"Кыргыз өңү Сүймөнкулдун өңүндөй". Чокморовдун жаңы айкели

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкекте СССРдин эл артисти, Кыргыз эл сүрөтчүсү Сүймөнкул Чокморовдун жаңы эстелигинин ачылышы өттү. Атактуу актердун айкели “Ала-Тоо” кинотеатрынын чыгыш тарабына орнотулду.

2017-жылы да ушул эле жерге Чокморовдун эстелиги тургузулуп, бирок көпчүлүктүн нааразы пикирлеринен улам 2019-жылы алынган болчу. Пикир айткандар айкел актерго таптакыр окшошпой калганын билдиришкен.