Кыргыз-казак чек арасы: кырдаал өзгөргөн жок

Кыргыз-казак чек арасы. "Ак-Тилек" өткөрмө бекети. 22-август, 2023-жыл.

Кыргыз-казак чек арасына байланыштуу бир катар кош тараптуу жолугушуулар өтүп, кайрылуулар жасалды. Казак тарап “эч кандай чектөө жок” деген жүйөнү карманууда. Чек арада болсо жүк ташуучу унаалардын узун кезеги али кыскарбаганын ал жерде турган айдоочулар "Азаттыкка" айтты.

Кыргызстандын чек ара кызматынын өкүлү Сажира Чоколоева бүгүн, 25-августта саат 11:00го карата абал өзгөрбөгөнүн "Азаттыкка" ырастады. Анын айтымында, кыргыз-казак чек арасында турган оор жүк ташуучу унаалардын узун кезеги былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эки эсеге көп болуп жатат.

"Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесинде оор жүк ташуучу унаалардын узун кезеги байкалууда. "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрүү жайында 353, "Чалдыбар" көзөмөл өткөрүү жайында 88, "Кең-Булуң" автожол көзөмөл өткөрүү жайында 38, ал эми "Чоң-Капка" автожол көзөмөл өткөрүү жайында 82 автоунаа турган. Белгилей кетсек, кыргыз тараптан эч кандай чектөөлөр болгон жок, чек арачылар күнүмдүк тартипте иштеп жатат".

Чек арада кезек күтүп турган айдоочулардын бири Тилек Дүйшеевдин айтымында, азыр казак тарап унааларды өтө жай өткөрүп жаткандыктан оор жүк ташуучу унаалардын саны болжол менен 200дөн ашкан.

"Азыр менин алдымда 200, менден кийин келген унаалардан дагы 50дөн ашыгы бар. Мен таң эрте келдим, азыр саат 14:00 болду, ушул убакыт аралыгында ашып кетсе 20 машине өттү".

ЕЭКтин жумушчу тобу Казакстанга өтө элек

24-августта Кыргызстандын мамлекеттик мекемелеринин жана Евразия экономикалык комиссиясынын өкүлдөрү кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрмө жайындагы абал менен таанышты.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргыз-казак чек арасы: үч күндөн бери кезек күткөндөр

Кыргызстандын өтүнүчү менен ЕЭКтин алкагында чек арадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча жумушчу топ түзүлүп, аны биримдиктеги энергетика жана инфраструктура боюнча министр Арзыбек Кожошев жетектей турган болгон.

"Евразия экономикалык комиссиясынын делегациясы келери жөнүндөгү кабардан кийин абал бир аз жакшырып калганын байкадык. Азыр бир саатта 10 машине коё берип жатат. Казакстан тараптын машинелерди кармап, жай киргизип жатканынын так себеби белгисиз. Казакстандын мындай аракети биримдиктеги келишимдерге дал келбейт”, - деди 24-августта экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаев.

ЕЭКтин жумушчу тобу жана Кыргызстандын мамлекеттик мекемелеринин мүчөлөрү. 24-август. "Ак-Тилек" өткөрмө бекети.

Деген менен ЕЭКтин жумушчу тобун казак чек арачылары Казакстан тарапка өткөргөн эмес.

ЕЭК министри Арзыбек Кожошев расмий кайрылуусуна жооп боло электигин, Казакстан уруксат берсе, ал жактагы абал менен таанышарын айтты. Ошондой эле 29-августта ЕЭКтин кеңешинде бул маселени көтөрүлөрүн билдирди. Ал кыргыз-казак чек арасында соңку кырдаалды “бул жакшы көрүнүш эмес” деп мүнөздөгөн.

"21-августтан бери чек арада оор жүк ташуучу унаалардын узун кезеги пайда болгон, алардын саны 500гө чейин жетип кеткен. Себептери түшүндүрүлгөн эмес, Казакстан тарап расмий билдирүү таратып анда эч кандай тоскоолдуктар жок экенин, баары штаттык режимде иштеп жатканын айткан. Мониторинг тобу келери тууралуу маалыматты алар (казак тарап) билген окшойт, ошондуктан түнү менен 250дөй оор жүк ташуучу унааларды өткөрүп, бүгүн да түнү менен 230 унаа өтүптүр. Бирок алардын саны кескин түрдө азайган жок. Азыр 200-250 машине турат кезек дагы эле. Биз кечээ Кыргызстан тараптагы маалыматтарды толук алып, Казакстанга өтөлү дегенде алар "бизге маалымат түшкөн жок, ошондуктан сиздерди кабыл ала албайбыз" деп киргизген жок. Маселеге байланыштуу дагы эки күн болорубузду айтканбыз. Азыр күтүп жатабыз, бирок жооп боло элек. Негизи бул маселе Арменияда болгон чогулушта да айтылып, 29-августтагы кеңеште да кыргыз тарап буга кайрылышы мүмкүн, биз ошого даярданып жатабыз. Биримдик түзүлүп, ага Кыргызстан 2015-жылы мүчө болуп жатканда төрт эркиндик тууралуу айтылган, алардын бири товарларды эркин жүргүзүү эле. Соңку окуя албетте, Кыргызстандын гана эмес башка өлкөлөрдүн да экономикасына таасирин тийгизет. Биримдикке кирген кыргыз-казак чек арасында гана эмес мындай маселе Орусия менен Казакстандын чек арасында да бар", - деди Кожошев.

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекетинде эч кандай чектөө жок экенин, чек арада мыйзамсыз ишмердикке каршы иш-чаралар жүрүп жатканын маалымдады.

"ЕАЭБдин негизги принциптеринин бири бузулду"

Экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаев маалымат берип жатып, чек арадагы “Ак-Тилек”, “Кең-Булуң” жана “Чалдыбар” өткөрмө бекеттериндеги кезек 20-августтан бери байкала баштаганын билдирди.

Министрлик кабарлагандай, казак тарап өткөрмө бекеттеринде текшерүүлөрүн күчөткөндөн кийин чек арадан автоунаалардын өтүшү жайлап, кезек күткөндөр көбөйгөн.

“Муну менен казак тарап Евразиялык экономикалык биримдиктин негизги принциптеринин бирин бузуп, эркин товар жүгүртүүнү чектеп жатат. Бул кырдаал көнүмүш мүнөзгө айланып калды. Казак тарап Кыргызстандан бараткан автоунааларды өткөрүүнү жайлатуу үчүн ар дайым түрдүү себептерди табат”, - деп айтылат расмий маалыматта.

Министрлик мындай абал кыргызстандык ишкерлерди чоң чыгымга учуратып, өнөктөштөр алдындагы милдеттенмелерин аткарууга тоскоол болуп жатканын билдирди. Жүктөрдүн арасында тез бузулуучу азык-түлүктөр жана кечигүүсү чоң чыгымга учурата турган товарлар бар экенин белгиледи.

Мекеме казак тарап өткөрмө бекеттеги текшерүүнү күчөткөнү боюнча кабар бербегенин да кошумчалады.

Ал арада Армениянын Цахкадзор шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезексиз жыйында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ЕАЭБде товар жүгүртүүгө болгон тоскоолдуктарды жоюу тууралуу маселе көтөрдү. Азырынча мындай кайрылуу, жолугушуулардан тыянак чыга элек. Казак тарап “эч кандай чектөө жок” деген жүйөнү карманууда. Чек арада болсо жүк ташуучу унаалардын узун кезеги али кыскарган жок.

"Маселе сууга байланыштуу чыкты"

Кыргызстанда чек арадагы чектөөнү суу маселеси менен байланышта карап жатышат. Казакстан бир катар аймактары сугат сууну Кыргызстандын Киров жана Орто-Токой суу сактагычтарынан алат. Быйыл бул эки суу сактагычта тең кырдаал оор болуп, суунун көлөмү эң төмөнкү чекке түштү.

Кыргызстандын Киров суу сактагычындагы абал. 24-август, 2023-жыл.

Киров суу сактагычы. 24-август, 2023-жыл.

"Жыл башынан бери 230 млн куб суу кирди. Орто-Токой суу сактагычынан 31-июлга чейин 655 млн куб суу дыйкандарга бердик. Акыркы он жылдын ичинде эң начар абал быйыл болду. Суунун келиши абдан аз болду. Киров суу сактагычында биздин эле лимит калды. Кече күнү 14,5 млн куб суу калган. Ошонун 7-8 миллионун акыркы калдык деп коёт. Калган 6-7 млн кубду биздин дыйкандарга болушунча октябрь айына чейин беребиз”, - деген эле эки мурун Кыргызстандын Айыл чарба министрлигинин Суу чарба департаментинин башчысы Алмазбек Сокеев.

Ал ушул тапта коңшу өлкөгө Таластагы Киров суу сактагычынан суу берилбегени менен, Чүй дарыясынан 10 млн куб суу берилип жатканын кошумчалаган.

Орто-Токой суу сактагычына быйыл 470 млн куб суу топтолуп, августтун башында суунун көлөмү 8,6 млн кубга жетти. Суу сактагыч кескин тартылып кеткенде, кыргыз коомчулугунда "Орто-Токой суусун коңшу мамлекетке сатып жатат” деген пикир да талкууланды. Бирок расмийлер “суу товар катары таанылбагандыктан, коңшу мамлекетке бир литр дагы суу сатылбайт” деп четке каккан. Эки өлкө ортосунда суу сактагычтан агып чыккан сууну биргеликте колдонуу боюнча келишими бар. Кыргызстандын өзүндө эки жылдан бери суу таңкыстыгы өлкөнүн ичинде да чоң маселе жаратып келүүдө.

Дагы караңыз Орто-Токойдун суусу кайда кетти?

Кыргызстан үчүн Казакстан башкы транзиттик өлкө болуп эсептелет. Ошондуктан кыйла жылдан бери эле казак чек арасындагы ар кандай эле чектөөлөр Бишкектин шайын оодарып келет. Кыргызстан чек арадан жүктөрдү алып өтүүдө ЕАЭБ шарттары аткарылбай жатканын айтып, нааразылык билдиргени менен, андан тыянак чыкпаганын соңку окуялар көрсөтүүдө. 2015-жылдан бери чек арадагы тыгын маселеси чечилбей, Астана Кыргызстан аркылуу жүк ташыгандарга эрежелерди катаалдатып, түйшүк жараткан учурлар байма-бай болуп турат.

Экономикалык интеграцияны күчөтүү максатында түзүлгөн Евразия экономикалык биримдиги буга таасир эткен кадамдарга бара элек.