Кыргыз президенттеринин кыйчалыш тагдыры

Ыңкылап сабактары, кандай каталар кечирилбейт?

Эки ыңкылапты башынан кечирген эгемен Кыргызстанды жалпысынан буга чейин төрт президент башкарды. Азыр бешинчиси бийликте. Булардын каталары сабак боло алабы? Келечекте Кыргызстандын президенти кандай каталарды кетирбеши керек?

Беш президенттин арасынан өткөөл президент гана мыйзамдык жазалардан оолак турат. Акыркы президент оор кылмыштарга шек саналып Кыргызстандын өзүндө камакта отурса, оор кылмыштарга айыпталган алгачкы жана экинчи президент чет өлкөлөрдө жашырынып жашоого аргасыз. Мындай акыбал үчүн мурдагы президенттердин ар бири өздөрү бийликке отургузган кийинкилерине күнөөнү оодарып келет.

Айрым талдоочулар кыргыз президенттеринин мындай акыбалда калышына алардын лидердик сапатынын жоктугу же аздыгы эле эмес, коомдук өнүгүүдөгү, элдин аң-сезиминдеги жана мыйзамдагы өксүктөр да себепкер деп эсептешет.

Аскар Акаев. Туңгуч президент

Аскар Акаев Кыргызстандын президенти катары биринчи жолу ант берүүдө. 1990жылдын 27-октябры.

Аскар Акаев бийликтин бийик сересине СССР урап, доор алмашып жаткан кезде чыгып, 2005-жылдын 24-мартында “Жоогазын ыңкылабында” кулады.

Физик-окумуштуу Аскар Акаев президенттик бийликке Михаил Горбачев башында турган расмий Москванын жана Чыңгыз Айтматовдун колдоосу менен күтүүсүздөн келгени айтылып да, жазылып да келет. Буга биринчи баскычта президенттикке талапкерлер Апсамат Масалиевдин, Апас Жумагуловдун, Жумгалбек Аманбаевдин жетиштүү добуш албай калышы, Чыңгыз Айтматовдун сунуштан баш тартышы себеп болгон.

Кезинде жаш окумуштуу, демократ атыккан туңгуч президент Кыргызстанды 14 жыл башкарды. Башкаруу саясатынын алгачкы жылдары мамлекет үчүн пайдалуу болду. Адатта сөз эркиндигин калыптоо, билимге умтулуу, жарандык коомдун активдешүүсү, кыргыздын улуттук валютасы – сомду киргизүү, дүйнөлүк соода уюмуна кирүү, көп партиялуулук саясаты, “Кыргызстанды демократиялык аралчага”, “Экинчи Швейцарияга” айландыруу аракеттери жемиштүү башкаруунун жыйынтыгы катары бааланып жүрөт.

Аскар Акаев (солдо) Өзбекстандын президенти Ислам Каримов жана Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен. Казакстан, 1993-жылдын 27-августу.

Маселен, саясатчы Темир Сариев “Акаев эгемен мамлекеттин түптөлүшүнө, тиешелүү мамлекеттик атрибуттардын кабыл алынышына, экономиканын рынок шартына салынышына эбегейсиз салым кошту” деп эсептейт.

Акаев СССР кулагандан кийин арабөк калган Кыргызстанды жаркын келечекке багыттай алдым деп ишенерин маал-маалы менен берген интервьюларынан байкоого болот.

Анткен менен Аскар Акаевге бийликтин берилиши - эгемен Кыргызстандын келечегине балта чапкан чоң жаңылыштык деп эсептегендер басымдуу экендигин 2005-жылдын 24-мартындагы “Жоогазын ыңкылабы” көрсөттү.

Албетте, Акаевдин кулашына кыргыз оппозициясы менен тил табыша албагандыгы, бийликке тажрыйбасы жок келгендиги, жумшактыгы, идеалисттик көз карашы себеп болду деген да пикирлер бар.

Орусиялык журналист Игорь Ротарь: Кулаган империянын согуштары: Путинден Горбачевго чейин (Войны распавшейся империи: от Путина к Горбачеву) деген китебинде:

“Кыргыз президенти элин дароо өзгөртө алган эмес: республикада кландык бөлүнүүчүлүк менен коррупция гүлдөп кеткен. Реалдуулукка туруштук бере албаган мурдагы окумуштуу бөтөлкөдөн арга издеген” деп жазган.

Бирок, кыргыз оппозициясы жана анын артында турган масса Акаевге бийликти менчиктеп, үй-бүлөлүк башкарууну орнотуп, мамлекетке кыянатчылык кылды деп күнөөлөгөн. Тынымсыз Конституциялык реформалар (беш жолку), референдумдар (эки жолку) жана алар аркылуу бийлигинин бекемделип жүрүп отурушу буга негиз болуп берди. Жубайы Майрам Акаеванын мамлекеттик ишмерлер арасында көмүскө таасиринин күчөшү, кызы Бермет, уулу Айдар баштаган жакын туугандары менен санаалаштарынын саясатка батыл аралаша башташы элде каршылык маанайды күчөттү.

Массанын көчөгө чыгышына Акаевдин чет өлкөлүк ишенимдүү кеңешчилеринин бири Бирштейн менен алтынга байланыштуу түзүлгөн шектүү келишими, Кумтөр, Үзөңгү-Кууш келишимдерине байланышкан чечимдери, ага каршы чыккан депутат Азимбек Бекназаровдун камалышы, кандуу Аксы окуясы, бийликтин басма сөз каражаттарына жапырт басымдары олуттуу себеп болду.

Аскар Акаев кызы Бермет Акаева (солдо) жана жубайы Майрам Акаева менен. Берлин, 2017-жылдын 9-декабры.

2005-жылдагы парламенттик шайлоодо Бермет Акаева жетектеген “Алга, Кыргызстан” партиясынын көпчүлүк мандатка ээ болушу, Курманбек Бакиев баштаган Бириккен элдик кыймылындагы, Роза Отунбаева баштаган “Ата журт” блогундагы таасирдүү оппозициялык саясатчылардын мандаттан куру жалак калышы элдик толкундоолорду күчөтүп, ал 24-мартта тунгуч президентти бийликтен кулатууга чейин жетти.

Аскар Акаев элди кууп, таркатканга аракет кылды, бирок ок аткан жок. Кийинчерээк үй-бүлөсү менен Орусияга баш калкалап кеткенин дагы дал ушул элди кагылыштардан сактап калуу максаты менен байланыштырды.

Москвага качып кеткени менен, жалгыз легитимдүү бийлик деп Жогорку Кеңешти эсептеген Аскар Акаев бийликти өткөргөнгө шашкан жок. Ал учурда постреволюциялык башаламандык, морадерчулук күчөп, оппозиция бийликти башкарууга укуксуз болуп, кулаган бийлик тушунда куралган Жогорку Кеңеш алапайын таппай, Кыргызстандын эл аралык коомчулук алдындагы абалы туңгуюкка кептелип турган.

Иштеп жаткан Баш мыйзамга ылайык президент өзүнүн мөөнөтүнөн мурда отставкага кетерин парламенттин сессиясында жарыялашы керек болчу. Акаевдин жагдайында Жогорку Кеңеш президенттин расмий кол коюлган арызынын негизинде гана чечим кабыл алууга укуктуу. Ушундай жагдайда Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев баштаган депутаттык комиссия (Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Каныбек Иманалиев, Кубанычбек Жумалиев, Ташкул Керексизов ж.б.) узак сүйлөшүүлөрдөн кийин Москвага барып, Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин имаратында Аскар Акаевдин кызматтан өз каалоосу менен кетүү тууралуу арызын жаздырып, эл аралык нормалардын сакталышы тууралуу протоколду кабыл алып кайткан.

Бул кадам оппозициядагы Бириккен элдик кыймылдын башчысы Курманбек Бакиевдин Кыргызстанды расмий башкаруусуна, кезексиз президенттик шайлоо өткөрүүгө укук берген.

Ал кезде Аскар Акаев жана анын үй-бүлөсүнүн алдында аларга карата козголгон кылмыш иштердин айланасында узак мөөнөттүү териштирүүлөр, уулу Айдар Акаевди, күйөө баласы Адил Тойгонбаевди жазалоо тууралуу өкүмдөр, Майрам Акаевага “Мээрим” фондунун иши боюнча жаңы териштирүүлөр күтүп турган. Андан бери үч жолу бийлик алмашканы менен Акаевдердин кылмыш иштерине байланышкан териштирүүлөр уланууда. Аскар Акаев өзү 15 жылдан бери Кыргызстанга каттоого моралдык укук ала албай келатат.

Курманбек Бакиев. Кандуу жылдар

Курманбек Бакиев Бишкектеги митинг учурунда. 2005-жылдын 24-марты.

Аскар Акаевдин өз каалоосу менен кызматтан кеткендиги тууралуу Москвада отуруп жазган арызын Жогорку Кеңеш апрель айында мыйзамдаштырып бергенден кийин Курманбек Бакиев адегенде убактылуу өкмөт башчы, июль айында президент болуп шайланды. Бакиев Акаев сүрөгөн кадрларынан болгон. Өкмөт башчылыкка 2000-жылы дайындап, 2002-жылы элге каршы ок атылган Аксы окуясы боюнча Коопсуздук кеңешинин жыйынында сынга кабылып, отставкага кеткен. Акаев менен мамилеси да ушул учурда бузулган. Октябрь айында Жогорку Кеңешке бир мандаттуу округдан депутат болуп шайланып, 2004-жылы Акаевдин саясатына каршы түзүлгөн Бириккен элдик кыймылдын лидери болуп калган.

Акаевге каршы күчтөрдү бириктирген бул кыймылдын башында таасирдүү саясий идеологдордун бири, кийин Бакиевдин администрациясын башкарган Үсөн Сыдыков жана Аксы окуясынын баш каарманы Азимбек Бекназаров турган. Бакиев бийликке келгенден кийин миссиясын өтөп бүттү деген негиз менен кыймылды таратууну сунуштап, лидерликтен баш тарткан.

Бакиев мамлекетти үй-бүлөлүк башкаруудан арылтуунун жолун Баш мыйзамды реформалоодон көргөн. Конституциялык жаңы реформа эки жылга созулуп, 2007-жылдын 21-октябрында элдик референдум аркылуу кабыл алынган.

Курманбек Бакиевдин бийлиги тушунда Кыргызстандагы экономикалык абалдын туруктуулугу жана өсүшү анын жетишкендиги катары бааланып жүрөт. Муну укук коргоочу Азиза Абдирасулова белгилегендей “айлыктардын убагында төлөнүп, милициянын, дарыгерлердин айлыгы көтөрүлүп, турак жайлары курулуп, пенсия-пособиеге акча жылына эки ирет кошулушу” өңдүү көрсөткүчтөр менен негиздесе болот. Албетте, Сапар Орозбаков өңдүү экономист-талдоочулар экономикалык өсүштү “Бакиевдин экономиканы кыйын билип, башкарганынан эмес, мунайдын баасы өсүп, Орусия аркылуу инвестициянын көбөйүшүнөн” деп жүрүшөт.

Кандай болгондо да Акаевдин каталарын кайталабайм деген ант менен тактыга отурган Курманбек Бакиев эки жолу шайланган, бирок күч менен кулатылган экинчи президент болду. Артында мамлекеттик башкарууну үй-бүлөлүк башкарууга айырбаштаган, кылмыш чөйрөсү менен коюн-колтук алышкан, март ыңкылабынын жеңиштерин уурдаган, кан төккөн президент деген жаманатты калды.

Буга биринчи кезекте Бакиевдин март ыңкылабы аркылуу бийликке жеткирген саясий санаалаштарын оолактатып, эки тизгин бир чылбырды балдарына, бир туугандарына оодаргандыгы себеп болгон. Коомчулуктун сынына Бакиев парламент трибунасында жооп берип жатып, “бир туугандарымды эми Айга учуруп ийемби?” дегени алигиче ылакап болуп келатат.

Бакиевдин үй-бүлө мүчөлөрүн бийликке аралаштыруу аракети президент болуп шайлангандан кийинки учурга туш келет. Адегенде президенттик шайлоодогу тандемге ылайык өкмөттү башкарып калган Феликс Куловдун сунушу аркылуу улуу баласы Маратты Коопсуздук кызматынын төрага орун басарлыгына дайындаган.

Негизгиси - Бакиевдин иниси Жаныш менен уулу Максим Кыргызстандагы эң таасирдүү фигураларга айланганы. Адегенде Коопсуздук комитетинин төрага орун басары, андан кийин мамлекеттик күзөт кызматынын башчысы болуп турган Жаныш Бакиев, Кыргызстанды өнүктүрүү фондун, андан кийин жаңы түзүлгөн ЦАРИИни башкарып калган Максим Бакиев эбегейсиз бийлик укуктарына ээ болгон. Курманбек Бакиев бийликтен кулатылгандан кийин Максим ири суммадагы акча каражаттарын мыйзамсыз пайдалануу, тышка чыгарып кетүү, чайкоочулук өңдүү аракеттери боюнча узак мөөнөттүү соттук жараяндар эл аралык териштирүүгө чейин жеткен.

Расмий бийлик ээси Курманбек Бакиевге таасир этүү жагынан Жаныш менен Максимдин ортосундагы тымызын атаандаштык тууралуу коомчулукта кеңири талкуулар жүргөн.

Курманбек Бакиев бир туугандары менен.

Коомчулукта Бакиевге катуу каяша айтып отставкага кеткен, Жогорку Кеңештин төрагасы, депутат Өмүрбек Текебаевге каршы жасалган “матрешкагейт” иши, эркин журналист Геннадий Павлюктун, президенттик администрациянын мурдагы башчысы, “Ак жол” партиясын уюштуруучу, кийин Бакиевдерге каршы күрөшкө аттанган Медет Садыркуловдун, Эл аралык стратегиялык институттун директору Сергей Слепченконун өлтүрүлүшү сыяктуу иштердин артында Жаныш Бакиев турат деп эсептелди.

Бакиевдин бийлигинин тушунда киши өлтүрүүлөр кадыресе көрүнүшкө айланды. Киши колдуу болуп өлгөндөрдүн арасында депутаттар Жыргалбек Сурабалдиев, Баяман Эркинбаев, Санжар Кадыралиев, Тынчтыкбек Акматбаев, каскадер Үсөн Кудайбергенов, спортчу Раатбек Санатбаев, кылмыш чөйрөсүнүн төбөлү Рысбек Акматбаев болду.

Мындай көрүнүштөрдөн улам Бакиевдин бийлигине каршы оппозициянын аракети кайра жанданды. “Реформа үчүн” кыймылына бириккен парламенттеги оппозицияга кийин премьер-минстрлик кызматынан сыйда сүрүлгөн эки премьер-министр Феликс Кулов менен Алмазбек Атамбаев да ыктады.

Бакиевдин кулатылышына тышкы фактордун да таасири болду. АКШнын Кыргызстандагы аскерий базасын кетирүү боюнча Орусияга 2009-жылдын 3-февралында берген убадасын Бакиев аткарбай, базаны жүк ташуучу базага айландырып, калтырып койду.

Кийинчерээк ошол кездеги президент Дмитрий Медведев "Бакиевдин бийлиги мамлекеттин социалдык-экономикалык өнүгүшүн камсыздоого жөндөмсүздүгүнөн кулады" деп айтты. Владимир Путин болсо Акаевдин жаңылыштыгын кайталаганын айткан жайы бар. Орусиянын мындай маанайын кийинки президент Алмазбек Атамбаев өз кызыкчылыгына пайдаланып, АКШ базасын кетирүү аркылуу Орусиянын ишенимине киргени бар.

Ошентип, Бакиев 2010-жылы 7-апрелде кулатылды. Ала-Тоо аянтына келген митингчилерге каршы атылган ок 90го жакын кишинин өмүрүн алды, октон жараат алгандар алардын санын кийин дагы көбөйттү.

Апрель окуясы боюнча козголгон кылмыш иш боюнча Курманбек Бакиев сотто башкы күнөөкөр катары таанылып, сыртынан өмүр бою абак жаза чектелди. Анын бийликке аралашкан бардык калган үй-бүлө мүчөлөрүнүн көпчүлүгү сыртынан кесилип, Кыргызстандан тыш жерде качкында жүрүшөт.

Бакиев учурда үй-бүлөсү менен Беларуста жашайт, айрым маалымат булактарында Беларус жарандыгын алгандыгы айтылып жүрөт.

Беларус президенти Александр Лукашенко Кыргызстандын качкын президентин жеке достук мамиле боюнча эле кабыл алганын комментарийинде айтканы бар. Чындыгында расмий жарыяланбаганы менен, Бакиевди Беларуска жайгаштырууга стратегиялык өнөктөш өлкөлөр – Орусиянын Казакстандын лидерлери Владимир Путин менен Нурсултан Назарбаевдин, АКШнын кийлигишүүсү, ЕККУнун ортомчулугу болгондугу тууралуу чындыкка өтө жакын маалыматтар айтылып келе жатат. Бул аракет Кыргызстандагы башаламандык кеминде кош бийлик орношун шартташы, анын өнөктөш өлкөлөргө таасири өңдүү ички жана тышкы тобокелдиктерге байланышкан.

Анткени, бийликтен кулатылгандан кийин Курманбек Бакиев ошол кездеги мамлекеттик күзөт кызматынын башчысы Жаныш Бакиев баштаган тарапкерлеринин коштоосунда Ошко барып, ал кездеги элдик губернатор Сооронбай Жээнбеков баштаган апрелчилердин ортосунда тиреш пайда болгон.

Курманбек Бакиев Беларус президенти Александр Лукашенко менен. Минск, 2019-жылдын 6-августу.

Ошентип, Бакиев кызматтан кетүү арызын Беларуска кетердин алдында Казакстандын тышкы иштер министринин жана ЕККУнун өкүлдөрүнүн катышуусунда Ош шаарында 15-апрелде жазып, кол коюп бергенин кийин Бакиевди коштоп жүргөн тарапкерлери билдиришкен. Бул Роза Отунбаева баштаган Убактылуу өкмөттүн мамлекетти андан ары башкаруусуна жол ачкан.

Бирок, Курманбек Бакиев кийинчерээк Беларуста президенттиктен баш тартуу тууралуу арыз куралчан төңкөрүшчүлөрдүн басымы аркылуу жазылганын, андай бийликти тааныбай турганын билдирип, 7-апрелдеги кандуу окуяны убактылуу өкмөткө жүктөгөн.

Роза Отунбаева. Өткөөл мезгил

Роза Отунбаева ыңкылаптан кийинки күнү. Бишкек, 2010-жылдын 8-апрели.

7-апрелде Бакиев бийликтен кулары менен оппозиция биринчи декрет менен Убактылуу өкмөт түзүп, Роза Отунбаеваны анын төрайымы, 19-майда кезектеги декрет менен 2011-жылдын 31-декабрына чейин өткөөл президент деп дайындаган. Бул дайындоо Баш мыйзамды кабыл алган 27-июндагы референдум аркылуу бекемделген.

Роза Отунбаева бийликтин жоопкерчилигин апрель ыңкылабында эски бийлик кулап, токсонго жакын киши окко учуп, бийликке жаңы келаткан оппозиция туңгуюктан чыгуунун жолун издеп жаткан кыйын кырдаалда алды. Отунбаеванын Убактылуу өкмөтү жүздөгөн кишинин өмүрүн алган, миңдеген кишилерди жабыркаткан Ош, Жалал-Абаддагы кыргыз-өзбек коогалаңын, жеңилген саясий күчтөрдүн ачык жана көшөгө артындагы каршылыктарын башынан кечирди.

"Улут аралык жаңжалдарга жол берди, убагында токтото алган жок" деп, улутчулдар, жергиликтүүлөр эле эмес, эл аралык коомчулук да сынга алды. Отунбаева мындай жагдайды жөнгө салуу үчүн дипломатиялык тажрыйбасын пайдаланды, эл аралык комиссиянын деңгээлинде иликтөөгө шарт түздү.

Ушундай кырдаалда мамлекеттик башкарууну мыйзам алкагына салуу үчүн жаңы Конституцияны кабыл алуу, президенттик жана парламенттик чукул шайлоолорду өткөрүү милдеттери турган. Кандай болгондо да Роза Отунбаеваны бир да кыргыз президенти башынан өткөрө элек эң кыйын кырдаалга кайраты, акылы жана дипломатиялык көрөңгөсү менен туруштук берди. Кийинчерээк эл аралык коомчулук Борбор Азиядан чыккан, Кыргызстандын атын тааныткан алгачкы аял лидер, экс-президент катары тааныды.

Советтик жана кыргыз дипломаты, демократ Роза Отунбаева ички саясатка 2004-жылы келип, “Ата журт” оппозициялык кыймылынын теңтөрагасы болгон. БШК 2005-жылкы парламенттик шайлоого дипломаттык чектөө бар деген шылтоо менен каттабай койгон. Акаевдин үй-бүлөлүк башкаруу саясатына каршы жүрүштөрдүн алдыңкы сабында болгон. Кийин Акаев аны “оппозициянын локомотиви” деп атаган.

"Жоогазын ыңкылабынан" кийин Бакиевдин командасында да узак иштей алган эмес. Тышкы иштер министри болуп дайындалган Отунбаеваны 2005-жылы июль айында жаңы шайланган парламент колдобой койгон. Бул президенттин атайын жасалган ишарасы катары бааланган. 2007-жылы КСДП аркылуу парламентке келип, 2010-жылга чейин коалициялык азчылыктагы КСДП фракциясын жетектеп, оппозициянын парламенттеги трибунасы болуп турган. Убактылуу президент болгондон кийин КСДПдан баш тарткан. Отунбаевада өткөөл президент кезинде кайсы бир саясий партияларды сүрөгөн же жеке кызыкчылыктарга, саясий интригаларга жол берген учурлар байкалган эмес.

Отунбаева президенттик тактыны шайлоодо жеңип чыккан Алмазбек Атамбаевге 2011-жылы 1-декабрда расмий эрежелерге ылайык өткөрүп берген. Бул Эгемен Кыргызстандын тарыхындагы алгачкы тынч жол менен бийлик алмашуу болгон.

Бирок, Алмазбек Атамбаев 2016-жылы 31-августтагы эгемендик майрамында Убактылуу өкмөттүн бийлигин "легитимсиз" деп атап, Роза Отунбаеваны кескин сынга алып чыккан. Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн пикиринде Бакиевдин өкмөтү кулатылган шартта парламентти, өкмөттү таркатып, жоопкерчиликти өзүнө алуу аргасыз жана мүмкүн болгон жалгыз арга болгон, буга Атамбаев өзү да күбө. Атамбаевдин бул сыны үй-бүлөлүк башкарууга, коррупцияга каршы күрөшкө чогуу аттанган саясий өнөктөштөрү менен ажырашуунун ачык жарыясы болчу. Мындай кадамды Атамбаев Отунбаева жетектеген убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн Баш мыйзамды өзгөртүү демилгесине каршы кайрылуусунан кийин жасаган.

Алмазбек Атамбаев. Ак үй, Кой-Таш, түрмө

Алмазбек Атамбаев өзүнүн инаугурациясында, 2011-жылдын 1-декабры.

Алмазбек Атамбаев президенттик кызматка 2010-жылкы кандуу апрель, июнь окуяларынын илеби кайтып, коомдук-саясий кырдаал салыштырмалуу турукташып калган кезде, 2011-жылдын аягында жаңы Конституциянын негизинде шайланып келди.

Атамбаев өзүнөн мурунку үч президент сыяктуу эле жогорку билимди Орусияда алган. 1993-жылы КСДПны түптөгөн. Чоң саясаттагы карааны 1995-жылы Жогорку Кеңештин эл өкулдөр жыйынынын депутаты болгондо көрүнгөн. Президенттик жарыштарга үч ирет катышкан. Акаевдин, Бакиевдин заманында кыска мөөнөттөргө министр, премьер-министр кызматтарын аркалаган.

Өзүн Кыргызстандагы "элден мурда байыган миллионер, таза саясатчы" деп кайталап мактаганы элдин эсинде. Байлыгын 90-жылдарда менчиктештирген “Кыргызавтомаш” ишканасы менен байланыштырат. Кийинчерээк Аскар Акаевдин Орусия токсонунчу жылдары Кыргызстан жазуучулар союзуна бөлгөн 50 миллион рублди менчиктеп алганы тууралуу айтканы Атамбаевдин байлыгы таза ишкердиктин туундусу дегенге көлөкө түшүрдү.

Атамбаев президенттик кызматынын алгачкы жылдары мурдагы президенттер сыяктуу эле Кыргызстанды үй-бүлөлүк коррупциясыз, “чөгөлөбөгөн” эркин, байгер мамлекет кылуу дымагын айтканы менен иш жүзүндө көп тараптуу саясат жүргүзө алган жок. АКШнын аскерий базасын чыгаруу тууралуу алгачкы билдирүүсү аркылуу тышкы саясатта Орусия стратегиялык негизги өнөктөшү экендигин бышыктады. Бирок, саясий карьерасы аяктаган 2019-жылы Кой-Таш окуясынын алдында да Кремлге каттап, арга таппай келди.

Алмазбек Атамбаев - март, апрель ыңкылаптарынын алдыңкы сабында жүргөн ыңкылапчы саясатчылардан. 2010-жылы анын КСДП партиясынын кеңсеси жайгашкан "Форум" менчик ишканасынын имараты оппозициянын штабы болгон. Оппозициялык күчтөрдүн башында өзүнөн тышкары Роза Отунбаева, Өмүрбек Текебаев, Болот Шер, Азимбек Бекназаров, Темир Сариев, Эмилбек Каптагаев, Дүйшөнкул Чотонов баштаган таасирдүү саясатчылар бар болчу.

Атамбаев убактылуу өкмөттө төрайымдын орун басары болду. Убактылуу өкмөт постреволюциялык кырдаалды, улут аралык жаңжалдарды жөнгө салуудан тышкары парламенттик шайлоо, жаңы Конституцияны кабыл алуу, анын негизинде президенттик шайлоо өткөрүү иштерин уюштурган. Бирок, Атамбаев саясий өнөктөштөрүнөн президенттик ишмердигинин жарым жолунда ажырашты.

Атамбаевдин өзүм билемдиги, эрдемсинген көкбеттиги жана кежирдиги мамлекетчил саясатчыларды четке сүрүп, жеке кызыкчылыкты көздөгөндөрдүн тузагына түшүрүп, өзүнө каршы күчтүү оппозицияны жаратты. Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбековдун баамында бул жагынан Атамбаев айдоочу, жардамчы, кеңешчи дегендердин таасирине кирип, Акаев менен Бакиевдин жолоюна түштү.

Атамбаевдин бийлиги үй-бүлөлүк башкарууга, коррупцияга каршы, демократиялык баалуулуктарды туу туткан парламенттик өлкө куруу максаттары бир саясий сапарлаштарын, маалымат каражаттарын, жарандык активисттерди ачык басмырлоо, куугунтуктоо, камоо, опузалоо иштери менен тарыхта калды.

Саясий өнөктөштөрү менен ачык тирешүү 2020-жылга чейин өзгөртүлбөйт деген кепилдик менен 2011-жылы кабыл алынган баш мыйзамды өзгөртүү тууралуу Атамбаевдин демилгесинен башталган. Бул долбоордо президенттин укуктары азайтылып, өкмөттүн укуктары кеңейтилген. Коомдук-саясий чөйрө муну Атамбаев өз бийлигин узартууга жол чабуу максаты катары кабылдаган. Демилгеге убактылуу өкмөт каршы чыккан. Бул мурдатан тымызын келаткан тирешти ачыктаган. Президент Атамбаев 2016-жылы 31-августта Роза Отунбаева жетектеген убактылуу өкмөттүн жана өткөөл президенттин легитимдүүлүгүнө шек жараткан билдирүү менен чыккан.

Муну 2010-жылкы Конституциянын авторлорунун бири, депутат Өмүрбек Текебаев баштаган саясатчылар мамлекеттин кызыкчылыгына каршы куру дымак жана саясий сокурдук катары сындап, Отунбаевадан кечирим суроону талап кылышкан. Кийинчерээк парламентте Атамбаевдин таасирин азайтуу, Коалициялык көпчүлүктү КСДП фракциясын кошпой кайра түзүү аракети жасалып, бирок майнапсыз жыйынтыкталган.

Тескерисинче, ушул тирештен кийин Өмүрбек Текебаев, аны менен кошо партиялашы Дүйшөнкул Чотонов коррупцияга айыпталып, камакка алынган. Мындай ыкмалар Аида Саляновага, Канат Исаевге, Садыр Жапаровго, Алмамбет Шыкмаматовго карата колдонулуп, кийинчерээк алардын катарына президенттик шайлоодо негизги талапкерлердин бири саналган Өмүрбек Бабанов кошулган.

Ошол эле мезгилде Чолпон Жакупова баштаган таасирдүү укук коргоочуларды, көз карандысыз маалымат каражаттарын сотко берип, миллиондогон сом доо койгон. Мындай ыкмаларды Атамбаев өзүнө каршы күчтөрдү, парламентти сындыруу үчүн колдонгон. Натыйжада Конституцияны өзгөртүү максаты ишке ашкан.

Президенттик шайлоодо Атамбаев күтүлгөндөй эле КСДПнын атынан өзүнүн "1995-жылы табышкан досу Сооронбай Жээнбековду" чыгарып, аягына чейин сүрөдү. Өзүн бийликти мыйзамдуу жол менен өткөрүп берген президент катары даңазалоого аракет жасады.

Бирок, анын артынан Атамбаев менен Жээнбековдун тирешинин жаңы барагы ачылды. Атамбаев мураскорун үй-бүлөлүк-кландык башкарууга жол берип, коррупциячыларды калкалап жатат деп сындап чыкты. Бир жылдан ашык тирешүү Атамбаевдин экс-президенттик макамынан ажырашы, камалышы, кылмыш дүйнөсүнүн төбөлү Азиз Батукаевди бошотуудагы коррупциялык иштер, кан төгүлгөн Кой-Таш окуясы өңдүү жоон топ оор кылмыштарга айыпталышы менен аяктады. Атамбаевдин командасындагы ондогон мамлекеттик ишмерлерди, кызматкерлерди да азыркы бийлик ири коррупциялык иштерге айыптап камап, тергеп жатат. Атамбаевчилер муну "саясий куугунтук" деп баалашууда.

Алмазбек Атамбаевдин саясий тагдыры кийинкилерге сабак болобу – аны мезгил көрсөтөт.

Сооронбай Жээнбеков. Жарым жолдо

Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматындагы алгачкы жылдык басма сөз жыйынында, 2018-жылдын 19-декабры.

Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын 15-октябрында президент болуп шайланды. Ал - КСДПнын башатында тургандардын бири. 1995-жылдан баштап Жогорку Кеңештин үч жолку депутаты, төрага орун басары, комитет төрагасы болгон. Апрель ыңкылабынан кийин Ош облусуна элдик губернатор болуп, андан кийин расмий дайындалган. 2015-жылдын декабрынан баштап​ беш ай ичинде үч кызмат которуп, өкмөт башчылыкка келген.

Президенттикке талапкердигин КСДП көрсөтүп, Алмазбек Атамбаев баштаган тарапкерлери сүрөп, натыйжада 54.76% добуш менен марага жеткени белгилүү. Инаугурациясы Ала-Арча резиденциясында чакан, тандалма чөйрөдө өтүп, кезинде Кыргызстанда тынчтык жолу менен бийлик өткөрүүгө чыйыр салган тарыхый окуя катары сыпатталган. Сооронбай Жээнбеков мурдагы бийликтин "көчүн" улантарын убада кылып, эң алгачкы жардыгы менен Алмазбек Атамбаевге Кыргыз эл баатыры наамын ыйгарган. Бирок, мындай ызаат көрсөтүүлөрдүн мааниси бат эле жокко чыкты.

Алмазбек Атамбаевге өзү сүрөп алып келген мураскердин анын эркине баш ийбей, өз алдынча саясат жүргүзүү аракети жаккан жок. Тил табыша албай калган партиялаш жана үзөңгүлөш мамлекеттик эки ишмердин тымызын пикир келишпестиктери кийинчерээк ачыкка чыгып, ал тирешүү бир жарым жылга созулду. Атамбаев Жээнбековду кландык-тууганчылык башкарууга жол берип, мамлекеттин эсебинен байыган коррупционерди калкалап жатат деп ачык жана кескин сындап, КСДПнын ишин жандантууга киришти.

Мурдагы жана кийинки президенттин тиреши учурунда премьер-министр Сапар Исаков, Албек Ибраимов, Кубанычбек Кулматов баш болгон жогорку кызматтардагы Атамбаевдин кадрларын кетирүү, ири коррупциялык иштерге байланыштуу териштирүүлөр, камоолор жүрүп турду. Парламент Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратты. Аны кармап жоопко тартуу операциясы татаалдашып, Кой-Таш окуясында бир офицер өлүп, ондогон киши жараат алып, Атамбаев жана анын жоон топ тарапкерлери камалып, башкы прокуратура оор кылмыштар боюнча иш козгоду. Мунун бардыгы Атамбаев жана анын тарапкерлери тарабынан саясий куугунтук деп бааланып келет.

Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясында. 2017-жылдын 24-ноябры.

Ошентип, Сооронбай Жээнбековдун мамлекетти алгачкы эки жылдык башкаруусу эки баскычка – мурдагы президент Алмазбек Атамбаев камалганга чейинки жана андан кийинки деп бөлүндү.

Учурунда чет өлкөлүк айрым маалымат каражаттары Жээнбеков жалпы коомчулуктун табигый таанымына ээ боло элек саясатчыны өз кызыкчылыгы үчүн күч менен алып келип алуудан сокку жеген Атамбаевден сабак алышы керек деп жазып чыгышты. Айрым талдоочулар саясий-экономикалык түп тамырынан өзгөрүүлөр, коомду бириктирүү аракеттерин колго алуу керек, бул бийлик, таасир талаш өнөкөтүнө бөгөт коет деп айтышты.

Катанын үстүнөн иштөөгө президент Жээнбеков даярбы? Бул суроого жооптор ар түрдүү, карама-каршылыктуу. Жээнбековдун тарапкерлери президенттин мамлекеттик иштер менен алектенүүсүнө эми гана шарт түзүлгөнүн белгилешет. Батыл аракеттерге барып, коомдук-саясий чөйрөнүн көңүлүн бургудай таасирдүү кадамдарга барарынан, бирнчи кезекте ондогон жылдардан бери жарытылуу жыйынтыгы жок сот реформасын ордунан жылдырарынан күмөн санаган талдоочулар да бар.

Анткен менен Атамбаевдин убагында ар кандай жагдайларда камалып, саясий куугунтуктун курмандыктары катары бааланып келаткан Өмүрбек Текебаев, Канат Исаев, Дастан Сарыгулов, Бектур Асанов сыяктуу жоон топ саясатчылардын иштеринин кайра каралышы, кыскартылышы өңдүү көрүнүштөр сот акыйкаттыгын калыбына келтирүү ишарасы катары бааланууда.

Жээнбековдун дагы бир артыкчылыгы катары Убактылуу өкмөттүн, төрагалар кеңешинин мүчөлөрү, жарандык активисттер, чыгармачыл бирикмелер өңдүү топтор менен жолугушуп, кеп-кеңешин угуп келаткандыгы белгиленип жүрөт.

Ошондой эле Жээнбековдун бийлиги тушунда коррупциялык иштерге тиешеси бар мамлекеттик кызматкерлер аёосуз кармалып, камалып келатат. Ошол эле учурда сот иштери тандалма жүрүп жатат, Шадиев, Алмаматов сыяктуу коррупцияга шек саналгандар атайылап качырылды, прокуратура, сот өздөрү коррупциялык чечимдерге барып жатат, бул бара-бара чоң нааразылыктарга чейин өсүп чыгышы мүмкүн деген өңдүү пикирлер бар.

Кандай болгон учурда да президент Жээнбековдун бийликте отурганына үч жылга аяк басты. Алдыда жергиликтүү кеңештерге, Жогорку Кеңешке шайлоо өнөктүктөрү күтүп тургандыгын эске алганда президенттик шайлоого чейин саясий динамика күчөбөсө басаңдабастыгы айтпаса да түшүнүктүү.

Ошондуктан, азыр таасирдүү саясатчылар Жээнбеков чечкиндүү кадамдарга барып, элдин ишенимин актачу учуру келгенин, мындан ары кеңештер эмес, талаптар көбөйөрүн эскертип жатышат. Жээнбековдун милдеттерди эмитен кынтыксыз аткарышы мурдагы президенттердин тагдырын кайталоодон сактайт деп эсептешет. Президенттин мөөнөтү 2023-жылы аяктайт.

Президенттердин катасы кечирилбейт

Токсонго жакын адамдын өмүрүн алган 7-апрель элдик ыңкылабына быйыл 10 жыл болду. Бул ыңкылап аркылуу келген жаңы бийлик, анын башына келген президент деле эл көксөгөн акыйкаттыкты, бакубат жашоону камсыздай алган жок. "Азаттык" радиосу бир катар белгилүү адамдарга кандай адам мыкты президент боло алат деген суроону узатты.

Абдыганы Эркебаев, мамлекеттик ишмер:

Акаевдин, Атамбаевдин, Бакиевдин каталары окшош болду. Тарыхтан сабак алышкан жок. Булар өлкөнүн эмес, өздөрүнүн жеке кызыкчылыгын, үй-бүлөсүнүн кызыкчылыгын көздөп, байлыкка азгырылып кетишти. Сөзү менен иши айкалышкан жок. Ачыгын айтканда, ошонун айынан экономикалык оор абалдабыз. Саясий жактан анча-мынча жылыштар болду, бирок турмуш оокатка байланыштуу да. Азыркы президент аракет кылып атат, бирок, анын тегерегинде жердештерине, Райымбек Матраимовго байланышкан сөз көбөйүп баратканы өкүндүрөт. Ага тиешелүү чечимдердин кабыл алынбагандыгы себеп болууда. Арстанбектин мыкты саптары бар: “Эл менен сен бийиксиң, элден чыксаң кийиксиң” деген. Албетте, таза, үлгүлүү, өзүнөн мурда өлкөсүн, элин ойлогон, жанын аябаган, элди алдыга сүрөп турган адам мыкты өлкө башчы боло алат.

Бактияр Фаттахов, коомдук ишмер:

Кудайдан башкасынын баары ката кетирет. Мен саясатка кирип жатканда жашоодогу максатым - элге кызмат кылуу дегем. Ошондон бери элдин көзүнө тике карап келем. Кылган иштерим үчүн балдарым кыжаалат болбойт. Жүзүм жарык. Ошондой иштерди жасаш керек. Берген антын унутпашы керек. Кандай президент жакшы болот? Бул - жооптуу кызмат, журт башы. Ошондуктан, жанына илимдүү, билимдүү адамдардан кеңешчи алып, берген антын так аткарса, бийликтин ээси эл экенин таанып, эл менен бирге болгон, элдин батасын алган мыкты журт башы болот.

Чыныбай Турсунбеков, Жогорку Кеңештин депутаты:

Эң жаманы бийликке келгендер Конституцияны өздөрүнө ченеп-бычууга аракет кылышат. Саясий позициянын жоктугунан, мамлекеттик кызыкчылыкты өз кызыкчылыгынан төмөн койгондун айынан биринин артынан бири жыдып жатат.

Болочок президентте мындай адат болбошу керек. Мамлекетти өнүктүрүш үчүн, элдин келечеги үчүн конкреттүү социалдык-экономикалык программаларды ишке ашыруу, элдин жашоо деңгээлин көтөрүү менен алек болгон адам мурдагылардын тагдырын кайталабайт.

Бактыгүл Каламбекова, дипломат:

Кээде толкун кээ бир кишилерди премьер, кээ бирөөнү президент кылып коет экен. Өткөөл мезгилде алган сабактарыбыз президенттик кызматка даярдык керек экенин, пендечиликтен алыс болуш керектигин көрсөттү. Президент алысты көрө билген, даанышман, билимдүү, көрөгөч болушу шарт. Бул беш диплому, материалдык байлыгы, кайсы бир кландан чыкканы менен эмес, бараткан ишине шайкеш даярдык керек деген сөз. Өзүн Кыргызстандын президенти катары ордун билүү, көп окуган, көп ойлонгон, көз карашы калыптанган, мамлекеттик кызматтардын тепкичтеринен өткөн, мамлекетти түшүнө алган тажрыйба керек.

Жефф Лили, Эл аралык билим берүү программалары боюнча америкалык кеңештердин эксперти, изилдөөчү:

Эң биринчи кезекте, ал коррупцияга аралашпаган адам болушу керек. Экинчиден, ал адам Кыргызстанды өзүнүн үй-бүлөсүндөй эмес, өзүнүн уруусундай көрүшү керек. Дегеним, президент башынан эле анын бир да үй-бүлө мүчөсү, жакын тууганы бийликтин кайсы бир бутагында, өкмөттө, президенттик администрацияда иштей албайт деп жарыялашы керек.

Менимче, болочок президент Кыргызстандан сырткары башка өлкөдө, маданият жагынан бул чөлкөмдөн алыс жакта жашап келген, ачык жана баарына кызыккан аң-сезим кандай болорун түшүнгөн адам болушу абзел. Ал адам кыргыз жана орус тилдеринен сырткары дагы башка чет тилдерди билсе, англисче шар сүйлөй алса андан да жакшы болмок.

Мамлекет башчылыкка өз башынан кандайдыр чоң жоготууну кечирген адам жарамак деп эсептейм. Ушундай адам катуу стресске туруштук бере алат, чоң кыйынчылыктарга тике караган кайраткер жаран болуп, кандайдыр оор кезеңдерде туура чечим кабыл алып, элдин жүгүн көтөрө алат.

Президент шайлоо маалында анын кийинки бийлигинен күмөн санагыдай иштерге таптакыр жол бербеши керек. Шайлоо маалында эркин жана калыс тандоо абдан маанилүү экенин белгилеп, шайлоо комиссияларына басым көрсөтпөй, эч ким эрежелерди бузбагандай шарттарды камсыздап, добуш берүү мыйзамдарын кынтыксыз аткарып, жыйынтыгын кабыл алышы керек.

Президент болуп шайлангандан кийин бардык бизнес иштерин токтотушу зарыл (АКШ президентин туурабай). Ага чейинки салык декларацияларын, байлык, мүлкүн ачык жарыялашы шарт. Ал маалымат көз карандысыз комиссия тарабынан бышыкталып тастыкталганы туура.

Наталья Никитенко, Жогорку Кеңештин депутаты:

Башка өлкөлөр жүз жылдап башынан кечирген кыйынчылыктарды Кыргызстан ондогон жылдарда басып өтүп койду. Эки ыңкылап болду, түрдүү президенттерди көрдүк: бийликти басып алгысы келген интеллигенти да, ээн оозу да, башкасы да болду, акыркысы камалды. Бирок, булардын бардыгынын оорусу бир болду: бийликти конституциялык эмес жол аркылуу менчиктеп алуу аракетин көрдү, өзүнө ыңгайлаштыруу менен алектенди. Эң кыйын башкаруучусуң деген иллюзияны сиңирген чөйрөдө, элден алыс жашады.

Менин баамымда бүгүн көп улуттуу Кыргызстан үчүн президенттик эмес, парламенттик башкаруу керек. Ошондуктан, биздин шартта Конституциялык укугунан аша чаппай, арбитрдин ролун аткарган, мамлекеттик кызыкчылыкты өзүнүкүнөн жогору койгон, мыйзамга баш ийген адам гана мыкты президент боло алат.

Бекбосун Бөрүбашев, талдоочу:

Баш мыйзамда Кыргызстан демократиялык өлкө деп турат. Бул элдин бийлиги деген сөз. Баш мыйзамдагы негизги ушул жобону сакташы керек. Президенттер бийликке келгенде мыйзамдан өзүн жогору койгон адатынан арылып, мыйзам алдында жооптуу экенин аңдап, түшүнүшү керек.

Эмилбек Жороев, саясат таануучу:

Кандай каталарды кайталабаш керек? Бул мурдагылардан азыркыларга чейин көңүл сыртында калган, бирок эң негизги маселе. Акаевден, Бакиевден, Атамбаевден бери басып өткөн, акыбетсиз, тескери жолдорду кайталап басуу көп байкалат. Азыркы бийликте деле сот жаатында болобу, күч, коопсуздук органдарында болобу, тышкы саясатта болобу ушул байкалат.

Мамлекеттик институттарды кайсы бир тескери купуя жолдорго салуу, бюрократиялык классты тар саясий кызыкчылыктарга пайдалануу, кайсы бир маселени элдин мандатын пайдаланып популисттик жол менен чечип алууга аракет кылуу же катачылыктын, кыйынчылыктын бардыгын мурдагы бийликке шилтеп коюу өнөкөткө айланган.

Президенттин алдында Кыргызстанды толук кандуу башкаруу көрөңгөсү, өлкөнү алдыга сүрөгүдөй стратегиялык багыты, элди ынандыра алчу калыптанган идеясы болушу керек. Анын командасы (достору, классташтары, жердештери эмес), стратегияларды ишке ашырууга жөндөмдүү системалуу командасы, партиясы болушу керек.

Жанар Акаев, Жогорку Кенештин депутаты:

Көп президенттер кайсы бир партияга гана жан тартып, кайсы бир саясий топтор менен жакын болуп, сын айткан кишинин бардыгын душман катары көрүү - чоң трагедиябыз.

Президент келери менен айланасына чоң кландардын пайда болуп калышынан эл иренжип калды.

Жалпы лидер катары өзүн көрсөтүп, мөөнөтүм бүткөндө мураскерлериме калтырам дебестен, шайлоону таза өткөрүп бергени оң. Сот системасын көз карандысыз органга айлантууга, таза кадр саясатын жүргүзүүгө, мыкты кадрларды бийликке алып келүүгө саясий эрки бар адам болушу керек. Эң башкысы адилеттүүлүктү, акыйкаттыкты орното алган калыс адам президент болууга тийиш.

Өзүнүн тегерегиндеги коррупциялык, туугандык, достук кландардан алыс болуп, ошолордон өзүн оолак кармаганга эрки, күчү жете турган адам болсо жакшы болмок. Өкмөттүн, парламенттин ишине түздөн түз кийлигишпей, эркин, тең салмактуу бийликти сактап берген өлкө башчысы болсо, менимче, жакшы болмок.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​