Бир туунун алдына биригели

Кымбаттуу кыргыз калкым!

Жыйырма жылдан ашык мезгилден бери зор үмүт, ак тилек менен тосуп, белгилеп келе жаткан эгемендүүлүк майрамыңыздар кут болсун!

Ырас, миң жылдарга изи калган кыргыз эли өмүр бою эгемендүүлүк үчүн күрөшүп, аны орнотуу үчүн далай жолу кан кечип келген.

Улуу Манас атабызга чейин да, андан мурун да кыргыз эли мына ушул улуу тоолордун мекени деп, Көкө теңирге тайынышып, «Кыргыз» деген улуу атын жоготпой, тескерисинче, ааламга атын чыгарууга далалаттанып, дөө-шаа мамлекеттер менен теңтайлашып жашап келет. Анткени, кыргыз эли байыртадан ар кандай коркунучту тоскоолдуктардан жалтанбаган, тайманбас, эр жүрөк эл болгон. Андай элди бир сөз менен баатыр деп коет. Баатыр–деген сөз (Иран тилинен кирип, «эр, кайраттуу») деген маанини берет экен. Көрсө, баатыр сөзү кыргыз эли үчүн жаралып калгандай. Кыргыздар байыртадан эле баатырлыгы, жоокерлиги менен белгилүү эл.

Жоокердик курал-жарак жокко эсе кезиндеги согуштарда жеңиш жалгыз гана элдин баатырдыгы менен чечилген. Мындай бүт элге мүнөздүү эрдик, баатырдык аркылуу гана кыргыздар өздөрүнүн элдигин нечен кылымдардан бери сактап келген. Бекеринен ошол кезде, кыргыз элине башкалар тарабынан "Моголстандын жапайы арстандары” деген баа берилбесе керек. Бүгүн биз ошол аракеттердин урпактары, эгемендүүлүгүбүздү, мамлекеттүүлүгүбүздү жоготпой улуу Туунун алдында Мекенибизди көздүн карегиндей сактоого милдеттүүбүз. Ал үчүн баарынан мурда бир муштумдай түйүлгөн ынтымак керек.

Улуу-кичүү болобу, сары-чач, кара чач болобу, түндүк-түштүк болобу, депутат - дыйкан болобу, аткаминер - жөө болобу, бир атанын балдарындай ынтымакта болсок, мекенибизге кут конуп, ырашкерлик салтанаттайт.

Кытай жазмаларында «Кыргыздар түбүндө күчтүү мамлекет болгон. Жери түрктөр менен тең болгон. Бир чоң туу сайышат. Демейде туусу кызыл болот » деген маалымат калган экен. Андай болсо, мындан ары биз бир кызыл туунун алдында биригип, бир кездердегидей күчтүү мамлекет болууга далалаттанып арышты кенен таштап жашайлы.

Көңүл бөлгөнүнүздөргө рахмат!

Айпери Убукеева