Хоменюк: Кыргызстан документтерди салбай, мени бошотушту

Леонардо Хоменюк

1992-жылдан тарта канадалык "Камеко" ишканасында, андан кийин кыргыз-канадалык "Кумтөр Оперейтинг компани", "Центерра Голддо" эң жогорку жетекчилик кызматта 16 жыл иштеген Леонардо Хоменюк 20-октябрда Болгариядагы үй камагынан бошотулуп, АКШга жөнөп кетти.

Ал июль айында Болгарияга эс алганы барган жеринен Кыргызстандын өтүнүчү боюнча Интерпол аркылуу камакка алынган. Кандайча бошотулуп кетип атканы жана ага кыргыз тарап таккан айыптоолор тууралуу Леонардо Хоменюк телефондон “Азаттыкка” айтып берди.

- Жубайым экөөбүз азыр София шаарындабыз, бир нече сааттан кийин АКШнын Калифорния штатындагы үйүбүзгө учуп кетебиз.

"Азаттык": Болгария сотунун сизге кетүүгө уруксат берген кагаздары колуңузга тийдиби?

- Сот колуна тийген документтердин баарын изилдеп чыгып, бардык мыйзамдуу процедураларды өткөргөндөн кийин мага Болгариядан кетүүгө уруксат берген кагаздарды тапшырды.

"Азаттык": Июль айында сизди Болгария бийликтери кармаганы таң калычтуу окуя болдубу?

Интерполго мени кызыл түстөгү издөөгө койгону кыргызстандык тергөөчүлөр менин кайда жашаарымды билбейт дегенди билдирет. Мен жашынган жокмун, интернет аркылуу оңой эле таап алышса болот.

- Ооба, мен үй бүлөм менен – аялым, 15 жаштагы уулум болуп Дунай дарыясында кемедеги саякатта болчубуз, бул круизди мен аларга көптөн бери убада кылып жүргөм. Мен Кыргызстандын өтүнүчү боюнча Интерпол мага кызыл түстөгү эскертме менен издөө жарыялаганын билгем. Ошентсе да, буга чейин бейкапар Кыргызстан менен шектүү кылмышкерлерди экстрадициялоо тууралуу келишими жок Евробиримдикке кирген бир топ өлкөлөрдү кыдырып эле жүргөм. 6-7 мамлекетке бардым окшойт буга чейин, Болгарияда деле проблема болбойт деп ойлогом. Азыр эми Болгария бийликтери мени кайра бошотуп кетирип атканына таң калган деле жокмун.

Мага кыргыз бийликтери койгон кинелер боюнча бир да күнөөм жок, тазамын.

"Азаттык": Болгариядагы сот отурумдары кандай өттү? Эмнеге басым жасалды сизди бошотууда?

- Сот отурумдары бир нече жолу болуп өттү. Эң маанилүүсү 26-августтагы отурумда мени Кыргызстанга экстрадициялоо боюнча угуу болду. Бирок дал ошол жыйында кыргыз тарап менин ишим боюнча жетиштүү документтерди жөнөткөн жок деп айтылып, 10-сентябрга чейин андай кагаздардын баарын Софияга жөнөтүүгө убакыт берилди.

10-сентябрь келгенде сотто дагы эле Кыргызстан мага коюлган айыптоолорду бекемдеген документтер жөнөтпөгөнү жарыяланды. Сот дагы бир жолу Кыргызстанга убакыт берип, керектүү кагаздарды жөнөтүү мөөнөтүн 30-сентябрга чейин жылдырып, кийинки сот отурумун 7-октябрга белгиледи.

7-октябрдагы сотто айтылгандай, Кыргызстан Болгарияга башында жөнөткөн документтерди кайрадан салып жибериптир, бир дагы кошумча материал, же менин күнөөмдү далилдей ала турган кошумча документ салынбаптыр. Ошондуктан Болгария соту Кыргызстан мага каршы ачылган кылмыш иштерин бекемдей турган документтерди берген жок деп мени бошотуу чечимин чыгарды.

Мен "Кумтөрдө" иштеген 16 жыл ичинде биз жүздөгөн же андан да көп жолу кыргыз өкмөтүнүн эсебине далай акча котордук.

"Азаттык": Сизге коюлган айыптар жазылган документтерди окуп чыксаңыз керек. Эң башкы айыптоолор сиз "Камеко", "Кумтор Оперейтинг", андан кийин "Центерранын" жетекчиси болуп турганда ал кездеги кыргыз бийликтери менен аларды ар кандай жолдор менен макулдатып, Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келген келишимдерге кол коюп, өлкөгө олуттуу зыян келтиргениңиз айтылууда. Сиздин колуңуз "Камеконун" атынан, кийин "Центерранын" атынан кол коюлган документтерде да бар экен. Ошол келишимдер Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы документтер болгон деп айтылууда.

- Туура, мен "Кумтөрдүн" жетекчилик кызматтарында 1992-жылдан 2008-жылга чейин иштедим. Келишимди кыргыз бийликтери менен үч жолу кайра сүйлөшүп, кол коюуга катыштым. Булардын баары кыргыз тараптын өтүнүчү боюнча жасалганын баса белгилеп кетким келет. 1994, 2003тө кайра карап чыктык, 2007-жылкы келишимди талкуулап жатканда Атамбаев премьер-министр болчу.

Дагы бир жолу кайталайын, бул келишимдин баары кыргыз бийликтеринин суранычы боюнча даярдалган, аларда кыргыз жетекчилеринин айткан-дегендери камтылган. Паракордук болгон эмес. Сүйлөшүү жүрүп жатканда кыргыз жана канадалык тараптын экөөндө тең көз карандысыз консультанттары, мыйзамдык жагын караган юристтери, финансылык кеңешчилери болушкан. Европалык кайра куруу жана өнүгүү банкы, Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү катышкан. Келишимдер ачык-айкын жүргүзүлгөн, ар бир кадам документтештирилген.

Кумтөр кени

"Азаттык": Азыркы талаш-тартыштардын көбү Кыргызстандын "Кумтөрдөгү" үлүшү баштапкы 67%дан 2003-жылкы келишим боюнча 33%га, атүгүл андан да аз көрсөткүчкө түшүп кеткени тууралуу болуп жатат. Ушул кадам Кыргызстандын кызыкчылыгында жасалды деп ишенесизби?

- Ал келишимди деле жүйөлүү себептер менен түшүндүрсө болот. Кыргызстан "Центерранын" башка өлкөлөрдөгү кен иштетүү долбоорлорунун акцияларына ээлик кылып калган. Акциялардын бир бөлүгүн сатып, 100 миллион долларга жакын акчага айландырган, ал бат эле унутулуп калды окшойт. Кумтөр долбоору кыргыз тарап үчүн монетизацияланган, же баалуу кагаздарга айланган.

Мен эми кыргыз бийликтеринин Кумтөрдөн азыр түшүп жаткан кирешеге байланыштуу айласы кеткен акыбалын да түшүнөм. Кандай болбосун өлкөдө кенди иштетүү боюнча шарттарды кайра отуруп карап чыгуу укугу сакталат. Талаштуу, туура эмес жактары болсо, аны оңдоп-түзөтүү укугу, жолдору сөзсүз болот.

"Азаттык": Кыргызстан жалдаган чет элдик аудит компаниялар "Кумтөрдүн" бардык документтерин казып чыгып, 2003-жылы 4 миллион доллар, 2004-жылы 11 миллион доллар шектүү коротулган деген бүтүмүн чыгарышыптыр. Бул каражат кимдир-бирөөнүн чөнтөгүнө кетпей, Кыргызстандын кызыкчылыгына сарпталган деп айта аласызбы?

- Бардык финансы жана башка документтерди каалаган киши "Центерранын" сайтына кирип таанышып, карап чыкса болот. Мен "Кумтөрдө" иштеген 16 жыл ичинде биз жүздөгөн же андан да көп жолу кыргыз өкмөтүнүн эсебине далай акча котордук. Жеке адамдын эсебине эмес, өкмөткө тийиштүү, же алар бизге берген эсептерге. Аягында ал акчалар эмне болду деген суроого мен жооп бере албайм. Кээде балким, биз которгон акча кыргыз өкмөтү толугу менен көзөмөлдөгөн тарапка бардыбы деген тынчсыздануум болгон.

Биз тараптан финансылык кандай операциялар, же акча которуулар болгонуна "Кумтөр" тараптан гана эмес, мен мурдараак айткандай, эл аралык банктар, финансылык институттар тарабынан да көз салынып турган. Бирок ал акчалар кийин кандай коротулганынан шек санап, же аны иликтей турган адам мен эмесмин деп ишенем.

"Азаттык": Сизге, сизден башка канадалык, кыргызстандык жетекчилерге тергөөчүлөрдүн суроолору аябай көп. Айыптоолор арасында "Кумтөрдө" алтын казуудагы экологиялык, техникалык мүчүлүштүктөр, эмне үчүн эң башында ачык жана адилет тендер өткөрүлгөн эмес, техника-экономикалык негиздемени жалаң чет элдиктер жазышкан, эмне үчүн Кыргызстан менен канадалык инвесторлор өндүрүлгөн алтын жана башка баалуу металлды эмес, андан түшкөн кирешени бөлүшүп калган деген жана башка чырлуу суроолор жоопсуз бойдон. Сиз мен баарын түшүндүрүп бере алам, алардын жүйөсү бар деп жатасыз. Кыргызстандык прокурор, тергөөчүлөр менен кездешип, алардын суроолоруна жооп бергенден качпайсызбы?

- Мен ушул жылдын март айында Кыргызстанга кат жөнөтүп, каалаган убагында жолугуп, бардык суроолорго жооп берүүгө даяр экенимди билдиргем. Бардык келишимдер боюнча өзүм билген деталдарды түшүндүрүп берүүгө даярмын деп жазгам. Кыргызстандын Башкы прокуратурасы мага ошол бойдон жооп берген жок. Мен жиберген катты азыр деле силерге көргөзө алам.

Кыргызстандан тышкаркы кайсы бир жерде жолугуп, суроолорго жооп бергенден качпайм. Керек болсо Кыргызстандын АКШдагы элчилигинде жолугууга даярмын. Интерполго мени кызыл түстөгү издөөгө койгону кыргызстандык тергөөчүлөр менин кайда жашаарымды билбейт дегенди билдирет. Мен жашынган жокмун, интернет аркылуу оңой эле таап алышса болот.

"Азаттык": Мен сизди 10 мүнөттүн ичинде эле таптым интернет аркылуу. "Центерранын", же Кумтөр алтын кенинин башка бир акциялары барбы сизде?

- Жок, 2008-жылдан бери бул долбоордо бир да акциям жок. Кыргызстандан ошол жылы кеткен боюнча бара элекмин. "Кумтөрдө" мен иштеген жылдары Кыргызстанда 30дан ашуун премьер-министр алмашты. Мындай туруксуздук чет элдик инвесторлордун ишин татаалдатып, ишеничти азайтат. Бирок мени менен иштешип калган кыргызстандык техникалык адистер кесибин мыкты билген, дүйнөлүк стандарттагы адистер деп айта алам. Кумтөр абдан чоң экономикалык долбоор, бирок дал ушул долбоор Кыргызстанда “саясий футболго” айланганы өкүндүрөт.