Өнүгүүнүн бир жолу - үстөксүз насыя

Жеке ишкерлер жармаңкеси. Автордун жеке ишкерлерге колдоо көрсөтүү ниети бар.

Адегенде Эгемендүүлүк майрамы менен Кыргыз элимди куттуктайм!

Мен эгер Президент болсом, биринчиден, эч кимден корпой-үркпөй чек араны бекемдемекмин. Экинчиден, элдин жашоосун оңдомокмун. Ооз менен орок орбостон башты иштетип, эки-үч жыл ичинде эле элди бутунан тургузууга болот. Кыргыз элиме мен эң биринчи эле үстөк пайызы жок насыя бермекмин. Беш-он жылга чейин, чет өлкөдөн келген миллион-миллиарддаган акчалар кайда жумшалып жатат, кайда кетип жатканы белгисиз. Ошол акчаларды элге бермекмин беш же он жылга. Эки - үч жылда эле элибиз бутуна туруп кетмек. Азыр баарыбыз эле насыя менен жашап калбадыкбы. Канчасы банкрот канчасынын пайызы өсүп кетип төлөй албай жатат, канчасы өзүн-өзү асып жатат. Ошон үчүн элге үстөксүз бермекмин, ошол акчаны кайра эле эки-үч жылдан кийин төрт-беш эсе элибиз таап коймок. Анан дагы өлкөбүз эки-үч жылда эле алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кирип калмакбыз. АЛЛАХЫМ Элибизге Тынчтык, Ден Соолук, Өмүр, Ырыскы, Молчулук, Береке, ЫЙМАН берсин!

Ишен Сайридинов