Кыргызстан аптапта Казакстанга сугатка кошумча суу берилет деген маалыматты четке какты. Мунун алдында Казакстандын экология, геология жана жаратылыш министри Сериккали Брекешов коңшу мамлекеттен алган суунун көлөмүн көбөйтүү багытында иштер жүрүп жатканын кабарлаган.
Апта башында Талас облусундагы айрым дыйкандар төө буурчак эгилген талааларга суу жетпей, Талас дарыясынан Казакстанга суу көп агызылып жатканын айтып нааразы болушкан. Чүйдө дагы сугат суу тартыштыгы чыккан.
Казакстандын экология, геология жана жаратылыш ресурстары министри Сериккали Брекешов 21-июлдагы басма сөз жыйында быйыл жайында Кыргызстандан кошумча сугат суу алуу тууралуу макулдашуулар болгонун айткан. Анда Чу жана Талас дарыялары, Токтогул суу сактагычы тууралуу сөз болгон.
"Транс чек аралык өзөндөрдөгү сууну көбөйтүү үчүн коңшу мамлекеттер менен иш алып барып жатабыз. Келишим шарттарына кол коюлду. Мисалы, быйыл Кыргызстан менен эки өзөндөн - Чу жана Таластан келип жаткан суунун көлөмү тууралуу эки тараптуу келишимге кол коюлду. Ошондой эле Кыргызстан менен товар алмашуунун чегинде биз аларга электр энергиясын бергенбиз. Алар бизге жазында ГЭС аркылуу электр энергиясын өндүрүү үчүн суу жиберет. Ошол суу бизге дыйкандарга керек болуп жаткан суу. Кошумча 330 миллион метр куб суу алууга эки тараптуу кол койдук".
Кыргызстан болсо коңшу мамлекетке сугат үчүн деп атайын кошумча суу берилбесин айтууда.
Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын башчысынын орун басары Абдыбай Жайлообаев "Азаттыкка" комментарий берип жатып, бул жагдай Казакстандан карызга алган электр энергиясын кайтарып берүүгө байланыштуу экенин айтып берди.
"Бул жерде Чу менен Талас дарыясынын тиешеси жок. Былтыр Токтогулда суу азайып, кышында электр энергиясы жетпей калат деген учурда Казакстан менен Энергетика министрлиги келишим түзгөн. Ага ылайык, Казакстан 900 миллион кВт саат электр энергиясын бермек болгон. Биз аны үч жылда төлөп кутулабыз, жыл сайын 300 миллион кВт саат электр энергиясы берилет деген шарт менен кол коюлган. Ошол 300 миллион кВт саат электр энергиясын алуу үчүн Токтогулдан 330 миллион метр куб суу чыгарылат. Ошол 300 миллион кВт чаат электр энергиясы Казакстанга кайтарылып берилет. Бирок аны өндүрүү үчүн суу керек, суусуз эч нерсе кыла албайбыз. Ошол 330 миллион метр куб суу аларга агып кетет. Сөз ушул тууралуу болуп жатат. Алар бизден барган суулардын баарын эле сугатка колдонот".
Мунун алдында Талас облусуна караштуу Талас районунда айрым дыйкандар төө буурчак айдалган талааларга суу жетпей, Талас дарыясынан Казакстанга суу көп агызылып жатканын айтып чыгышкан. Буга байланыштуу Калба айыл өкмөтүндө эл чогулган. Бул тууралуу "Азаттыкка" Талгат аттуу жергиликтүү тургун билдирди.
"Суу тартыш болуп, аз болуп азыр деле маселе болуп жатат. Өткөндө Казакстанга суу көп кетип жаткан, азыр андай болбой калды. Баягыда айыл өкмөт, айыл башчылары келип чогулуш болгон. Дыйкандар чогулганбыз. Суу башчылары, облустун чоңдору союз учурундагы жана азыр деле ошол эле пайыздык чен менен бөлүнүп жатат дешти. Бизде бул жакта эсепке алынбаган жерлерибиз бар да. Ошол себептен суу жетпей күйүп кетүү абалында турат".
"Азаттык" буга байланыштуу айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековго кайрылып, учкай гана комментарий ала алды.
"Азыр сугат суу боюнча эч кандай чектөө жок. Казакстанга тиешелүү гана көлөмдө беребиз. Бизге биринче кезекте кыргызстандык дыйкандардын кызыкчылыгы артык".
Суу ресурстары кызматынын башчысынын орун басары Абдыбай Жайлообаев Чу жана Талас дарыялары аркылуу Казакстанга суу берүү шарттары Советтер союзунда кабыл алынган документтерде көрсөтүлгөнүнө токтолду.
"Союз учурунан берки суу бөлүштүрүү боюнча документтер бар. Биз ошол протоколдор менен иштеп жатабыз. Ага ылайык, Чу дарыясынын 52% биздики, калган 48% казактардыкы Талас боюнча 50-50 деген шартта бөлүнөт деп туруп Киров суу сактагычынын көлөмү эсептелип, Таласта аккан суулар кошулуп, ошол көлөм бөлүнөт. Киров суу сактагычынын өзүнөн 79% суу казактарга кетет. Ал эми 21% ошол суу сактагычтын алдындагы Манас району алат. Ошол жердеги 16 миң гектар жерге гана суу алынат. Биз аларга суу берүүгө милдеттүүбүз. Экинчиден, ошол милдеттемелерди аткаруу үчүн казактар дагы бизге жардам берип жатат. Былтыр мисалы Киров суу сактагычында авария болду деп жазбадыңар беле. Мына ошол тетикти (затвор) казак тарап жасап жатат. Сентябрь айында бизге алып келип алмаштырып берет. Биз аларга, бизге алар жардам берип иштешип жатабыз".
Өткөн жылы Борбор Азияда кургакчылык болуп, сугат суу тартыштыгы Кыргызстандын айыл чарбасына кесепетин тийгизген.
Токтогул ГЭСинде суу азайып, авариялык абалга жетиши ыктымал деген чочулоо күчөгөн. Дыйкандар талаага суу жетпей кыйналып турган маалда Казакстанга кошумча суу берилгени тууралуу маалымат чыгып, ал өкмөткө сынды күчөткөн. Энергетика министрлиги анда дагы коңшу мамлекетке суу берүү электр энергиясын өз ара алышып-беришүү тууралуу эки тараптуу макулдашуунун негизинде ишке ашканын айткан.
Президент Садыр Жапаров 21-июлда Чолпон-Ата шаарындагы Борбор Азия лидерлеринин саммитинде аймактагы суу пайдалануу маселесин көтөргөн. Анда сууну топтоо жана сактоо аракети өз баасын ала электигин айтып, бул тармакта ресурсту башкаруунун механизмин чогуу иштеп чыгууну сунуштаган.
"Дагы бир жолу сууну пайдалануунун эки тарапка тең пайдалуу механизмдерин биргелешип иштеп чыгууну сунуштайм. Ошондо суу башындагы өлкөлөр суу аз мезгилде дагы бир нече жылдар бою сугат үчүн сууну вегетация мезгилине топтоо мүмкүнчүлүгүнө жана кызыгуусуна ээ болушат. Биз 1998-жылдагы Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын ортосундагы Нарын-Сырдарыя дарыясынын суу-энергетикалык ресурстарын пайдалануу боюнча макулдашуунун алкагында кызматташууну жаңыртуу жана өркүндөтүүнү жактайбыз. Анда суу жана энергетикалык ресурстардын тең салмактуу алмашуусу каралган", - деген Жапаров.
Казак президенти Касым-Жомарт Токаев аймактагы суу ресурстарын бири-бирине пайдалуу шартта пайдаланууга шарт түзгөн долбоорлорго өзгөчө маани берилерин айтып, "Камбар-Ата 1" ГЭСин долбоорун колдой турганын билдирди.
"Кечээ биз үч президент бул маселени дыкат талкуулап, алдын ала конкреттүү, өтө пайдалуу макулдашууга келдик. ГЭС Борбор Азия өлкөлөрүндөгү энергетикалык коопсуздукту камсыздоого, айыл чарба өндүрүшүн кеңейтүүгө жардам берет", - деди Токаев.
Кыргызстан коңшулары Өзбекстан менен Казакстанга суу топтоп берет. Расмий Бишкек буга чейин да суу товар катары бааланышы зарыл экенин айтып, ага байланышкан чыгымдар төлөө тууралуу маселе көтөрүп жүргөн.
Кыргызстанда соңку жылдары сугат суунун тартыштыгы сезиле баштады. Июнь айында Чүйдүн Новопокровка айылынын дыйкандары суу тартыш болуп жатканын айтып, өкмөт үйүнүн алдына акцияга чыгышкан.
Март айында Министрлер кабинети 2022-жылы өлкөдөгү ирригация тармагын жакшыртууга 1 миллиард сом бөлгөнү кабарланган. Айыл чарба министрлигинин Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, ирригациялык системалардын начарлашынан улам сугат иштеринде ири көлөмдөгү суу коромжуга учурап келет.
Дагы караңыз Кыргызстан-Казакстан: Суу сактоо акча турат