Кыргызстандык дизайнер Лилия Фишердин эмгектери

Лилия Фишер – Кантта төрөлүп, балалыгы Чолпон-Атада өткөн. Бишкектеги Борбордук Азиядагы Америка университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган. Учурда Москвада өзүнүн "Lilia Fisher Design" мода брендин ачып, орус мода тармагын багындырууда.

Лилия Фишердин илхамы жана эргүүсү – Кыргызстандын кайталангыс табияты жана ал өскөн Ысык-Көлү. Турмушта өтө жөнөкөй адам. Мантыны жана тандырга жабылган нанды жактырат.

Кантта төрөлгөн дизайнер Лилия Фишердин эмгеги.

Чолпон-Атада өскөн дизайнер Лилия Фишердин эмгеги.

Бишкектеги Борбордук Азиядагы Америка университетинин бүтүрүүчүсү, дизайнер Лилия Фишердин эмгеги.

Кесиби боюнча журналист, баш кийимдер дизайнери Лилия Фишердин эмгеги.

Кыргызстандык дизайнер Лилия Фишердин эмгеги.

Назик, саркеч, башкаларга окшобогон жана жаңы үлгүдөгү аялдардын кийимдерин жасоо өзүнүн "Lilia Fisher Design" брендин түзүүгө түрткү болгон.

Кыргызстандык дизайнер Лилия Фишер орусиялык СТС телеканалында. Мындан тышкары, Лилиянын эмгектери “Comspolitan”, “Play Boy”, “Grazia”, “Burda” жана “Elle” журналдарында чыгарылган, “World Fashion Channel”, “MTV”, Орусиянын Биринчи каналы, КТРК, “Россия” жана ТНТ телеканалдарынан көрсөтүлгөн.

Орусиянын белгилүү инсандары кыргызстандык дизайнер Лилия Фишердин кардарлары.