Түркия: эмгек визасын алуу азапка айланды

Стамбул.

Түркиянын ИИМинин маалыматы боюнча быйыл июнь айында өлкөдө 705 миңден ашык чет өлкөлүк жаран катталган.

Расмий эсептерге таянсак, Түркияда 20 миңден ашуун кыргызстандык мигрант бар. Алардын көбү бир жылдык туристтик виза алып эмгектенет.

Кесиби боюнча мугалим Мадина үч жылдан бери Түркиянын Стамбул шаарына туристтик сезон башталганда келип иштейт. Бул келишинде ал кыргызстандыктар үчүн виза алуу жараяны катаалдашканын байкаган.

- Биздин көп эле мекендештер виза алыш үчүн бардык салыктарды, төлөмдөрдү тапшырып жаткандарын көрөм. Бирок эмнегедир эки-үч жумадан кийин эле "кабыл алынган жок" деген СМС келип жатат. Биздикилер айлап топтогон акчасына "виза жасатабыз" деп чыгым болот. Анткени туристтик виза менен иштеген мигранттар үчүн төлөмдөр өтө кымбат.

Түркия: мигрант кыз-келиндер көргөн кордук

Түркия: мигрант кыз-келиндер көргөн кордук

Акыркы жылдары Түркияга агылган кыргызстандык эмгек мигранттарынын басымдуу бөлүгүн кыз-келиндер түзөт.

Мадина буга чейин туристтик виза менен иштеп келген. Кыйынчылыктарга күбө болгондон кийин Бишкекке барып, эмгек визасын эле ачтырып келүүнү чечти.

- Бизди иштеткен түрк кожоюндар эмгек визасын жасатса кымбат төлөп калат. Ай сайын социалдык камсыздандыруусун төлөгөн оңой эмес да. Өз чөнтөгүбүздөн төлөп, жасаталы десек айына 400-500 лира кетет экен. Мындайча айтканда, айлыгыбыздын жарымы. Мигранттардын 99 пайызы иштеш үчүн келгенден кийин ашыкча чыгым болгусу келбейт. Мен деле насыямды төгөйүн, карыздан кутулайын деп балдарымды таштап коюп иштеп жүрөм.

Tүркия менен Кыргызстандын ортосунда 90 күн визасыз жүрүүгө уруксат. Бул мөөнөт аяктаган соң расмий виза алыш керек.

Эмгек визасын алуу кыйын болгондуктан, учурда кыргызстандык мигранттардын көбү туристтик виза алган. Бирок аны менен өлкөдө ишке орношууга болбосун Түркиянын Эмгек министрлигинин кеңешчиси Ахмет Акбаш билдирди:

- Туристтик визасы бар чет өлкөлүк жаран Түркияда эмгек визасына документ тапшырса деле болот. Же болбосо өз мекенине барып, түрк элчилигинен алат. Түркияда туристтик виза менен жүргөн чет өлкөлүктөр иштей албайт.

Түркиянын ИИМинин Мигранттар боюнча башкармалыгынын маалыматына караганда, 2017-жылы 2 миңге жакын кыргызстандык эмгек визасын алган. Алардын бири Камчыбек Турдугулов.

Түркия.

Камчыбек индустриялык боёкторду чыгарган фирманын экспорт бөлүмүндө көп жыл иштеген. 2018-жылы жумуш которуп, виза алыш үчүн документ тапшырган. Бирок бул жолу визаны үч айга жакын күткөнүн айтты:

- Бардык керектүү документтерди Кыргызстандагы түрк элчилигине алып барып бергем. Мен иштеген Стамбулдагы фирманын катчысы министрликке чалып, визамды сурап турду. Ага "чет өлкөлүк мигранттар көбөйгөнүн" айтып, "күткүлө" деп коюшчу. Бюрократиябы же жай иштештиби, айтор үч ай дегенде араң алдым. Кыргызстандан бардык төлөмдөрдү төлөп, анан гана Стамбулга келип иштей баштадым. Уулум, аялым да менин жанымда. Алар да менин эмгек визамды колдонуп, Түркияда калууга уруксат алса болот.

Түркиядагы 705 миңден ашуун чет өлкөлүк жарандын жарымынан көбү Стамбул шаарында окуп, эмгектенет. Басымдуу бөлүгү Сириядан, Ирактан жана Азербайжандан келгендер.

Миграция боюнча серепчи Мурат Эршахин чет өлкөлүктөр жыш жашаган Стамбул шаарынын мигранттар боюнча башкармалыгы документтерди кылдат текшерип, виза бербей жатканын белгиледи:

- Стамбул шаарынын мигранттар боюнча башкармалыгынын "көз карашы" өзгөрдү. Башкармалыктын жетекчилери менен оозеки сүйлөшкөнүмдө "чет өлкөлүк жаран Түркияда туруктуу жашаш үчүн эмгек визасы менен иштесин, же кыймылсыз мүлк алсын, же түрк жараны менен баш кошсун" дешти. Азыр туристтик виза менен иштеп жаткан мигранттарга эмгек визасын алдырыш үчүн ар түрдүү жаңы документтерди талап кылып жатышат. Айталы, соттолбогондугу тууралуу тастыктама керек, толук медициналык текшерүүдөн өтүүгө тийиш. Айтор тизме узун. Муну бир мигрант чуркап, даярдай албайт. Бул Стамбулда иштеген кыргыздарга эле тиешелүү эмес. Ирандан, Өзбекстандан, Түркмөнстандан, Украинадан, Орусиядан, Грузиядан келген мигранттар да ушундай жагдайга туш болууда. Андыктан Түркияда иштегиси келген мигрант эмгек визасын ачтырууга тийиш.

Серепчилер Түркиядагы туристтик виза боюнча жагдайды туура түшүнүш керек экенин айтышат. Анткени өлкө жыл сайын күчөп бараткан миграция агымын токтотуунун айласын таппай келет.

2018-жылдын статистикасы боюнча, Кыргызстан Түркияда жарандары эмгек визасын көп алган он өлкөнүн катарына кошулган. Кыргызстандыктар негизинен Стамбул, Анкара, Анталия, Измир сыяктуу ири шаарларда жашап, эмгектенет. Кийинки жылдары Түркияда өз ишин ачкан кыргызстандыктар пайда болду.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.