Кыргыз эркектери сулуу көрүнүүгө умтулууда

АКШдагы мурунга ринопластикалык операция жасоо учуру .

Акыркы мезгилде дүйнө жүзүндө эркектердин пластикалык операция жасаткан учурлары көбөйүүдө. Коомдо жашыруун болуп, билинбегени менен мындай жаңылыктан Кыргызстан да артта калган эмес.

Пластикалык операция жасатуу адатта Батышта башталып, анан бара-бара бизге да келип жетти. Бирок эл арасында көзүн, мурдун же оозун аялзаты гана оңдотот деген түшүнүк орун алган. Кыргызстанда да эркектер эстетикалык хирургдарга кайрылып, жүзүндөгү тубаса кемчиликти оңдотушары жалпыга маалым болбосо керек. Баш калаабыздагы “Умай Косметик” борборунун хирургу Кубанычбек Кадырбаев азыр кардарларынын 50 пайызын эркектер түзүп жатканын айтты:

- Азыркы учурда Батышта эле эмес, бизде да операция жасаткандар көбөйдү. Буга жалпыга маалымдоо каражаттары, айрыкча интернеттин өнүгүүсү түрткү болуп жатса керек деп ойлойм. Бизде көбүнчө эркектер сынган, ар кандай кемтиги бар кулактарын түздөтүшөт. 20 жыл мурда мындайлар аз болсо, азыр көбөйдү.

Аскер кызматындагы мырзаларыбыз да пластикалык хирургдарга кайрылат. Алардын көбү фуражка кийип жүргөндө жагымсыз көрүнөт деп делдең кулактарын түздөткөнгө аракет кылат.

Деги эле эркектердеги пластикалык операциянын тарыхы аскерлерден башталат. Дүйнөлүк Биринчи согушта бетине ок тийип же бомба сыныктары чачырап жараат алгандарга алгач ирет Британияда Сэр Гарольд Гиллиес аттуу доктур атайын оңдоочу операция жасап баштаган. Анын биринчи бейтабы согушта мурду жалпайып калган майып болгон. Аны атайын желим менен түздөп чыккан. Мына ушул Гарольд Гиллистин алгачкы ыкмалары азыр да мырзаларды операциялоодо кеңири колдонулат. "Делдең кулак тестиер уул балдарды да энелери пластикалык хирургга алып келишет",- деди Кадырбаев:

​- Сегиз жашка чыккыча кулак өсөт. Андан кийин физиологиялык өсүүсү токтойт. Тогуз-он жашта балдар бири-бирин карап, денесиндеги кемчиликтерди айтып шылдыңдай башташат. Анан комплекс пайда болот. Ошондой балдарды ата-энеси бизге көп алып келет. Алар айрыкча каникул мезгилинде көп кайрылат.

Кыргыз мырзалары арасында мурундарынын таноосу кичине болуп же коңкоюп калгандар да операция жасатышат. Мурунду түздөө үчүн колдонулган каражаттар да заманбап болуп өнүгүп жатат дейт адис:

- Ар түрдүү мурундар бар. Биз мурду коңкойгон жигиттердикин түздөп, силикон салабыз. Илгери силикондун ордуна кемирчек, пластик такчубуз. Азыр баарына силикон колдонуп жатабыз. Таноосу тар же ашыкча чоңдор да келип оңдотуп жатат.

Көзгө сурма жасатуу жалаң эле аял кишилерде эмес жигиттерибизде да кездешет. Айрыкча азиат түспөлүндөгү кыргыз мырзаларынын жашы жыйырмадан ашканда эле көздүн үстүңкү капкакчасы салаңдап калат. Аларга да адистер тийиштүү жардам беришет:

- Көзүнүн үстүңкү бөлүгү салаңдап калат. Көптөрүнүкү бир жак көзү эле. Ошолорду оңдойбуз. Сурма жасатып бергиле деп өспүрүм балдар келет, студенттер көп келет. Анан 40-50 жаштан өтүп калган эркектердин көзүнүн алдындагы май клеткалары чоңоюп же бырыш басып, шалбырап калат эмеспи. Ошону алдырыш үчүн бизге улгайып калгандар да көп кайрылат.

Батыштагыдай жасалма булчуң салуу же курсактагы майды алдыруу сыяктуу операциялар бизде азырынча жасалбайт. Бул үчүн атайын аппаратура жана керектүү каражат жок. Анын үстүнө, адистер адам өмүрү үчүн опурталдуу болгон мындай операциялардан баш тартат. Ал эми көз, мурун, кулакты оңдоо Батышка же ал түгүл коңшу Казакстанга салыштырмалуу бизде 10-15 эсе арзан дешет доктурлар. Ошол үчүн Жамбыл, Тараз, Кордойдон келип жүзүн оңдотуп кеткен мырзалар да арбын болууда.