ОСУЯТ: Фараби, Кул Кожо Акмат, Чоңду, Солтобайдын ж.б. залкарлардын көөнөргүс кебинен

Абу Наср ибн Мухаммед Фараби.

Кыргыз фольклору — көөнөргүс. Азыр да андагы ой чабытынан ойгонобуз, кубат алабыз. Акын Шайлообек Дүйшеев топтогон элдик көркөм мурастын бир ажайып шиңгили.

Илгери бир бай байбичесине:

- Кедей-кембагал дегендер жок болсо жакшы болот эле. Ошолорго жардам берем деп жүрүп ойдогудай байый албай келатабыз. Алар өздөрүнүн жакыр экендиктерин билбей, дайыма бизди жамандап, бизди көрө албай турушат, - десе,

Байбичеси:

- Эгер кедей-кембагалдар жок болуп, жер үстү жалаң байлар болсо, биздин бай экенибизди ким билет эле? “Байбыз” деп кимге мактанат элек? - деген экен.

* * *

Дагы бир акылман: “Эгер турмуш силер ойлогондой бу дүйнөдө кедей да, бай да жок болуп, кой үстүндө торгой жумурткалаган заман болсо, даана тозок ошондо болмок, жашоонун кызыгы болмок эмес", -деген экен.

* * *

Кедей менен Бай, Кембагалдык менен Байлык, Теңдик менен Теңсиздик, Эркиндик менен Эрксиздик да жамандык менен жакшылык, өлүм менен ѳмүр, ак менен кара, калп менен чындык сыяктуу эзелтен эле бири-бири менен ээрчишип, эриш-аркак жашап келатыптыр.

* * *

Кедейлерди Байга теңейм, Кулду Бийге теңейм, теңсиздерге теңдик алып берем деген далай эр жүрөк баатырлардын, алтургай далай доорлордун “башы” кетиптир. Ушундай асыл идея менен курулган СССР араң 70 жыл жашап, кантип жок болгону улуу муундагыларга жакшы белгилүү.

* * *

Ошол байыртан эле эл эсебинен байыды дегендер менен эл башкарган бийлер санаалаш, тилектеш, табакташ болот экен. Эл башкаргандар эч качан кедей-кембагалдарга эмес, элди жеп байып келген байларга, акчасы көп алдуу-күчтүүлөргө таянарын биле жүргөнүбүз оң. Анан байыртан эле байыгандар байып, башкаргандар эл башкарып, эл болсо эркиндик, теңдик тууралуу эңсеп, акындар болсо элдин ыза-муңун, арман-тилегин ырга салып өтүп келатыптыр. Мындан ары карай да өтө берет сыягы...

* * *

Жалпы түркий элдердин бабасы болгон, орток түрк поэзиясынын өкүлү Коркут Ата: “Эр жигиттин жоомарттыгын да, Эр жигиттин акмактыгын да акын билет”, - деп айтыптыр.

* * *

Абу Наср ибн Мухаммед Фараби (870 же 872 — 950/51): “Адамдын өмүрү тартылган сүрөттөгү боёкко окшош, убакыт ѳткѳн сайын боёктун да өңү өчө берет, анан ушунчалык кыска өмүрдө неге адамдар ынтымакта, тынчтыкта бактылуу жашай алышпайт?” - деп баш катырыптыр.

* * *

Дагы бир бабаларыбыздын бири Кул Кожо Акмат XII кылымда эле:

Кайда барба калкка кайрым, кеңчилик жок,

Падышада, вазирлерде теңчилик жок.

Молдолордун дубасында сээрчилик жок,

Түркүн балээ калк үстүнө жаады достор.

Акыр заман аалымдары заалым болду,

Эбин тапкан акылсыздар аалым болду,

Ак жашаган адамдарга жаман болду,

Ушундай бир тирукмуш заман болду, - деп жазыптыр.

* * *

Ар кимибизди ойлонто турган нерсе, Кул Кожо Акмат мындан дээрлик тогуз кылым мурда ырдаган ырындагы кайрымдуулук, кеңчилик, теңчилик, падыша, вазирлердин калк менен жакындыгы, чыныгы молдолордун ордун чала молдо динбузарлар ээлей турганы, ак жашаган адамдардын азап-тозок тарта берерин айтып ырдаптыр. Акындын ырындагы айткандар, эмне, бүгүн жокпу?

* * *

Фарабинин доорунан бери он бир кылымдай өтүптүр. Эмне өзгөрдү? Эчендеген элдер жашап, бири келип, бири кетип, доорлор алмашкан менен, доорлор өзгөргөн менен Байлык менен Бийлик, Кедейлик менен Кембагалдык, Эркиндик, Теңдик жѳнүндѳгү эңсеген ой-тилектердин ошол эле бойдон калып келатканы, ошол эле бойдон өзгөрбөй келатканы эмнеси?

* * *

Кул Кожо Акмат ырдагандан 200 жылдан кийин же XIV кылымда айтылуу Асан Кайгы ырдаптыр:

Элиң бейпил болбосо,

Желе тартып, бээ байлап,

Суу жакалай конбосо.

Сугун артып душманың,

Сууңдун башын булгаса.

Аркаңа камчы ойнотуп,

Аргымак минип дууласа,

Ата Журттан не пайда?

Элим-элим дебесе,

Өйдө-тѳмѳн удургуп,

Көчүп-конуп жүдөгөн

Элдин камын жебесе,

Акимдиктен не пайда?

Калкына калыс караса, Кан бийлиги эм болор.
Асан Кайгы

Калкым-калкым дебесе,

Калктын камын жебесе.

Кан алдына чыкпаса,

Калыс сөзүн айтпаса,

Башын катып уктаса

Карыядан не пайда?

Элиң кетсе ыдырап,

Жооң турса жобурап,

Жонго чаап кодулап,

Ошондо айлаң не болор?

Калкына калыс караса,

Кан бийлиги эм болор.

Калыска кара санаса,

Кан карайлап дел болор,

Айткан сөзү жел болор.

Баасы кетип бийликтин,

Бачайысы бөз болор.

Баркы кетип улуктун

Бар адамга сөз болор.

Асан Кайгы бабабыздын ошол XIV кылымда айткан бул ойлору бүгүн да маани-маңызын жоготпогонуна эмне себеп деп ойлойсуз?

* * *

Асан Кайгы өңдүү акындар зарлап ырдаган, эл ичинде теңчилик болсо экен, каны калыс, калкы жаман жашоодон алыс болсо экен деген элдин эңсөө-тилеги ошол доорлордон бери өзгөрбөй жүрүп олтуруп, XIX кылымга келиптир.

XIX кылымдагы акындардын көрүнүктүү өкүлү Балык Кумар уулу минтип ырдаптыр:

Айт, айт десе токтобой,

Акындардын ырын айт,

Алсыздардын муңун айт.

Кейигендин ырын айт,

Кедейлердин муңун айт.

Кызарып күйгөн жылдызды айт,

Кытайга качкан кыргызды айт.

Адыр-адыр белиңди айт,

Азап тарткан элиңди айт.

Ынтымак кеткен айылды айт,

Ырысы качкан жайыңды айт.

Алдап сойчу жаттарды айт,

Адашып элден качканды айт.

Желкелеп турган жалааны айт,

Жетим калган баланы айт.

Башчысыз калган элиңди айт,

Бактысыз калган жериңди айт.

Акчага күйгөн ыйманды айт,

Акты кара кылганды айт.

Ал эми дагы бир зор таланттардын бири, Айтыке бабабыз:

Молдолор үчүн дин жакшы,

Бакшылар үчүн жин жакшы.

Кемпирлер үчүн чал жакшы,

Дыйкандар үчүн дан жакшы.

Калыстык менен башкарса,

Качан да болсо кан жакшы.

Жезиттер үчүн кул жакшы,

Жегичтер үчүн пул жакшы, - деген экен.

* * *

Айтылуу Арстанбек бабабыз ырдаптыр:

Кайратың тоону бузса да,

Кашыгың көлдү сузса да.

Оозуңдан чыккан сөзүңө

Зоо куланып учса да,

Эл менен сен адамсың,

Элден чыксаң жамансың.

Кабарың Күнгө кетсе да,

Жылдызга колуң жетсе да,

Жараткандын дүйнөсү

Бүт колуңа өтсө да.,

Эл менен сен бийиксиң,

Элден чыксаң кийиксиң.

Арзанды кымбат баалаган

Сүткордун жайы кара жер.

Айылга бүлүк чыр салган

Анткордун жайы кара жер.

Ѳмүрүн кыйган адамдын

Канкордун жайы кара жер...

* * *

Ошол эле Арстанбек Буйлаш уулу менен тең курбу Чоңду акын көөнөргүс мурасын калтырган.

Анын “Кези-кези келгенде” деген ѳтѳ мыкты ыры бар:

Кези-кези келгенде,

Казы-карта, жал жедик.

Кези-кези келгенде

Кымыз жутуп, бал жедик.

Кези-кези келгенде

Чала бышкан нан жедик.

Кези-кези келгенде

Текей тердик термелеп.

Кези-кези келгенде

Чычкан болдук жѳрмѳлѳп.

Кези-кези келгенде

Буудан миндик, төө миндик.

Кези-кези келгенде

Бут тарталбай жѳѳ жүрдүк.

Кези-кези келгенде

Суу ташыдык чакалап.

Кези-кези келгенде

Тезек тердик шаталак.

Кези-кези келгенде

Көөп жүрдүк чалчактап.

Кези-кези келгенде

Сөз таппадык жалтактап.

Кези-кези келгенде

Бай болалбай мал сактап.

Кези-кези келгенде

Араң жүрдүк жан сактап...

* * *

Солтобай деген дагы бир зор акын өткөн. Бизде бир жаман көрүнүш өнөкөт болуп калган. Тууган-тушканы бар, же колунда барлардын уруусунан чыккан акын аттуулар талантынын бары-жогуна карабай даңктала, мактала берип, китептерге кирип окутула берип, чыныгы таланттар унутулуп, ысымдары өчүп кала берген.

Ошонун сыңарындай Ысык-Көлдүн тескейинде туулган, бугу уруусунун “желдең” уругунан чыккан зор акын өткөн. Солтобай көзү өткөнчө Арстанбекти урматтап, “устатым” деп сыйлап, аны пир туткан. Ошол Солтобайдын ырынан:

Чочойгон бир иш кылбастан, Чоңдордун ѳтѳр күндѳрү Чогулуш менен жыйында.
Солтобай

Эл-журтум уккун сөзүмдү,

Эңкебей, тикте, көзүмдү.

Заманың эми тар болор,

Залимдин сөзү шар болор.

Бейили жумшак, ниети ак,

Бечаралар кар болор.

Улама сөздөр жок болор,

Уурулар күчөп шок болор.

Чыр-чатак сага өч болор,

Чындыктан жалган көп болор.

Жамандар болор жалаакор,

Бийлериң болор паракор.

Айланаар акмак кыйынга,

Ач көздүк арбыыр тыйынга.

Чочойгон бир иш кылбастан,

Чоңдордун ѳтѳр күндѳрү

Чогулуш менен жыйында,

- деп келип, Солтобай андан кийинкилерин Калыгул олуянын айткандарындай маселдетип кеткен экен минтип:

Мурункудан кийинкиң чечен болор,

Бою кыска, бекене, бечел болор.

Оюлгандан оюлуп заман түбү

Журт бузулган учурда биле жүргүн,

Мындай, мындай шумдуктар эчен болор...

* * *

Баяныбызды айтылуу Жеңижоктун санатынан алынган үзүндү менен аяктайлы.

Колуңдан дөөлөт тайганда,

Агайын сенден жат болот.

Аласа кирбей колуңа

Алаган колуң мант болот.

Ашыкча дооруң келгенде

Аргымак минип таптайсың,

Алтынды үйгѳ чаптайсың,

Алышкан жооңу каптайсың.

Ашыкча дооруң кеткенде,

Агалап турган досторду

Айланып издеп таппайсың.

Күлүстөн дооруң келгенде

Күлүктү минип таптайсың,

Күмүштү үйгѳ чаптайсың,

Күрөшкѳн жооңу каптайсың.

Күлүстөн дооруң кеткенде

Күжүлдѳп жүргөн досторду

Күнүгө издеп таппайсың.

Ашыкча дооруң келгенде

Аргымак минип дуулайсың,

Айгайды салган чуудайсың.

Ашыкча дооруң кеткенде

Агалбай калган суудайсың.

Ашыкча дооруң келгенде

Ашуусу бийик белдейсиң,

Агыны катуу селдейсиң.

Ашыкча дооруң кеткенде,

Аңгырап калган жердейсиң, - деген экен кайран кишилер.

Бардыгыңыздарды ушул улуу абаларыбыздын арбактары колдой жүрсүн!

Топтогон Шайлообек Дүйшеев.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.