Кыргыз таануунун жаңы белеси

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкекте “Кыргыз таануу маселелери: байыркы доордон азыркы мезгилге чейин” деген темада эл аралык илимий-тажрыйбалык жыйын болуп өттү. Иш-чарага жергиликтүү жана Борбор Азия мамлекеттеринен, Орусиядан келген окумуштуулар катышып, илимий баяндамаларында чыгыш таануу жана кыргыз таанууну мындан ары терең иликтөө жаатында өз сунуштарын билдиришти.