Кумтөр келишими күчүнө кирди

Стратегиялык келишимге мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Кумтөр кенин көрүп келгенден эки күн өткөндөн кийин кол коюлган, Кумтөр, 9-сентябрь 2017-жыл.

Кыргыз өкмөтү менен Кумтөр алтын кенин иштеткен "Центерра Голд Инк." компаниясынын ортосундагы эки жыл мурда макулдашылган стратегиялык келишим күчүнө кирди. Канадалык компания эки тараптын ортосундагы соттук териштирүүлөр токтотулганын жарыялады.

Кыргыз өкмөтү канадалык "Центерра" ("Centerra Gold Inc.") компаниясы менен стратегиялык келишим акыры күчүнө киргенин 27-августта жарыялады.

Айлана-чөйрөнү коргоону жана инвестицияны өнүктүрүүнү көздөйт деп айтылган бул келишимге 2017-жылдын 11-сентябрында, мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун тушунда кол коюлган.

Исаковдун отставкасынан кийин бийликке келген Мухаммедкалый Абылгазиев жетектеген өкмөт ал келишимди "өлкө кызыкчылыгына жооп бербейт" деп баалап, макулдашуунун шарттары боюнча "Центерра" менен жаңы сүйлөшүүлөрдү баштаган. Натыйжада Стратегиялык келишимдин күчүнө кирүү мөөнөтү ушуга чейин узартылып келди.

Өкмөт: төлөмдөр көбөйдү

Бейшемби күнү Абылгазиев "Центерранын" каражаты келип түшө турган фонддордун иши боюнча кеңешме өткөрүп, канадалык компания менен сүйлөшүү оң жыйынтык бергенин ишара кылды.

Анын айтымында, Исаковдун тушунда кол коюлган Стратегиялык келишимде "Центерра" кыргыз тарапка баш-аягы 87 миллион доллар гана берүүгө макул болсо, эми бул сумма 150 миллион долларга көтөрүлдү.

Мухаммедкалый Абылгазиев жетектеген өкмөттүн 28-августтагы жыйыны.

"Бул эми 2026-жылга чейин келип түшө турган каражаттар. Анын ичинде жыл сайын түшө турган жана бир жолу келе турган төлөмдөр бар. Эң башкысы мурдагы кол коюлган макулдашуу менен азыркы биз жетишкен макулдашуунун алкагында 63 миллион доллар каражатты ашыкча алууга жетиштик. Аны менен бирге биз өзүбүзгө бир дагы кошумча милдеттенмелерди алган жокпуз", - деди Абылгазиев.

Сапар Исаковдун өкмөтү кол койгон келишимге ылайык, «Центерра Голд» Жаратылышты өнүктүрүү фондун түзүүгө бир ирет 50 миллион доллар, Онкологиялык кызматты өнүктүрүү фондуна баш-аягы 10 миллион доллар бөлмөй болгон. Ошондой эле жаңы түзүлө турган Жаратылышты өнүктүрүү фондуна жыл сайын 2,7 миллион доллар төлөп турууну чечкен.

Абылгазиевдин өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында “Центерра” Стратегиялык келишимде айтылган төлөмдөрдөн тышкары жаңы түзүлгөн Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондуна баш-аягы 10 миллион доллар бөлүүгө макул болду. Ошондой эле бул фондго «Кумтөр Голд Компанинин» дүң кирешесинин 0,4 пайызына тете айлык төлөмдөр берилет. Ал эми Жаратылышты өнүктүрүү фондуна 1 миллион доллар өлчөмүндө жылдык төлөм каралган.

Жогорку Кеңештин Отун-энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаев Стратегиялык келишим боюнча өкмөттөн толук маалымат алгандан кийин гана өз оюн билдирерин "Азаттыкка" айтты.

Депутат Дастан Бекешов Жогорку Кеңеш ишин баштагандан кийин макулдашуунун чоо-жайы тууралуу өкмөттөн түшүндүрмө сурай турганын айтып, ошентсе да келишимдин акыры күчүнө киргени өлкөнүн инвестициялык аброю үчүн жакшы кадам болгонун белгиледи.

Депутат Дастан Бекешев.

"Менде азыр басма сөз каражаттарынан алынган гана маалымат бар. Ачыгын айтыш керек, өкмөттө деле адистер иштеп жатат. Алар кыргыз мамлекетине зыян келтирели деген ой менен деле иштеген жок го. Анан биз чекит коюшубуз керек болчу. Себеби, башка инвесторлор да ошону карап жатат. Сот процесстер бүтүп, макулдашууга кол койдук. Эми дүйнөдөгү башка инвесторлор бизди оң баалап башташат", - деди Бекешов.

Эзелки экологиялык доо

Стратегиялык келишимде Кумтөр кени 2009-жылдагы макулдашуу менен ишин улантып, азыркы жана пландалган операциялары өзгөрбөй турганы, келечекте “Кумтор Голд Компанинин” финансылык операцияларына, кызматкерлеринин эркин каттамына чектөө коюлбай турганы белгиленген. Эң башкысы бул келишимге ылайык, эки тарап тең соттук териштирүүлөрдү токтотуп, кыргыз өкмөтү экологиялык доодон баш тартышы керек.

Торонто шаарында катталган "Центерра" компаниясы 26-августта, Кумтөр долбооруна таасирин тийгизген Кыргызстандагы соттук териштирүүлөр, ошондой эле "Центерранын" кыргыз өкмөтүнө каршы арызы боюнча Гааганын Туруктуу арбитраждык сотундагы процесс токтотулганын жарыялады.

Арийне, кыргыз өкмөтүнүн 27-августтагы билдирүүсүндө соттук жараяндар токтогону жана кыргыз тарап "Центеррага" карата экологиялык доодон баш тартканы тууралуу маалымат берилген жок.

Геология илимдеринин доктору, профессор Дүйшөнбек Камчыбеков өкмөт менен "Центерранын" кепке келгенин оң баалаганы менен келишимден түшө турган каражаттын жалпы суммасы жана кендеги экология маселеси боюнча суроолор бар экенин билдирди:

Профессор Дүйшөнбек Камчыбеков.

“АМЕК” деген дүйнөлүк компания кенде экологиялык маселелер бар деп таанып, сунуштарын берген. Аны “Центерра” да кабыл алып, 10 миллион доллар эле бөлүнүп берилип жатат. Бүгүнкү күндө 10 миллион доллар менен ал жактагы маселелерди толук кандуу чече алабыз дегенден алысыраак болушубуз керек. Стратегиялык келишимдин алкагында "соттук териштирүүлөрдү токтотсок", "экологиялык доолорубузду кайра артка алсак" деп кыргыз өкмөтү ушундай милдеттенме алып жатат. "Центерра" арбитраждык териштирүүгө жол бербей эле коёлу деп жатат. Ошону менен эле чектелип жатышкандай. Ал эми экология маселеси болсо ушуну менен эле чечилип калат деген ойдон алыс болушубуз зарыл", - деди профессор Камчыбеков.

Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөсү, мурдагы депутат Эркингүл Иманкожоева Стратегиялык келишим тууралуу "Азаттыктын" талкуусунда сүйлөп жатып, Кыргызстан Кумтөр маселесинде "алданганын", "сөөк ыргыткандай" гана мамиле жасалып жатканын айткан.

2010-жылы бийлик алмашкандан кийин түзүлгөн парламенттик жана мамлекеттик комиссиялар Кумтөр боюнча мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда же 2009-жылы түзүлгөн "келишим өлкөнүн кызыкчылыгына толук жооп бербейт" деген бүтүмгө келип, аны кайрадан карап чыгууну сунушташкан. Ошондой эле кенде экологиялык маселелер көп экени, аймакта мөңгүлөр эрип жатканы белгиленген.

Дагы караңыз "Мөңгүлөр жыл сайын жукарып жатат"


Натыйжада "Центерра Голд" компаниясы кыргыз өкмөтү менен бир нече жолу сүйлөшүү жүргүзүп, 50/50 пайыздык биргелешкен ишкана түзүү сыяктуу бир катар сунуштар айтылган. Бирок алар боюнча Кыргызстандын ичинде да, “Центерра” менен сүйлөшүүлөрдө да орток пикир табылган эмес.

2012-2013-жылдан тарта Кыргызстанда Кумтөрдү иштеткен “Кумтөр голд компани” жана “Кумтөр оперейтинг компани” ишканаларына байланыштуу соттук териштирүү башталган. Экотехинспекция Кумтөрдө “кенден чыккан калдыктар муздун үстүнө ташталган”, “жер катмары бузулган”, “эсепке алынбаган уу заттар калдык сактоочу жайларга төгүлгөн” жана “суу үчүн акы төлөнгөн эмес” деген төрт доо менен сотко кайрылган. 2016-жылдын май жана июнь айларында Бишкектин район аралык соту бул өтүнүчтөрдү канааттандырып, “Кумтөр Голд Компаниге” айлана-чөйрөгө келтирген чыгым үчүн 7 миллиард сомдук же кеминде 100 миллион доллар доо койгон.

2016-жылдын 30-майында “Центерра” кыргыз өкмөтүнүн дооматтарын негизсиз деп белгилеп, Гаагадагы эл аралык арбитраждык сотко кайрыларын жарыялаган. 2017-жылы Стратегиялык келишимге кол коюлгандан бери “Центерра” да эл аралык арбитраждагы териштирүүнү улам кийинкиге жылдырып келди.

Кумтөрдүн "өмүрү" узарабы?

Кумтөрдө алтын казуу 2026-жылга барып токтой турганы белгиленген. Бирок өкмөт менен “Центерранын” ортосундагы соңку мунасага ылайык, канадалык компания алдыңкы эки жылда Кумтөрдө чалгындоо иштери үчүн кеминде 16 миллион доллар сарптамай болууда.

Бирок чалгындоо иштери Кумтөрдүн кайсы бөлүгүндө жүргүзүлөрү, анын аймактагы мөңгүлөргө канчалык таасири тиери толук ачыкталып айтылган жок. "Центерра" Кумтөрдөгү чалгындоо аракеттери тууралуу "Азаттыктын" суроосуна жооп бере элек.

Бирок 26-августтагы билдирүүдө канадалык компаниянын президенти Скот Перри кендин "өмүрүн" улантууну көздөгөн иш-аракет уланарын кыйытты.

"Стратегиялык келишимдин күчүнө кириши Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен биздин күчтүү мамилебизди бекемдейт жана Кумтөр долбоорунун тарыхындагы дагы бир бурулуш учурду көрсөтөт. Стратегиялык келишим алып келген аныктык Кумтөр долбоорунун резервдерин жана ресурстарын кеңейтүү жана кендин өмүрүн узартуу багытында ишти улантууга мүмкүнчүлүк берет", - деп белгилеген Скот Перри.

Ысык-Көл облусундагы Ак-Шыйрак тоо кыркасында жайгашкан Кумтөр кенинде алтындын 396 тоннадай кору бар деп эсептелген. 1997-жылдан 2018-жылга чейин 345 тоннадай алтын өндүрүлдү. Былтыр бир жыл ичинде 534,563 унций же 16 тоннадай алтын казылган. Бир унций алтындын баасы дүйнөлүк рынокто 1,5 миң доллардай турганын эске алганда, өндүрүлгөн бир жылдык алтындын дүң баасы 800 миллион доллардан ашат. “Кумтөр Голд Компани" былтыр кыргыз бюджетине баш-аягы 135 миллион доллардай каражат төлөгөнүн билдирүүдө.

2009-жылдагы келишимге ылайык, “Центеррадагы” кыргыз өкмөтүнүн үлүшү 33 пайызды түзгөн. 2016-жылы кыргыз өкмөтү менен орток пикир табылбай жаткан маалда, “Центерра” компаниясы Түндүк Америкадагы жаңы кенди сатып алуу үчүн кошумча эмиссияларды чыгарган. Бул кыргыз тараптын үлүшүнүн 26,5 пайызга түшүп кетишине жол ачкан.

"Ыңгайсыз суроолор": Тоо-кен байлыгы: пайдасы кимге? 28.08.2019

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Тоо-кен байлыгы: пайдасы кимге?

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.