кыргызстандын беш жолку чемпиону. Ал Токио Олимпиадасында 96 килограммга чейинки салмакта күч сынашты.

Волейбол командалык оюнга кирсе, индивидуалдуу спорттун түрүнөн оор атлетиканын чыйыр жол салып келе жатканы мактоого татыктуу. Тилекке каршы, оор атлетиканын союздан калган базасы чачырап жоголду. Жалпысынан бул спорттун түрүн эл аралык деңгээлге чыгарган саналуу гана машыктыруучу калды. Ошого карабай Азия турнирлеринде кыргызстандык оор атлетчилер медалдарга илинип жүрөт.

Атүгүл акыркы Токио Олимпиадасында мекендешибиз Бекдөөлөт Расулбеков байгелүү медалдан саналуу килограмм бөлүп калды. Ошол эле 2016-жылы Рио-де-Жанейродо өткөн оюндарда Изат Артыковдун үчүнчү орун алганы, кийин дисквалификациядан соң коло медаль каттоого алынбай калганы эсибизде. Бул аракеттердин бардыгы оор атлетиканын бүгүнкү күндө дүйнөлүк деңгээлде атаандаштык жаратуучу спорт экендигинен кабар берет.

Оор атлетика боюнча машыктыруучу Бакыт Абдыкеримов Кыргызстандын оор атлетчилеринин көрсөткүчтөрү өспүрүм жана жаштар арасында дүйнө державалары менен бирдей болуп, чоңдорго келгенде гана көрсөткүчтөр төмөндөп кетип жаткан себебин витаминизация жана фармакологиядан көрөт.

"Оор атлетикада спортчуну витаминдештирүү өтө чоң мааниге ээ. Спортчу машыгуудан кийин чарчаганда, аны калыбына келтирүүчү атайын витаминдер бар. Ошондой эле спорттук медицинанын аксашынан улам, чоңдордун көрсөткүчтөрү өспөй калып жатат. Ошол эле Кытай, Корея, Египет, Иранды байкасак алар спорт менен чогуу фармакологияны да ала жүрүшөт",-дейт Абдыкеримов.

Машыктыруучунун айтымында, буга чейин оор атлетика мектептери Токтогул, Талас жана Бишкекте гана болсо, акыркы жылдары өлкөнүн бардык облустарында ачылып, жаштар арасында кызыгуу күчөдү. Ошентсе дагы бул спортко калың катмарды тартуу үчүн мамлекеттин стимулу жетпей жатат.

"Азыр оор атлетикада акчалай сыйлык өтө аз болуп жатат. Байгелер чоң болгондо кызыгуу күчөмөк. Ошондой эле эл аралык деңгээлде эки-үч спортчубуз жакшы жыйынтык көрсөтсө, жаштарга да стимул болмок. Ага карабай азыр Бекдөөлөт Расулбековдун көрсөткүчү өлкөнүн тарыхы үчүн жакшы жетишкендик болуп жатат".

Оор атлетика боюнча эл аралык деңгээлдеги ири турнирлерди Кыргызстан кабыл алып, дүйнөлүк жылдыздар өлкөдө күч сынашканда кызыгуулар дагы артар эле. Анткени Бишкек 2013-жылдан бери Азия чемпионатын өткөрө элек.

Ал эми биздин кошуна өлкөлөр Казакстан, Өзбекстанда оор атлетика жакшы нукка түшкөн. Алсак, Казакстан бүгүнкү күндө дүйнөгө белгилүү атлеттерди чыгарса, Өзбекстан ушул жылдын декабрында Ташкентте дүйнө чемпионатын өткөрүүгө камынууда. Аалам чемпионатында кыргызстандык спортчулар дагы оор атлетикага жаңы стимул алып келерине үмүт чоң.

Футзал

Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курама командасы, 2018-жыл.

Өлкөдөгү динамикалуу өнүгүп жаткан спорттордун бири - футзал. Айрыкча, акыркы он жылдан бери Кыргызстандын бардык булуң бурчунда кичи футбол аянттарынын эбегейсиз көбөйүшүнүн артынан жоон топтогу футзал сүйүүчүлөрүн тарта алды.

Алгач футзал сүйүүчүлөрдөн башталган оюндардын аягы Супер лигага чейин оюнчуларды тарбиялап чыгууда. Натыйжада, 2021-жылы дүйнөлүк рейтингде Кыргызстандын футзал курама командасы 34-орунга чейин көтөрүлүп келди.

Бул дагы чек эмес экенин, рейтингде дагы жакшы мүмкүнчүлүккө жетсе болорун Кыргызстандын футзал боюнча курама команданын капитаны Улан Байгазы уулу кеп салды.

"Биздин балдар азыр Казакстан, Орусияга чейин легионер болуп ойноп жатышат. Мындай биздин тарыхта болгон эмес. Азыр жергиликтүү лигага башка өлкөлөр дагы тыкыр көңүл буруп калышты. Жакшы ойногон балдар чет өлкөнүн клубдары менен келишим түзүп кетип жатышат. Алсак Орусияда эки балабыз, Казакстанда үч оюнчу ойноп жүрөт".

Улан Байгазы уулу футзалды өнүктүрүү үчүн башка өлкөлөр менен тынымсыз оюн жүргүзүп, тажрыйбаны үзгүлтүксүз топтоо керек дейт.

Футзалга бүгүнкү күндө мамлекет тараптан дээрлик каражат бөлүнбөйт. Демөөрчүлөрдүн колдоосу менен кышын кынап келаткан бул спорт сүйүүчүлөрдүн аракети менен биргеликте жаңы ашууларды ашууда. Натыйжада, Кыргызстандын супер лигасындагы клубдар өз артынан калың көрөрмандарды тарта алышты.

Ноябрь жана декабрь айларында Кыргызстан курама командасынын Орусия жана Грузияда жолдоштук беттештери белгиленген. Бул оюндарга курама команда жаңы жаштар менен толукталмакчы. Улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Амиржан Муканов белгилегендей, жаштардын потенциалы жылдан жылга күчтүү, ошондон команда жыл сайын жаңыланып турат.

Футзал азыр Кыргызстандагы кызыгууну арттырган массалык спорттун бирине айланды.

Бокс

Азия чемпиону Азат Үсөналиев.

Пайдубалы бекем, өлкөнүн желегин эл аралык оюндарда желбирете турган спорттордун бири катары боксту эсептешет. Бирок, кийинки мезгилде бокска мамлекет тараптан каржынын бөлүнбөй калышы статистикалык көрсөткүчтө артка карай кетип баратат.

Мындан бир жума мурун Кааба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында өткөн Кыргызстандын чемпионатында өлкөнүн мыктылары аныкталды. Бирок 29-сентябрда Кыргызстандын бокс боюнча курама команданын машыктыруучулардын бардык курамы кызматтан кеткенин жар салышты. Буга ошол эле каржы маселеси мамлекет тараптан бөлүнбөй калганы себеп болууда.

Азыркы учурда бокс өлкөдө жыйынтык көрсөтпөй калган спорттордун катарына кошкон осол иш. Себеби, бокс мектептер жана базалар, тажрыйбалуу машыктыруучулар катардан четтей элек. Бирок Спорт агенттиги бул спортко далысынн салса, колдогу алтындын бардыгы агып кетмекчи.

Профессионалдар арасында бир нече жолку дүйнө чемпиону Орзубек Назаров азыркы бокстагы кырдаалды убактылуу көрүнүш катары баалайт.

"Азыр биздин спортчулар эл аралык деңгээлде мыкты сапаттарын көрсөтө албай жатат. Бирок мен анын баарын убактылуу деп эсептейт элем. Биздин спортчуларда мүнөз бар. Утулганыбызга өкүнбөшүбүз керек, утулмайынча жеңиш келбейт. Күнүгө иштеш керек, аракет керек, ошондо гана арты жеңиш болот".

Азырынча Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги спорттун бокс түрүнө кандай көңүл бура турганын айта элек. Ал эми Париждеги 2024-жылы боло турган Олимп оюндарынын убакыты башталганын эске алсак, боксчулар тынымсыз машыгууну, эл аралык турнирлерге катышууну башташы керек.

Алдыда үч жыл убакытта Азат Үсөналиев, Мирлан Түркбай уулу, Жантөрө Ташиев өңдүү спортчуларды гана күчтөбөстөн, жаш муунду да тарбияласа болот. Кечээ эле Казан шаарындагы КМШ оюндарында коло медалдарды багынткан Темирхан Данияров, Бектур Турдубаев, Кутман Амангелдиев өңдүү жаш спортчулар өлкөнүн бокс келечегине айланышмакчы.

Айтор, бокс Кыргызстандын спорт тармагында ар дайым өзүнүн бекем ордунда болуп келген. Эл аралык тажрыйба, чемпиондорду тынымсыз машыктыруу дагы деле өз жемишин бере бермекчи.

Бильярд

Бильярдчы Изатбек Ратбеков V Азия оюндарында. Түркмөнстандын Ашхабад шаары, 2017-жылдын 22-сентябры.

Өлкөдө келечеги бар спортторду талдай келгенде, көпчүлүгү сүйүүчүлөрдүн кызыгуусунан профессионалдык деңгээлге өткөнүн байкайбыз. Алардын ичинде бильярд спорту дагы жөнөкөй катмардагы элдин кызыгуусунан башталды. Азыркы тапта кыргызстандык бильярдчылар дүйнөлүк турнирлерге өз каражаты менен барышып, байгелерди багынтып жаткан кербези.

Каныбек Сагынбаевдин аркасынан агылган жөнөкөй бильярд сүйүүчүлөрү бүгүнкү күндө устатты ашып өтүп, Кыргызстанга караганда КМШ өлкөлөрүндөгү турнирлерге көп катышып жүрөт. Ал эми бильярд клубдагы жык жыйма сүйүүчүлөрдү эске алганда, бул спорт жоон топ армиясын чогултуп алганын ишеничтүү айтабыз.

Арсен Калыбек уулу, Азиз Мадаминов, Дастан Лепшаков, Ызат Ратбеков жана башка белгилүү бильярдчылар өлкөнүн атын кыйырга чейин таанытып, Кыргызстанды атаандаш катары көрсөткөн алдыңкы өлкөлөргө кошуп койгон. Ушундан улам бильярд спортун өлкө үчүн келечеги бар спорттордун бири деп айтсак болот.

Албетте, биз белгилеген спорттун түрлөрүнөн тышкары футбол, шахмат жана кыргыздын өзүнө таандык улуттук спорттун түрлөрү перспективдүү багыт катары саналат.

Бирок кайсы спортту мисалга албайлы, анын арты чоң каржылык чыгымдарды талап кылмакчы. Ошол эле учурда грек-рим жана эркин күрөшкө басымды коюп, башка спортко мамлекет далын салып туруп албашы керек. Балким, Олимпиадада биз издеген алтын медаль спорттун башка түрүндө жатпасын?..

Самат Жумакадыров

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.