Кыргыз мамлекетине жаңы герб керек

Өткөндүн баары эле жараксыз, керексиз боло бербейт. Жакшы нерселер өткөн тажрыйбадан жаралат. Таптакыр үмүт өчкөн жагдайда ишенимин жоготпогон эл улуу деп аталат. Кыргыздар эч качан ишенимин жоготкон эмес. Улуу элдин өзүнүн улуту, өзүнүн тили, сыйынган дини, маданияты улуттун улутту сактаган баатырлары, ээлеген менчик мекени болушу керек. Эркин мамлекет болуп коомдун агымына карап жаңыланууну башынан өткөрүп жаткандыктан анын символикалары да жаңылыш экендигине сереп салып, 2010-жылдын 11-майынан бери өз сунуштарымды билдирип келе жатам. Мамлекеттик символикаларды өзгөртүүнү менден башка да көп инсандар айтып чыгышты. Мисалы, драматург, коомдук ишмер, Мар Байжиев “туубузду канга боеп койгонубуз туурабы, туу көк болсун" десе, Жогорку Кеңеш депутаты Карганбек Самаков “Манас атабыздын көк туусун кайтарып келишибиз керек” деп, “Бак дөөлөт” коомдук корунун президенти Мелис Мураталиев “Манастын көк асабасы мамлекеттик туу болсун" деп чыгышты. 2011-жылы 1-июнда авторлор менен болгон чогулушта көпчүлүк элдин каалоосун, мүдөөсүн эске алып, кызыл туубузду “ит тартыш” кылбай түбөлүктүү кылып кылымдан-кылымга бекемдеген президентке, өкмөткө, Жогорку Кеңешке ыраазычылык билдирем. Эми мекеменин мөөрүн, гербин бекитет го деген ойдомун. Анткени Ала-Тоого, ак калпакка, кызыл тууга жарашкан кооз герб керек. Аны мен жакында жасап чыктым, буга кандай дейсиздер?

Сабыр Жумалиев тарткан гербдин макети.

Ал эми төмөнкү эки ыр Эгемендик күнү элге арнаган белегим болсун!

Тилек

Шумкар болуп бийиктикке учкум келет, учкум келет,

Учкан уям туулуп-өскөн мекен үчүн,

Ак куу болуп деңиздерден сүзгүм келет, сүзгүм келет.

Таланып, талкаланган кыргыз үчүн,

Жан аябай кашык канды төккүм келет төккүм келет.

Карегинен кан аралаш жашын төккөн,

Башынан коогалаңдуу турмуш өткөн.

Улутум кыргыз деген элди сактап,

Намысын душмандарга бербей келген.

Ала тоом, ак калпакчан кыргыз үчүн,

Эчен кыйын тоскоолдуктан өткүм келет.

Ажалдын тузагына чалынбасам,

Бабалардын баскан жолун баскым келет баскым келет.

Толкуну тоодой болот деңиздердин,

Толкуса зоону бузат оруштагы.

Толкундап буркандап мекен үчүн,

Толкундай күчтүү болот кыргыз эли.

Деңиз да толкуй бербейт дайыма эле,

Жел согуп, тынчын алат шамал эле.

Тынч жаткан деңизге окшоп кыргызыма,

Өчү барбы, көз арткан “көр пенденин” биздин жерге.

Мен кыргызмын!

Эй замандаш, мен кыргызмын билип ал,

Атам Манас, энекебиз Каныкей.

Жүрөгүңө бекем катып түйүп ал,

Бабаларым мурас кылып калтырган,

Ала Тоодой мекеним бар, жерим бар.

Кыргызым улуу элден түбү терең,

Күү чертсе, обон созуп ыры белен.

Достошуп өзгө жатка колун сунган,

Толуп жатат кыргыз элде кеменгерлер.

Манастай дастаным бар дүйнө билет,

Чыңгыздай уулубуз бар элдер сүйөт.

Ким ойлосо жамандыкты кыргыз элге,

Теңиримдин буйругу бар алар тынат.

Ниети бузук тебелейт кыргыз жерин,

Көр пенделер жеңе албайсың кыргыз элин.

Чолпонбайдай окко тоскон көкүрөгүн,

Кимиң бар? Кайсы эриң айтчы сенин?!

Сабыр Жумалиев, Нарын району, Казан-Куйган айылы.