Текебаевдин сотуна күбөлөр келүүдөн баш тартты

1-октябрь, 2019-жыл

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кайра кароодо мамлекеттик айыптоочу тараптын күбөлөрүнө кезек келди.

Бирок мурда бул эки саясатчыга каршы көрсөтмө берген күбөлөр ар кандай шылтоолор менен сотко келбей, «Кыргызстандагы коомдук-саясий абалдын өзгөрүүсүнө байланыштуу» деген негиз менен кайра көрсөтмө берүүдөн баш тартып жатканы белгилүү болду.

Сотко келүүдөн баш тарткан күбөлөр

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри, мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча 2017-жылы аларга каршы көрсөтмө берген күбөлөрдүн көпчүлүгү ишти жаңы ачылган жагдайда кайра кароого катышпай турганы белгилүү болду. Анткени алардын сотко келишин камсыздоо мүмкүн болбой жатканы тууралуу УКМКнын тиешелүү башкармалыгынын Биринчи май райондук сотуна жолдогон кызматтык каты сот жараяны учурунда окулду. Анда мурда Текебаев менен Чотоновго каршы көрсөтмө берген экс-депутат Өмүрбек Абдрахманов, «Мегакомдун» мурдагы жетекчиси Азат Базаркулов баш болгон тогуз күбө «коомдук-саясий абалдын өзгөрүшүнө байланыштуу» деген негизде ар кандай себептер менен сотко келбей, көрсөтмө берүүдөн баш тартканы көрсөтүлгөн.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Текебаев-Чотонов соту: күбөлөр көрсөтмө берүүдөн качууда


Ишти караган судья Айнура Сатарова мамлекеттик айыптоочуга алардын сотко келишин камсыздоону, андай болбосо, сот аларды мажбурлап алып келүүгө токтом чыгара турганын эскертти:

- Мамлекеттик айыптоо эмдиги соттук жараянга канча күбөнү камсыз кыла аласыздар? Анткени бизге «күбөлөрдү сотко келишин камсыздоого мүмкүн болбой жатат» деген мааниде маалымат иретинде кызматтык кат келди. Мен ошого байланыштуу кийинки соттук жараяндарга кайсы күбөлөрдүн келишин камсыздап бере аласыздар деп сиздерге кайрылып жатам. Анткени Жазык-процессуалдык кодексинин талабына ылайык, эгерде күбөлөр эч кандай себепсиз сотко келүүдөн баш тартышса, анда аларды мажбурлап алып келүү боюнча сот токтом чыгара турганын эскертем.

«Автомат такаса да барбайм»

Мамлекеттик айыптоочу кийинки соттук жараянга алар дагы бир ирет чакырыларын, болбосо күч менен алып келүүгө сотко өтүнүч келтириле турганын билдирди.

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновго каршы көрсөтмө берген экс-депутат Өмүрбек Абдрахманов алардын ишин жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайрадан кароого катышпастыгын айтып, сотко барып көрсөтмө берүүдөн баш тартканын ырастады.

Өмүрбек Абдрахманов

Өмүрбек Абдрахманов мурда сотко берген көрсөтмөсүн өзгөртпөгөнүн, бирок аны сотко мажбурлап алып барууга аракет жасалса эмне болорун төмөндөгүчө түшүндүрдү:

- «Бизди автомат менен такаса да сотко барбайбыз» дегенбиз. Эгерде мени сотко күч менен алып келүүгө аракет жасалса, анда мен ошол жерден өзүмдү атып таштайм. Анан менин сөөгүмдү сотко алып барышсын. Азыр андай-мындай деп айткан туура эмес. Мен барбайм дедим, болду! Мен пенсионермин, жашым 70тен ашып калды. Ал жерге барып алып, ошол жерден инфаркт кармап өлгүм келбейт. Өздөрү чечип алышсын. Мен азыр тынч жашаган фермермин. Эч жакка барбайм. Саясатка да аралашпай койдум. Мен ага каршы көрсөтмөмдү Текебаев камалган учурда берген жокмун. Аны мен ал камалганга чейин эле гезиттерге чыккан маегимде «мына ошондой болгон» деп кийин сотто кайталап айтып койгом. Ал жерде мен аны «акчаны алган же акча алган эмес» деген жокмун. Болгону мен фактыны гана айткам. Ал факты да. Аны мен эми азыр кантип өзгөртмөк элем? Анын бардыгы гезитке чыккан. Бирок мен сотко барып, көрсөтмө бербейм.

Өмүрбек Текебаев мурда ага каршы көрсөтмө берген күбөлөр сотко келүүдөн баш тарткан жагдайды мурдагы бийликтин саясий басымы жана бийликтин кээ бир адамдардын ага каршы мамилесин тергөөдө пайдаланган аракети катары баалады. Өмүрбек Текебаев эми ал күбөлөрдү мажбурлап сотко алып келүүгө негиз жок деп эсептейт:

- Башкы прокуратуранын мамлекеттик айыптоону колдогон күбөлөрү эми «Кыргызстанда коомдук-саясий абал өзгөрүп кеткенине байланыштуу сотто көрсөтмө бере албайбыз» дегени эмнени туюндурат? Муну чечмелесек, алар азыр Атамбаев камалып калганына байланыштуу, анын таасири менен басымы мурдагыдай жок болгондуктан сотто дагы бир жолу жалган айтып, бизге каршы көрсөтмө бере албайбыз дегенди түшүндүрөт. Мына ошонун өзү бул иштин саясий буюртма экенинин далили. Ал күбөлөрдү мажбурлап сотко алып келебиз деп жатышат. Менимче, аларды кайрадан сотко алып келүүнүн деле кереги жок. Ага эч кандай укуктук зарылдык деле жок. Анткени алардын тергөөдө жана буга чейинки соттордо берген көрсөтмөлөрү турат. Сот ошолордун бардыгын изилдеп чыгып, анан алардын «сотко келе албайбыз, коомдук саясий абал өзгөрдү» деп жөнөткөн соңку билдирүүсүн эске алуу менен жыйынтык чыгарып, чечим кабыл ала берсе болот.

Сотко жолдонгон катта иш боюнча А. Модин, М. Сидоренко 2019-жылы августта Кыргызстандан чыгып кетсе, Н. Самсонкин С. Кутуков сыяктуу күбөлөрдүн жашаган жерин аныктаганга мүмкүн болбогону көрсөтүлгөн. Арыз ээси Леонид Маевский кийин өзү алдамчылыкка шектелип Орусияда камакка алынганы жарыяланган.

Мамлекеттик айыптоонун сотко келген жалгыз күбөсү

23-декабрда улантылган соттук жараянга мамлекеттик айыптоону колдоо үчүн чакырылган күбөлөрдүн арасынан Мамлекеттик мүлк фондунун 2010-жылдагы статс-катчысы Сүйөркул Бакиров келип көрсөтмө берди. Ал бирок тергөөнүн Текебаев менен Чотонов «Альфа-Телеком» компаниясынын жетекчилигин алмаштырууга аракет жасап, аны андан ары сатууга даярдаган деген жүйөсүн жокко чыгарды:

- 2010-жылы май айынын башында болсо керек эле. Убактылуу өкмөттүн мурдагы бийлик режиминин көзөмөлүндөгү мүлктү улутташтыруу боюнча декреттери чыккан. Ошого байланыштуу бизге тапшырма берилген. Анда «Альфа-Телекомдун» 49 пайыз үлүшүн улутташтыруу аркылууу мамлекетке алып, анын калган бөлүгү боюнча соттук териштирүүнү күтүү чечимине келгенбиз. Ошондон улам кайрадан каттоодон өткөрүүгө байланыштуу иш-чаралар жүргөн. Ошондой эле акционерлер кеңешинин жыйыны да ушуга байланыштуу чакырылып, бирок кворум болбой, аталган жыйын өтпөй калган. Бул жерде бардык иш-чаралар мамлекеттин кызыкчылыгы боюнча гана жүргүзүлгөн.

Мындан сырткары судья Текебаев менен Чотоновдун бөгөт чарасынын мөөнөтү өткөнүнө байланыштуу аны кайра карап, өзгөртүүсүз калтырды. Сот аларды үй камагында калтырган бөгөт чарасын 29-февралга чейин белгиледи.

Сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов 2010-жылы Орусиянын жараны Леонид Маевскийден 1 миллион доллар пара алган деген кине менен 2017-жылы 8 жылга кескен. Жогорку сот быйыл күзүндө Текебаев менен Чотоновдун арызын карап, «бул иште жаңы ачылган жагдайлар бар» деп таап, аны кайрадан кароого Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жиберген болчу.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​