"Кыргыз кереметинин" чолпону - Клара Юсупжанова

Клара Юсупжановага арналган көргөзмө "Жолборс жайлоодо эки уйду жарды" аталып, ага өнөр ээсинин кыргыз тасмаларында таберик болуп калган бир нече сүрөттөрү коюлду.

Мындан сырткары маданий саамалыкта сүрөтчүлөр Белек Кошоев, Кубанычбек Ибраимов, Шайлоо Жекшенбаев, Бахрамжон Темиров жана Асейин уулу Молдокелердин эмгектери илинди.

(Бул сүрөт кинорежиссер Лариса Шепитьконун "Зной" (Аптап) тасмасынан, сүрөт К. Грязновго таандык)

Актрисанын кызы, журналист Жамбы Жусубалиева:

“Апамдын чыгармачылыгына арналган иш-чара өткөрөм деген ой дайыма менин көңүлүмдө жүргөн. Мындан эки жыл мурун 80 жылдыгына карата да аракет кылгам. Бирок ар нерсенин өз убакыт-сааты болот экен. Быйыл уюштуруу буйрук болуптур. Бул көргөзмөдө апам ойногон тасмалардан кадрлар гана эмес, анын “Жолборс жайлоодо эки уйду жарып кетти” тасмасы боюнча эмгектери да коюлду. Бул тасманы тартуу үчүн апам Нарын облусунун айылдарын түрө кыдырып туш кийиз, ала кийиздердин эң мыкты үлгүлөрүн издеген. Негизинен апам менен атам Кубатбек Жусубалиев экөө тең чыгармачыл инсандар болгондуктан, алар ар дайым тереңдикти издеп, өздөрүн толук бойдон өнөргө арнап коюшкан”.

 

Юсупжанованын актриса катары дебюту Ташкенттеги Театр жана искусство институтунда окуп жүргөндө  башталган. 1962-жылы 22 жашында кинорежиссер Лариса Шепитьконун "Зной" (Аптап) тасмасына тартылган.

Жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Ботогөз булак" повестинин негизинде тартылган бул фильмде жаш актриса башкы каарман Калипанын ролун жогорку чеберчиликте аткарган.

Бул фильмден кийин 1965-жылы "Первый учитель" (Биринчи мугалим), 1966-жылы "Самая послушная" (Түштүк кызы), 1972-жылы "Түн хроникасы", 1974-жылы "Дар" (Тартуу) тасмаларында роль жараткан.

(Бул сүрөт кинорежиссерлор Бекеш Абдылдаев менен Леонид Гуревичтин "Самая послушная" (Түштүк кызы) тасмасынан)
 

1971-жылы "Кыргызфильм" киностудиясыннда иштей баштаган. Режиссер катары ал 1977-жылы "Саламатсыңбы, жайлоо", 1978-жылы "Кымыз", 1980-жылы "Чабан жана туман", 1986-жылы "Жолборс жайлоодо эки уйду жарып кетти", 1987-жылы "Өрөөн жана элдер", 1989-90-жылдары "Аэроплан" (бүтпөй калган) тасмаларын тарткан.

(Сүрөт кинорежиссер Андрей Кончаловскийдин "Первый учитель" (Биринчи мугалим) тасмасынан)

Кинорежиссер Артыкпай Сүйүндүков Юсупжанованын кыска бирок маңыздуу чыгармачыл өмүрү тууралуу эскерип, ал өмүр шериги, Эл жазуучусу Кубатбек Жусубалиев менен өнөрдөгү кош жылдыз эле дейт:

“Клара Юсупжанова кыргыз кыздарынын ичинен киного актриса болуп келген алгачкы таланттардын бири. Болгондо дагы "Эң тил алчаак" (Самая послушная), “Зной” баштаган белгилүү фильмдерде жакшы ролдорду аткарып, талантын, чеберчилигин мыкты көрсөтө алды. Ал бир жагынан белгилүү киноактриса болсо бир жагынан белгилүү кинорежиссер да болду. Анан музыкадагы кош жылдыз деп коёбуз го, кинодогу кош жылдыздар Клара Юсупжанова менен Кубатбек Жусубалиев болду. Жолдошу экөө өзүнчө стилде, өзүнчө бир агымда даректүү фильмдерди тартышты. Бул фильмдер кыргыз киносунда из калтыра алды. Өз учурунда бул эмгектер Советтер Союзунун аймагында көрсөтүлүп белгилүү болду”.

 

Клара Юсупжанова тартылган тасмалар жана ал өзү жараткан фильмдери кыргыз киносунун алтын фондуна кирген. Бул эмгектер Кыргызстандын маданий мурасына кошкон олутуу салым бойдон сакталып келет.

(Сүрөт кинорежиссерлор Бекеш Абдылдаев менен Леонид Гуревичтин "Самая послушная" (Түштүк кызы) тасмасынан)

Юсупжанова өзү тарткан даректүү тасмалардын басымдуу бөлүгүн кыргыз турмушуна, чабандардын эмгектерине арнаган. Анын башкалардан өзгөчөлөнүп турган режиссерлук көз карашы тууралуу сүрөтчү Шайлоо Жекшенбаев мындай дейт:

“Клара Юсупжанова кинорежиссер катары өзүнүн почерки менен башкалардан өзгөчөлөнүп турчу. Анын документалдык кинолору жандуу, динамикалуу, поэтикалуу эле. Менимче, айрыкча акыркы “Аэроплан” деген киносу чоң шедевр болушу мүмкүн эле. Тилекке каршы, бүтүргөнгө жетишпей калды. Мен мурун архитектор болуп иштеп жүргөндө Жапонияда “архитектурадагы метаболизм” деген стиль чыккан. Бул жалпак тил менен айтканда бүтүп, бирок жыйынталбай калган эмгек. Бирок анын бүтпөй калган эмгеги тагдырдан улам болуп калды. Бул өзгөчө тасма болмок”.

(Сүрөт кинорежиссер Андрей Кончаловскийдин "Первый учитель" (Биринчи мугалим) тасмасынан)

Юсупжанова менен кезинде УТРКда бирге иштеп калган журналист Байма Сутенова Юсупжанова өз кезегинде артынан өсүп келе жаткан жаштарга да үлгү болгон дейт:

“Ал кезде телевидение, кино биз үчүн чоң жаңылык болчу. Айрыкча кино тармагында иштеген айымдар бизге бөтөнчө кызык эле. Биз аларды жакындан көрүп, жакындан тааныгыбыз келчү. Себеби ичибизде “ушул атактуу эжелер жасаган ишти биз да жасап кетебиз го” деген үмүтүбүз бар эле. Анан бир жерде иштеген эки режиссер айымга такыр көзүбүз тойчу эмес. Бирөө - Клара Юсупжанова болсо, бирөө Лилия Турусбекова эле. Булар экөө тең орусча, кыргызча тарсылдап сүйлөп, бат-бат басып, бат-бат съемкага барып келе калып жигердү иштешчү. Ушунун баары бизге табышмактуу сезилип, ошолордой болгубуз келчү. Биз ал кезде телевидениеге жаңы эле келгендиктен Клара эже биз менен учурашып койгонуна эле жер-сууга батпай сыймыктанып калчубуз. Менин эсимде Клара эже ушундай заманбап айым бойдон калды". 

Замандаштары Юсупжанова өмүрүнүн соңку жылдары фильмдерге чакырылбай калганын белгилешип, өз талантын толук ачпай кетти деп кейишет. 

Өмүрүнүн көп бөлүгүн киного арнаган Клара Юсупжанова 1940-жылы Ат-Башы районунун Кара-Суу айылында төрөлгөн. 1959-1963-жылдары Ташкенттеги театр жана искусство институтунда, 1968-1970-жылдары Москва шаарындагы режиссёрлор жана сценаристтердин Жогорку курсунда билим алган.

(Бекеш Абдылдаев менен Леонид Гуревичтин "Самая послушная" (Түштүк кызы) тасмасынан)

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери наамына татыган талант 2006-жылы 66 жашында акка моюн сунуп, сөөгү Чүй облусунун Байтик айылына коюлган.

Юсупжанованын чыгармачылыгына арналган көргөзмөнү уюштуруучулардын айтымында, бул саамалык 5-декарбга чейин уланат, ага чейин бир ай бою маркум кино ишмерине арналган башка маданий иш-чаралар өтөт. Алсак, 13-14-ноябрь күндөрү Чыңгыз Айтматов атындагы кино үйүндө Юсупжанова тартылган жана тарткан тасмалар көрсөтүлөт. Ал эми 27-29-ноябрда кинорежиссер аялдардын эл аралык форуму өтөт.

(Лариса Шепитьконун "Зной" (Аптап) тасмасынан, сүрөт К. Грязновго таандык)

Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде белгилүү кинорежиссер жана актриса Клара Юсупжанованын чыгармачыл мурасына арналган сүрөт көргөзмө өтүүдө. Анда таланттуу кыргыз кызы тартылган жана өзү тарткан тасмалардан бир нече сүрөттөр коюлду. Бул саамалык 5-декабрга чейин уланат. Юсупжанова кыргыз кино дүйнөсүндө барандуу из калтырган ажарлуу актриса, поэтикалык даректүү тасмаларды жараткан таланттуу режиссер эле. Аны замандаштары менен бирге эскеребиз.