Эне тилин сактагысы келген дунгандар

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бүгүн, 21-февралда Эне тилдин эл аралык майрамы белгиленип жатат. Кыргызстанда дунган улутундагы 70 миңден ашуун калк жашайт. Улуу муундагы дунган тектүүлөр соңку жылдары эне тилин, салтын сактоо маселеге айланганын айтышат. Ивановка айылындагы мектепте дунган тили окутула баштаганына беш жыл болду. Кабарчыбыз Айгерим Акылбекова Чүйдүн дунгандар көп жашаган Ивановка айылында болуп, алардын көйгөйүн угуп келди.