Бишкекте кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги 10-жыйыны жыйынтыкталды.
Анда эки коңшулаш өлкөнүн ортосундагы тоскоолдуктарды жөнгө салып, мамилелерде өз ара ишенимди бекемдеп, кызматташтыкты чыңдоого багытталган документтерди даярдап, 26-майга пландалган эки тараптын мамлекет башчыларынын кол коюусуна алып чыгуу жагы макулдашылды.
Кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 10-жыйынында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин 26-майда Кыргызстанга расмий визитин уюштуруу маселеси каралып, анда кол коюла турган документтер талкууланды.
Тараптар эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташуусун арттыруу, өз ара пайдалуу биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгууга басым жасаганы жана буга байланыштуу макулдашуулардын долбоорун даярдоо тууралуу сүйлөшкөнүн кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы маалымдады.
Бир кылка болбогон мамиле
Буга чейин кыргыз тарап Казакстан чек ара өткөрмөлөрүнөн кыргызстандык жүктөрдү тосуп, байма-бай экономикалык бөгөт коюп жатканы тууралуу парламентте сөз болгон.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Сайдулла Нышанов кыргыз-казак мамилеси бир кылка болбой келгенин мисалга алды.
“Кыргыз тараптын жетекчилери ар кайсы учурда, Атамбаевди кошпогон кошуна өлкөлөргө карата жакшы мамиле жасап, жакшы сөздөрүн айтып жүрдү. Азыр деле айтып келе жатат. Ал эми казак тараптан эмнегедир биз ойлогондой мамиле болгон жок. Чек араларды улам жаап, жасалма тоскоолдуктар болуп келгени белгилүү. Назарбаев бийликтен кеткенден кийин маселе оң жагына чечилет деген үмүт бар эле. Бирок андай нерсе кийин деле уланып келди. Жакында казак президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга келсе, мына ушул маселелер оң жагына чечилсе керек. Анткени биз дайыма эле ушундай татаал мамиледе болбошубуз керек. Кошуна болгон соң бир тууган элдер өз ара алака кылганы дурус”.
Кошуналар ынтымагы: эки тараптуу мамилеге муктаждык
Казакстандын премьер-министри Алихан Смаиловдун Кыргызстанга сапары бул эки өлкөнүн тең башкы өнөктөшү Орусия менен мамилеси оор сыноодо турган учурга туура келди. Анткени 24-февралдан бери Украинага жасаган агрессиясынан улам Орусия катаал эл аралык санкцияларга дуушар болуп, Борбор Азиядагы өнөктөштөрүнөн саясий колдоо күткөнү маалым.
Бирок Казакстан менен Кыргызстан бейтарап позицияны тутуна турганын жарыялашкан. Буга ичи чыкпаган Москва орусиялык медиада коомдук ишмерлеринин жана саясатчыларынын оозу менен Нур-Султан менен Бишкекке акарат айтып, маалымат чабуулун күчөттү.
Коомдук ишмер жана саясатчы Эмилбек Каптагаев мындай учурда кошуна өлкөлөр биримдиктүү болуп, басымга туруштук берүү маанилүү дейт.
“Мурда Өзбекстанды Каримов, Казакстанды Назарбаев жетектеп турганда Борбор Азияда ар бири өзүнүн кыйын экенин белгилеп, кыр көрсөткөн саясат өкүм сүрүп келди. Кошуналар өз ара алака кылгандан көрө тыштан башка өлкөлөр менен кызматташууга артыкчылык беришти. Азыр эми шарт башка, жагдай башка. Анан калса бир чөлкөмдө жашаган өлкөлөр өз ара кызматташып, мамиле кылбаса, өнүгүү болбосун бардыгы түшүнүштү. Ар кандай чакырыктарга жалгыз туруштук берүү кыйын. Ошондуктан азыр ЕАЭБ, ЖККУ же ШКУ сыяктуу уюмдарды карап отура бербей, эки тараптуу мамилени чыңдап, андан ары карай жылып, мамилени бекемдеп, өз ара сооданы өнүктүрүп, алака-катышты арттыруу бардык тараптарга пайдалуу”.
Ошол эле кезде эл аралык мамилелер боюнча адистер азыр Орусиянын таасириндеги Борбор Азия жана Кавказдагы өлкөлөр үчүн өз алдынча саясат жүргүзүү, эгемендикти коргоо сыяктуу маанилүү маселер күн тартибине чыгып, олуттуу сыноодо экенин айтышууда.
Мына ушундай шартта Бишкекке келген Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов менен Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров эки тараптуу кызматташтыкты чыңдап, инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгууга тапшырма беришти. Айрыкча кыргыз-казак автожол өткөрмө жайларына жакын жерде индустриалдык соода-логистикалык борборлорун ачуу ниети айтылды. Ошондой эле чек арадан товарларды каттоо жана өткөрүү тартибин жөнөкөйлөштүрүү жагы макулдашылды.
Өкмөттүн басма сөз өкүлү Марат Кыдыралиев жүк өткөрүүдөгү тоскоолдуктарды жөнгө салуу маселеси чечилгенин билдирди:
“Бардык жетишилген макулдашуулар протоколдорго түшүрүлөт. Алардын арасынан жанагы айтылган жүк өткөрүү көйгөйү азыр эми актуалдуу болбой калды. Ошентсе да ал маселе каралат. Жүк өткөрүүдө электрондук документтер толук болсо, казак тарап өткөрбөй коё албайт. Анан көбүнчө ошол документтерин алып барбай эле чек арага барып алган биздин жүк ташуучуларды казак тарап токтотуп, анан алар даттанып жатышпайбы. Азыр эми биз тараптан дагы күзөт коюлуп, документтери толук эмес айдоочулар киргизилбей турган болду”.
Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана байланыш чөйрөсүндөгү кызматташтыкты бекемдөө дагы макулдашылды. Тараптар маалымат технологиялары, коммуникация, электрондук өкмөт, ошондой эле IT-адистерди даярдоо жана билимин жогорулатууда тажрыйба алмашууну сүйлөштү.
Кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын соңунда тийиштүү протоколго кол коюлду. Эки өлкө өкмөт башчылары кол койгон документте кыргыз-казак экономикалык кызматташтыгы, “Ак-Тилек” (Кыргызстан) жана “Кара-Су” (Казакстан) чек ара өткөрмө бекетерине соода-логистикалык комплекс салуу жана ал жерди эркин экономикалык аймак катары түзүүнү караштыруу жана технология жаатында алаканы күчөтүү каралган.
Буга чейин аткаруу бийлигинин басма сөз кызматы чек арадагы жүк ташуу боюнча сүйлөшүү ийгиликтүү болгонун билдирген.
Смаиловдун сапары, күтүүсүз ооруканага жаткан Жапаров
Казакстандын жаңы премьер-министри Алихан Смаиловдун 29-апрелге пландалган Бишкекке сапары кийинкиге жылышы мүмкүн экени айтылган болчу. Буга Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун 28-апрелде күтүүсүз ооруканага жатканы себеп болду.
Бирок эртеси өкмөттүн басма сөз кызматы бул визит артка жылбай турганын маалымдады.
Казакстандын премьер-министри Алихан Смаиловду 29-апрелде түштөн кийин Министрлер кабинетинин биринчи орун басары Арзыбек Кожошев “Манас” аба майданынан тосуп алды. Андан ары Бишкекке келген казак кесиптешин күтүп, атайын ооруканадан чыккан Акылбек Жапаров аны менен өкмөт үйүндө жолукту.
Жүктөрдү ташуу, соода-экономикалык алаканы сактап, аны тереңдетүү боюнча эки тарап тиешелүү протоколдорго кол койгону кабарланды.
Дагы караңыз Кыргыз-казак чек арасындагы тыгын, Бишкектин айыптоосуКыргыз тарапты кыжаалат кылган тыгындар
Буга чейин чек аранын казак тарабынан жүктөрдү өткөрүү кыйындап, узун тыгындар пайда болуп турган. Арзыбек Кожошев жакында казак кесиптеши Бахыт Султанов менен бул маселени тез арада жөнгө салуу үчүн “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинен жолукту.
Арзыбек Кожошев жүк өткөрүүнүн жаңы тартиби бекитилерин белгиледи.
“Бул протоколдо негизги маселе эгерде тиешелүү документтери толтурулбаган болсо, анда ал автожүк ташуучу унаалар кыргыз чек арасынан эле өткөрүлбөйт. Ал эми транзит менен Орусияга кетип жаткан жүктөргө казак тарап тийишпей, өткөрүүнү өз мойнуна алды. Бирок ал жүктөр Казакстандын аймагында калбай, өтүп кетиши керек”.
Кыргызстандын бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков парламентте казак бийлиги жүк өткөрүүгө жасалма тоскоолдуктарды жасап, жүк ташуу эки эсе азайып, анын айынан өлкө бажы төлөмдөрүнөн түшчү кирешелерден кол жууп жатканын билдирди:
“Өткөн жумада эле сегиз чакырымга созулган автожүк ташуучу унаалардын узун кезеги бир нече күн кармалып турду. Анан ошондон кийин тиешелүү кызматтар менен Арзыбек Кожошев барып, казак өкмөт башчысынын орун басары менен жеринде жолугуп, сүйлөшүп, маселе чечилгендей болгон. Бирок азыр тыгындар чек арада болбой калганы менен биздин жүк ташуучуларды ары ичкери алып кирип алышып, “Барс” базарынын аймагындагы терминалдарда талкалап жатышат. Кыйынчылык жаратып, товарларды өткөрүүгө эптеп эле тоскоолдук кылуу жүрүп жатат”.
Дагы караңыз "Кыргыз-казак чек арасындагы тыгындын саясий себеби жок"Депутаттын сууну бөгөп, жооп кайтаруу сунушу
Парламентте кыргыз-казак чек арасындагы абал экономикалык кысым катары каралып, депутаттар кыргыз тараптын жоготууларын эсептеп чыгууну сунушташты.
Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Алтынбеков казак тараптын бул кадамын кыянатчылык деп атап, өкмөттү ага каршы чукул чараларды көрүүгө чакырды.
“Биз муну боордош казак элинин бизге жасап жаткан кыянатчылыгы деп билебиз. Биз дагы сугат маалы башталганда аларга карата сууну бөгөп, блокада жасаш керек. Мен ушуну сунуштайм. Биз Кыргызстан менен Казакстан ЕАЭБ уюмуна мүчөбүз. Биз азыр Өзбекстан менен мамилебиз аябай жакшы мамиледебиз. Кошуначылык, бир тууганчылык деген ушундай болушу керек. Бардыгыбыз боордош элдербиз”.
Акорданын жообу
Жогорку Кеңештин депутатынын бул чакырыгына Казакстандын премьер-министринин орун басары, финансы министри Ерулан Жамаубаев токтоосуз жооп кайтарды. Ал казак тараптын кыргыз өкмөтү менен пикир келишпестиги жоктугун айтып, Кыргызстан сугат маалында сууну бөгөп салууга эч бир негиз жок экенин белгиледи:
"Бизде андай деле көйгөйлүү маселе жок. Ал жакта доомат эмес, ал жактан кайсы бир кытай товарлары кыргыз тараптан казак чек арасына өтүп жатканы тууралуу маселе. Биз кыргыз тараптан кошумча нарк салыгы жана импорттук төлөм алынып, товарлар мыйзамдуу өтсүн деп жатабыз. Ошондой эле кыргыз кесиптештер менен бирге чек арада экспорттук-импорттук көзөмөл уюштурганбыз. Ооба, ошондой фактылар бар. Мамлекеттик киреше комитети тиешелүү текшерүүлөрдү жүргүзүүдө. Ошондон улам, албетте, кезек күтүүлөр жаралууда”, - дейт Казакстандын премьер-министринин орун басары Ерулан Жамаубаев.
Казакстан Кыргызстандагы Киров жана Орто-Токой суу сактагычтарынан чыккан сугат суусун пайдаланат. Мындан сырткары Кыргызстандын Токтогул суу сактагычынын суусу Өзбекстан аркылуу өтүп, Казакстандын түштүк аймактарындагы айдоо аянттары сугарылат.
Казак премьер-министри Бишкекте кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңештин 10-жыйынына катышып, соода-экономикалык, инвестициялык жана суу-энергетикалык тармактардагы тоскоолдуктарды жоюп, пикир келишпестиктерди жөнгө салууга басым жасалары айтылды.
Мындан сырткары чөлкөмдөгү коопсуздукка байланыштуу өзгөчө маанилүү маселелер тууралуу жабык сүйлөшүүлөр да өтөрү белгилүү болду.
Ошондой эле майда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Бишкекке расмий сапары күтүлүп жатканы айтылды. Кыргызстан менен Казакстан эки тараптуу жана ЕАЭБ, Түрк кеңеши жана ШКУ уюмдары аркылуу көп тараптуу алкакта коңшулаш өлкөлөр катары кызматташып келет.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.