Орусия: кыздарды ургусу келген кыргыз жаштары

Видеодон алынган скриншот. Екатеринбургда кыргыз-тажик мигранттарынын мушташы. 2020-жыл.

Екатеринбургда эки күн катар калайман мушташка катышкан кыргызстандык жана тажикстандык мигранттар изделип жатат.

18-июлда Екатеринбургдун Пехотинцев көчөсүндөгү спорт аянтчасында мигранттар ортосунда калайман мушташ чыккан.

Интернетте таркаган видеолордо 80дей бала таш, таяк, арматура менен бири-бирин уруп, мушташа кеткенин көрүүгө болот. Ошол эле күнү "WhatsApp" аркылуу “тажиктер эки кыргызды өлтүрүштү” деген маалымат тарап, өч алууга чакырык ташталган. Эртеси дал ошол жерге 200дөй мигрант топтолуп, жолдорду бууп, чыр уланган.

Кеч күүгүмгө чейин көчөдө бүлүк салган мигранттар полиция келгенде гана туш тарапка качып, таркап кетишкен.

Кыргыз жана тажик улутундагы мигранттардын чыры диаспорадагы аксакалдардын кийлигишүүсү менен жайгарылган. Диаспора өкүлдөрү «бирге топ тепкен жаш балдардын оюнунан от чыкканын» айтышууда.

«17-18 жаштагы кыргыз-тажик балдары футбол ойношкон. «Жыгылган күрөшкө тойбойт» дегендей чыр эмнеден чыкканы белгисиз, бирок, ошол жерден уруша кетишкен. Анан эки кыргыз баланы токмоктоп коюшуптур. Эртеси кайра топтолуп келип, чыр чыгыптыр. Балдарды сабаган тажик жарандарын жергиликтүү полиция аныктап, кармап кетти. Алар сурак берип жатышат», - деди Кыргызстандын акыйкатчысынын Уралдагы өкүлү Жыргалбек Белеков.

Екатеринбургдун күч түзүмдөрү мушташка катышкандардын бир тобун кармап кеткен. Дагы деле жергиликтүү полиция райондо текшерүүлөрдү күчөтүп, мушташка катышкандарды издеп жатканын кабарлады.

Уралдагы кыргыз диаспорасынын башчысы Гульшан Дуланбаева мушташ боюнча 57 кыргызстандык кармалып, полиция бөлүмүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин жарымынан көбү бошотулганын кабарлады. 12 кыргызстандык миграциялык эрежелерди сактабай жүргөнүнө байланыштуу 21- июлда 2 миң рублдан айып төлөп, сот залынан бошотулган.

Мушташта жабыркаган эки кыргызстандыктын абалы азыр канааттандырарлык. Бирөө жергиликтүү органдарга арыз менен кайрылган.

Екатеринбургдагы Башкы консулдукта каттоодон 14 миңдей жаран өткөн. Жалпы Урал федералдык аймагында 30 миңден ашуун кыргызстандык иштейт.

Гульшан Дуланбаева улут аралык жаңжалга жол бербөө үчүн эки тараптын диаспора өкүлдөрү тең, жергиликтүү бийлик мигранттарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканын белгиледи.

Ал эми тажик диаспорасынын башчысы Фарух Мирзоев «Настоящее время» телеканалына берген маегинде «эки улут ортосунда чыңалууга жол берилбестигин» айткан.

Кыргызстандын ИИМи Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына таянып, кыргыз-тажик мигранттарынын мушташына кыргызстандык кызга болгон асылуу себеп болгонун кабарлады.

«Бул чыр-чатак кыргыз улутундагы кызга тажик улутундагы жаштар тийишип койгондуктан чыккан. Алардын көбү Орусиянын жарандары болот», - дейт министрликтин маалымат кызматынын өкүлү Адинай Шаршеева.

Ал арада Москвада башка улуттун эркектери менен мамиле курган кыздарды таап, жазалоого чакырган видео тарады. Анда жыйырмадай эркек топтолуп алып, көчөдө чет өлкөлүктөр менен жүргөн кыз-келиндерди сүрөт-видеого тартып, эки жолу эскертүү берип, үчүнчүсүндө ур-токмокко алууну макулдашып жатканын көрүүгө болот.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыздарды жазалоого үндөгөндөр сынга кабылды

Москвадагы Кыргызстандын ИИМнин өкүлчүлүгү кыздарга күч колдонууга чакырган бул видео боюнча текшерүү башталганын билдирди. Өкүлчүлүк Интернет жана социалдык тармактарда жалган маалыматтарды, анын ичинде улут маселесине байланыштуу жана адам укуктарына каршы чакырыктарды жасагандар Орусиянын мыйзамдарына ылайык кылмыш жазасына тартыларын эскертти.

Орусиядагы кыргызстандык эмгек мигранттарынын саны балдары, ата-энелерин кошкондо миллиондон ашат. Дээрлик жарымын кыз-келин, аялдар түзөт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​