Кыялымдагы ажонун кайрылуусу

Кадырлуу калайык калкым! Ала-Тоосу асман тиреген Кыргыз журтум!

Эңсеген эгемендигибизге жеткенибизге бир топ жылдын жүзү болду. Бул аралыкта улуу Манас атабыздын урпактарынын башынан эмнелер гана өткөн жок! Бирок мен президент катары кемчиликтен мурун жетишкендигибизди айтып өтүүнү туура көрдүм. Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгаруу менен бийлик элдин колдоосу артында көптөгөн социалдык-экономикалык маселелерди чечүүдө.

Журтум мага ишеним артып президенттикке шайлагандан бери мен жана менин күжүрмөн командам тыным албай эл үчүн иштеп келебиз. Бир убакта митинг-пикет революция талап-тоноо менен аты чыккан Кыргызстан, бүгүнкү күндө тескерисинче, туруктуу өнүгүү жолунда бара жатат. Алгач жыл башында кылым курулушуна тете болгон бир линиялуу Бишкек метросун ишке киргизгенибиз шаардыктарыбызга чоң ачылыш болду десем жаңылышпайм. Эл аралык аренада да аброюбуз өсүүдө. Тунгуч ажобуздун өз кезегинде бизди Орто Азиядагы Швейцарияга айлантам деген куру убадасына, биз өз дараметибиз менен эми жетип отурабыз.

Кошуна түгүл алыскы мамлекеттер дагы Кыргызстанга сый-урмат менен карап калышты. Суу бул газ жана нефть сымал товар экенин жана ал суунун башаты кайсы мамлекеттен чыкса, ошол мамлекетке тиешелүү экенин биз коңшуларга далилдей алдык. Эгер эсиңиздерде болсо мындан бир топ жыл мурун түштүгүбүз газсыз калганда суубузду газга алмашалбай бүшүркөп турчубуз. Азыр болсо жагдай башка!

Ошол эле чек арабыздын мурунку кейпин бардыгыбыз унута элекпиз. Ал эми азыркы күндө чек арабыз тажик жана өзбек туугандар менен такташылып делимитация жана демаркация болгон, учурда чычкан өткүс болуп кайтарылып турат. Куралдуу күчтөрүбүздү мен башкы кол башчы катары күжүрмөн даярдыктан өткөрүп, алардын санын жана сапатын көбөйтүү менен бирге техникаларды жаңылоого жетиштим. Азыркы күндө карамагыбыздагы жөө аскерлер жана аскер техникалары жагынан Орто Азияда биринчи орунда экенибизди мактаныч менен айта алам.

Аны менен катар элибиздин социалдык жана экономикалык абалы жакшырды. Жөлөк пул жана пенсиянын көбөйүүсү артында ымыркайлардын төрөлүүсү эки эсе көбөйүп калктын өлүмү бир топко азайды. Жеңил жана оор өнөр жайларыбыз совет доорунан бери иштебей, эми гана ишке кирди. Көп убакыт жана каражат коротуунун артында “ТУЛПАР” авто ата мекендик унаа куруучу завод ачтык! Мунун аркасында жарандарыбыз иш менен камсыз болду.

Өлкөбүзгө коңшулардан агылып келген миңдеген мигранттар дагы өлкөбүздүн туруктуу өнүгүп бара жатканынан кабар берет. Биздин мындан аркы максатыбыз дүйнөнүн өнүккөн 50 мамлекетинин катарына кирүү. Элибиздин жардамы, Манас атабыздын колдоосу артында биз бул максатты да багынтабыз. Кайсы бир ажобуз айткандай: «Кыргызстан Кудай буюрса бир-эки жылда оңолот алтындарым»! Анын сыңарындай алдыда биз мындан да күчтүү жана бай мамлекет болобуз! Майрамыңыздар менен!

Нурлес Мамытов