Балдарды коркутпай окутса болобу?

Бишкектеги окуучу балдар.

Кыргыз мектептери азыркы замандын талаптарына жооп берген билим берип жатабы? Канткенде жеткинчектер коркпой окуп, эркин ой жүгүртө алышат? Ушул маселелерди Кыргызстан, Германия, Жапония, Түркияда жашаган адистер менен талкууладык.

«Азаттык»: - Биздин мектептер күн санап өнүгүп-өзгөрүп бараткан дүйнөлүк эмгек рыногунун талаптарына шайкеш билим берип жатабы? Бул маселе муундар алмашып жаткан ар бир доордо, коомдо актуалдуу болсо керек. Кантсе да, мындай талкуулар азыр бир эле Кыргызстанда эмес, далай өлкөлөрдө, анын ичинде өнүккөн Батышта да жүрүп жатат.

Талкуунун катышуучулары: Билим берүү министрлигине караштуу Билим берүү академиясынын президенти Алмазбек Токтомамбетов, Германиядагы Бергман Билим берүү институтунун жетекчиси Дастан Жалил, ушул тапта Жапонияда билимин өркүндөтүп жаткан мекендешибиз, эколог Гүлүмкан Бектурова жана Түркияда Дин философиясы жаатындагы докторант Элмурат Кочкор уулу.

Анда сөздү Алмазбек, сизден баштасак, кыргыз өкмөтүндө «мектептерди замандын талабына жооп бере турган билим берүүгө өткөрүү, балким окутуу системасын реформалоо» деген кандайдыр план, программалар барбы?

Алмазбек Токтомамбетов.

Алмазбек Токтомамбетов: - Ооба, бизде да жылыштар болуп жатат. Жакында эле билим берүүнүн 2021-2040-жылга карата жаңы концепциясы бекитилди. Андагы бир-эки маанилүү жерге токтоло кетейин. Мисалга, билим берүүбүздү реформалоодогу эң негизги элементтердин бири катары «meta learning» усулун кийирип жатканыбызды айтууга болот. Бул усул кандай гана шартта болбосун, окуучунун өз алдынча окуп, үйрөнүп кетүү көндүмүн калыптандырууга жардам берет. Экинчиси - окуучулардын «өзүн өзү таанып билүүсүн» камсыздаган усулду киргизүү максатталып жатат.

«Азаттык»: - Менин балдарым бирөө беш, экинчиси жети жыл Бишкектеги мектепте окуп, андан кийин Прагадагы эл аралык мектепке барып калышты. Ортодогу чоң айырмачылыктарга токтоло кетсем, эл аралык мектепте окуучуга 6-класстан баштап беш-алты негизги сабактан калган сабактарды өзүнүн жөндөмүнө, кызыгуусуна жараша тандоо мүмкүндүгү берилет экен. Бирөө келечекте биолог, же химик болом десе ошол сабакты тереңдетип окуйт, жазуучу болом дегени гуманитардык сабактарды көбүрөөк алат дегендей. Дастан мырза айтсаңыз, бул жаатта Германияда кандай тажрыйба бар экен?

Биздин мектептерде мугалимдин катасын оңдоп койгон окуучуну майтарып, анын шагын сындыргандай мамиле кылса балада өнүгүп келе жаткан сынчыл ой жүгүртүү токтоп калат.

Дастан Жалил: - Албетте, бул жакта мектептердин башкы максаты - бул окуучуну эркин ой жүгүрткөн, өзүн эркин сезген абалда жашоосунун кийинки тепкичине даярдоо болуп саналат.

Германияда, 5-10-класстардын аралыгында жылына бир жолу эки апта окуучулар сабактан бошотулуп, өзү кызыккан кандайдыр бир ишканага барып, иштеп берет. Мындагы максат - окуучунун «Мен ошол жерде эки апта жүрдүм. Келечекте мен ошол багытта иштеп кете аламбы?» деген суроого жооп таап келүүсү болуп саналат. Ушундайча окуучулар өзү үчүн эң туура кесипти тандап алуусуна шарт жаралат. Окуучулар айтылуу практикага чыгып келген соң кээде өзү кызыккан тармак тууралуу оюн өзгөртүшсө, кээде чындап эле оюнда тандаган кесибине жөндөмдүү экенин байкап, ниети бышыкталып келет.

«Азаттык»: - Кызык экен. Гүлүмкан, балдарды жашаган шаар-кыштактын жашоосуна жуурулуштуруу, келечекте ошол жамааттан ордун табууга жардам берүү жагынан жапондордун тажрыйбаларынан айтып берсеңиз.

Гүлүмкан Бектурова

Гүлүмкан Бектурова: - Ооба, менин Кыргызстандан жаңы көчүп келген, жапон тилин жаңы гана үйрөнө баштаган балдарым мектепке биринчи жолу барганда мугалимдер эшиктин алдында ийилип салам берип тосуп алып, класска киргенде балдар ордунан туруп кол чаап тосуп алганы эсибизден кетпейт.

Өрнөк алса боло турган жактардын бири катары - жапон мектептеринде окуучулар өздөрү мектептин тазалыгына жоопкер экендигин да айтууга болот. Күн сайын түшкү тамактан соң 15 мүнөттүн ичинде өздөрү класстарын тазалап чыгышат. Ушуну менен аларда өзүлөрү окуган жерди булгабай таза кармоо деген аң-сезим калыптанат экен. Жапон мектептеринде биздегидей пол жууп тазалаган кызматкерлер жок экен, балдар өздөрү тазалашат, гүл, бактарды ар бири бөлүп алып, өз алдынча сугарып, жер семирткич берип, багып карашат, ошого үйрөнүшөт. Үйдөн да балдарым өз алдынча үйдү жыйнап тазалап, мага жардам бергенге дилгир болуп калганын байкадым.

Мектепте ар бир окуучу бир гүл, же бак өстүргөндүктөн жашоосунда табиятка аяр мамиле кылууга жаштайынан үйрөнө баштайт экен.

«Азаттык»: - Элмурат, кээ бир Европа өлкөлөрүнүн билим берүү системалары тууралуу карап чыкканыңды айттың эле. Кыргыз мектептери кандай үлгүлөрдү алса болот алардан?

Элмурат Кочкор уулу.

Элмурат Кочкор уулу: - Финляндиянын билим берүү системасына көбүрөөк токтолдум. Маалым болгондой, финдердин окуучуларынын деңгээли соңку бир канча жылдан бери дүйнөдөгү эң алдыңкылардан болуп келет.

Негизги өзгөчөлүктөрү катары, кыскача төмөндөгүлөрдү айтып өтүүгө болот. Финдердин билим берүү системасынын негизги өзгөчөлүгү катары, алардын окуучуларды «Жасап көрүп үйрөнүү» деген усулдун негизинде окутушканын айтууга болот. Бул деген сөз, фин окуучулары үйрөнгөн ар бир нерсесин практика менен айкалаштырып окуп үйрөнөт дегенди билдирет.

Ошондой эле сабак сааттарынын салыштырмалуу аз, окуучуларга үй тапшырмалардын берилбегендиги, окуучулар мугалимдери тарабынан өтө жакын көзөмөлдө тургандыгы сапаттуу билим алууга жол ачкан себептерден болуп саналат.

Мындан сырткары, ийгиликтин сыры катары эң мыкты шарттарда жогорку квалификациялуу мугалимдердин даярдалуусун кошо кетүү керек. Билим берүүнүн ийгиликтүү болушунун эң башкы ачкычы мугалимдердин колунда эмеспи. Финляндияда мектептин мугалими деген абдан ардактуу кесип, айлыгы да ошого жараша төлөнөт. Ар бир регион өзүнүн шартына, талабына жараша окутуу системасына, программасына айрым жаңылыктарды киргизе алат экен. Албетте, ийгиликти шарттаган дагы башка көп факторлор бар.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргыз мектептери эмнеден артта калды?


«Азаттык»: - Менин балдарым окуп калган эл аралык мектептин дагы бир өзгөчөлүгү: адабият сабагы биздегиден айырмаланып, сынчыл ой жүгүртүүнү, чыгарманы, андагы окуя, каармандарды анализдөөгө үйрөтөт экен. Биздегидей адабият деген окуу китеби жок, жазуучулардын өмүр баяны атайлап окутулбайт. Бирок англис тилдүү мыкты чыгармаларды окуучулар толугу менен окуп чыгып, классында топ-топко бөлүнүп алып, бирден каарманды анализдеп, ортодо талкуулап талашат экен. Бул каарман эмне үчүн мындай иштерге барды, анын мүнөзү эмне үчүн ушундай болуп калды дегендей.

Жапон мектептеринде биздегидей пол жууп тазалаган кызматкерлер жок экен, балдар өздөрү тазалашат, гүл, бактарды ар бири бөлүп алып, өз алдынча сугарып, жер семирткич берип, багып карашат, ошого үйрөнүшөт.

Бизде, өзүңөргө белгилүү болгондой, адабият сабагында окутулган ар бир чыгарманын каармандары алдын ала эле оң жана терс каарман деп бөлүштүрүлүп, балдар ошондо жазылгандарды жаттап, түшүнгөнүн айтып бериши керек. Биз балдарды өз алдынча ойлонуп анализдөөгө үйрөтпөйт экенбиз. Европадагы мектепте «Бул каарман эмне үчүн андай кадамга барды? Ошол учурда кандай абалды башынан өткөрдү?» деген сыяктуу суроолорго жооп издеп, талкуулашат экен. Бизде да ушинтип окутса болобу?

Алмазбек Токтомамбетов: - Бул сурооңуз аябай маанилүү. Негизи «адабият» деген сөздүн түпкү мааниси да дал ошол «адеп» деген сөзгө барып такалат. Коом үчүн эң башкы маселени аныктоо максатында 1960-жылдан бери дүйнөдө бир топ изилдөө уланып келе жатат. Анын жыйынтыгында бүгүн коомдогу эң чоң маселе катары «адамдардын өз ара байланышы» чыга келди. Тактап айтканда адамдардын өз ара байланышын толук кандуу кылып сактап калуу бүгүнкү күндө чоң маселеге айланып отурат. Андыктан адабияттын ичиндеги ошол терең маанини, баалуулуктарды баланын аң-сезимине сиңдирүүдө жогоруда айткандарыңыз аябай маанилүү.

Дагы караңыз Кыргыз тилин кантип илимдин тилине айлантабыз?


Дастан Жалил: - Так ушул жерден, бир нерсе кошумчалай кетейин. Сынчыл ой жүгүртүүнү калыптандыруу аябай маанилүү экендигин сиздер да айтып жатасыздар. Бул жерде ушуну калыптандырууда ата-эне жана мугалимдин да ага даяр болушу өтө маанилүү. Тактап айтканда бала сынчыл ой жүгүрткөндө аны туура кабыл алуу, балага басым жасап же көңүлүн калтырбоо зарыл. Антпесе, биздин мектептерде, дегеле окуу жайларда мугалимдин катасын оңдоп койгон окуучуну майтарып, анын шагын сындыргандай мамиле кылса балада өнүгүп келе жаткан сынчыл ой жүгүртүү токтоп калат.

«Азаттык»: - Окуучулар биздин мектептерде коркуу сезими басымдуулук кылаарын айтышат. Жаман баа алып калбайын деп мугалимден коркот, ата-энесинен коркот, классташтарым шылдыңдабасын деп алардан коркот. Ошондой коркуу сезиминен улам кээде өспүрүм өз өмүрүн кыйган кайгылуу учурлар да болуп атат.

Германияда, 5-10-класстардын аралыгында жылына бир жолу эки апта окуучулар сабактан бошотулуп, өзү кызыккан кандайдыр бир ишканага барып, иштеп берет.

Европадагы мектепте бала сабактан канча алганын жалгыз өзү жана анын ата-энеси гана билет экен. Бардык ата-энелерди чогултуп алып «сиздин балаңыз мыкты окуйт, сиздики жаман окуйт» деп жарыяланбайт. Ар бир ата-эне мугалим менен өз-өзүнчө жолугуп сүйлөшөт. Окуучунун алган баасын көпчүлүккө жарыя кылууну алып салуу аркылуу, окуучунун мектепке, мугалимге карата коркуу сезимин жоготсо болобу? Зарыл болсо, аны өзү менен, же ата-энеси менен гана бөлүшүп, бирок жалпы класска жарыялабай, жакшы жетише албаган окуучуларды башкаларга салыштырбай, өзүн басмырлангандай абалда калуусуна жол бербей эле иш алып барса болобу?

Алмазбек Токтомамбетов:- Албетте, болот жана туурасы ошол. Бизде учурда экинчи класстын жарымына чейин баа коюлбайт. Бирок биз азыркыдай баалоо системасын төртүнчү класска чейин алып салууну сунуштап жатабыз. Сабакта окуучуга жетишкендиктеринен көп сөз кылуу туура. Ал эми жетишпеген жагы болсо, аны жеке өзүнө туура тил менен гана айтуу туура болот. Эч бир учурда баланы башка балага салыштыруу туура эмес. Биздикиндей баа коюу системасы туура эмес экенин атайын илимий изилдөөлөр далилдеди. Окуучулар баасын уккандан кийин окуган материалды дароо унутуп коюшат экен, дал ошол баа үчүн окугандай калыптанып калат экен аң-сезимде. Бул система билим берүүнү актабай турганын ушундай изилдөөлөр далилдеп жатат.

Дагы караңыз Коомду өзгөрткүбүз келсе музыка сабагын окуталы


Элмурат Кочкор уулу: - Финдерден үйрөнсө боло турган эки нерсеге токтоло кетейинчи, уруксат этсеңер. Биринчиден, окуучу мектепке кызыгуу, каалоо менен бара турган атмосфера жаратылышы керек экен. Мунун зарылдыгын жогоруда сиздер да бир топ мисалдар менен айтып өттүңүздөр. Бул үчүн окуучунун мектептен коркуу сезимин жок кылуу керек, сабактын сааттары азайышы керек жана балдардын ойноп сабак окушуна шарт түзүлүүсү кажет.

Экинчиден, баланын оюнга тоюусун камсыз кылуу зарыл экен. Биз жаш балдардын мүмкүн болушунча жайкы эс алуусун айыл жергесинде өткөрүүсүн камсыздасак болчудай экен деп койдум. Дээрлик барыбыздын эле элетте туугандарыбыз бар. Элет жеринин балага бир топ пайдалары болот. Алардын бири ошол оюнга тоюусу аркылуу жаңы окуу жылына чыңалып кайтуусу болот деп ойлойм.

Дагы бир байкаганым, биз кандай болбосун сабакты окутканда аны азыркы жашоо-турмуш, реалдуулукка байланыштырып окутушубуз керек. Болбосо балдар эч качан эстеп калбайт. Керек болсо тарых сабагынан Экинчи дүйнөлүк согушту өткөндө, ал окуялардын азыркы мааниси кандай, эмне үчүн биз ошол согушту окуп үйрөнүшүбүз керектигин кошуп айтышыбыз керек. Антпесе, балдарга илгерки окуяларды окутуп койгондон пайда чыкпайт. Ар бир сабакты ошентип өткөрүш керек, финдердин билим берүү системасынын ийгилиги ушунда экен. Ар бир сабактын практикалык жагы терең окутулат.

«Азаттык»: - Азыркы пандемия кризиси көргөзгөндөй, биз мектепте балдарга жеке өзүнүн саламаттыгына кам көрүү, организминде кандай өзгөрүүлөр болорун такыр окутпайт экенбиз. Керек болсо келечекте үй бүлөнү пландоо, балалуу болууга даярдануунун башаты мектепте башталышы керек го.

Пандемия маалында биз мектепти бүтүп эле балалуу болгон, кесиби, туруктуу иштеген жери жок миңдеген жаштарды көрдүк. Алардын көбүнүн университетте, же башка окуу жайында билим алууга шарты жок. Мектеп аларга азыркыдан көбүрөөк пайдалуу билим бериши зарыл экени билинип калды.

Жанараак Гүлүмкан айтып өткөндөй, жапон мектебинде, Европада балдарга жаштайынан жеке саламаттыкка кам көрүү сабактары жолго коюлуптур. Биз бул теманы өзүнчө талкуулайбыз келечекте. Баарыңыздарга рахмат. Амандыкта туруңуздар.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​