Тазалыкка өзүбүз кадам таштайлы

Урматтуу кыргыз элим, мына быйыл Кыргыз Республикасы өз алдынча эгемендүү мамлекет болуп, эркин эл болгонубузга 23 жылдын жүзү болуп отурат. Бул аралыкта мамлекетибиз, элибиз башынан жакшы дагы, кыйын дагы күндөрдү өткөрдү. Эркиндикти сүйгөн эл экенбиз, элдин канын соргон эки мамлекет башчыны бир топ кыйынчылык, кан төгүү менен өлкөдөн куудук. Тилекке каршы, азыркыга чейин бийлик башындагылар бизди нааразы кылып келет. Дегеним «кыйратабыз» дегендер бийлик башына барганда элди ойлобой калып жатканы. Азыр кыргыз элим өз киндигин өзү кесип, өзүн-өзү багып жашап келе жатат. Күндөн-күнгө бардык нерсе кымбаттап, эл кыйынчылыкка туш болууда. Бирок бир убакта кан күйгөн согушка чыдаган кыргыз элим мындай кыйынчылыктарга чыдайт, жакшы күндөр алыс эмес. Элим мен сиздерге бүгүнкү күндө бизде көйгөй болгон бир нече маселеге токтолгум келет.

Саясат

«Бай өлкөнүн эли саякатчы болот, кедей өлкөнүн эли саясатчы болот» демекчи, азыр саясат тууралуу сүйлөбөгөн дээрлик киши жок. Баарыбыз тишибиз өтсө дагы, өтпөсө дагы саясат тууралуу сүйлөшөбүз. Жогорку жактагы чиновник, депутаттарга дайыма нааразыбыз. Бирок шайлоо болгондо саясатчылардын баскан жолуна, мурунку жасаган иштерине көңүл бурбайбыз дагы, бизди жыргатам деген куру убадасына же болбосо болоор-болбос белегине алданып, аларды беш жылдык мөөнөткө шайлап алып, беш жыл бою кыйналып жашап жүрө беребиз. Мен биз шайлоодо мамлекет үчүн иштейм деген инсандарды туура эмес тандап алып жатабыз деп ойлойм. Бул нерсе элим биздин шайлоого даяр эместигин билдирет. Эгерде биз туура ойлонуп, алданбай, татыктуу талапкерди шайлап, ага талапты катуу койсок. Азыркыдай мамлекеттин байлыгына кол салган коррупционерлер, элдин жонунан кайыш тилген чиновниктер азаймак деп кесе айта алам.

Тартип

Акыркы учурларда мамлекетибизде тартип жок болуп бара жатат. Эркиндикти биз туура эмес пайдаланып жатабыз. Ар ким каалаган нерсесин жасайт. Тартип коргоочуларга баш ийип, аларды сыйлаган киши аз, кайра аларга кол көтөрүү, уруп-сабоо, керек болсо өлтүрүп кеткенге чейин барып жатышат. Тартип кызматкерлери деле элдин балдары, биздин бир боорлорубуз экенин унутпасак. Мамлекет башчыбыз коррупция менен күрөшүүгө бел байлап, прокуратура жогорку кызматтарда иштеп, элдин байлыгын талап-тоноп келгендерге иш козгой баштады. Ал нерсеге кубангандын ордуна кайра «жердешим эле, тууганым эле» деп коргоп, митинг өткөрүп, жол тосконго чейин барып жатабыз. Эмнеге мамлекеттен миллиондорду уурдап, өзүбүздү тоногондорду коргойбуз? А эмнеге бир кой уурдап соттолуп кеткен балдарыбызды коргобойбуз? Мамлекетибизде тартип болушун каалаган ар бир адам ушул маселени ойлонуп жыйынтык чыгарсак.

Кыргыздын айымдары байыртадан уяттуу келип, абийирин бекем сактаган, сыртта үнүн катуу чыгарып сүйлөгөн эмес. Бүгүнкү күндөчү, митинг-пикет болсо, кыйкырып, алдынан тоскон адамды эркек киши экенине карабай тытмалап, жулмалап жүрүшөт. Урматтуу энелер бизди көргөн кыздарыбыз, балдарыбыз келечекте кандай адам болот ал жагын эмнеге ойлонбойбуз. Уят дегенди унутканбызбы. Кыргыз «кызга кырк үйдөн тыюу» деп кыздарга туура сөз айтып, туура жолго салып келген, азыркы күндө кыздарыбызга сын айталычы тескери сөз угабыз. Аялдар «эне», «кыз» деген ыйык сөзгө татыктуу болсок. Абийирибизди сактасак.

Тазалык

Көчөгө чыгып айлананы карасаң, шаарыбыздын көрүнүшү мышык ыйлаарлык. Анткени көчөнүн ар бир жери таштандыга толгон. Мамлекеттик тазалык кызматы иштебей жатабы десең, алардын тырмалаңдап күн сайын таштанды алып кетип жатканы көзгө урунат. Мен элибиздин маданиятын көтөрүү керек деп ойлойм. Анткени көчөдө кетип жатып таштандыны ар жерге таштап коюп кете бергендерди көп кезиктирем. Ал турсун машинада кетип жатып терезесинен ыргытып кеткен адамдар бар. Мен патриоттуулуктун башаты таштандыны туура таштоодон башталат деп ойлойм. Ар бир патриотмун деген адам, жашаган жеринин тазалыгына кам көрүп, балдарыбызды дагы ошого тарбиялашыбыз керек деп эсептейм. «Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом дагы таза болот» деп коомдук ишмер Исках Раззаков айткандай, шаарыбыздын тазалыгы ар бирибиздин колубузда. Элим суранаарым, кооз шаарыбыздын көркүн бузбайлычы, же эс алууга Ысык-Көлгө барабызбы, Ала-Арчага барабызбы, жок дегенде өз таштандыбызды көтөрө кетеличи. Биз жашаган аймак таза болуп турса жакшы эмеспи.

Тил

Биздин кыргыз экенибизди далилдеген албетте биздин тилибиз. Тилекке каршы, тилге кайдыгер мамиле жасап жатканыбыз өкүндүрөт. Азыркы учурда кайда барба, орус тилинде гана баарлашкандарга күбө болосуң. Шаарга жаңыдан айылдан келген адам ооруп калса «Тез жардам» чакыра албайт, «Маалымдама» кызматына чалып, керек болгон телефон номерин да сурай албайт, анткени баары орус тилинде гана жооп беришет. Кыргызстанда жашап жатып, өз тилинде керектүү нерсени сурай албай кор болосуң. Азыр жумушка дагы орус тилин билбесең кабыл албайт. Ошондуктан көптөгөн мекендештерибиз балдарын орус тилинде сүйлөтүшүп, орус мектептерге окутууну каалашат. Бизде орус тилинде сүйлөгөн мода сыяктуу. Өз тилибизди барктабайбыз. Эгерде он кыргыз туруп, арасында бир орус болсо ошого карап орус тилинде сүйлөйбүз. Мындан эки жылдай убакыт мурун мамлекеттик университеттердин бирине баш багып калсам кире беришке «Кыргыз тилинде сүйлөйбүз» деп бадырайтып жазып коюшуптур. Бирок ичинде кыргыз тилинде сүйлөгөн адамды сейрек учуратасың. Ушул нерселерге күбө болуп олтуруп эмнеге биз өз тилибизге кайдыгер мамиле жасайбыз деп намыстанасың. Урматтуу элим кыргыз тили жоголсо кыргыз деген улут жоголорун эмнеге ойлонбойбуз. Биз тилибиз менин гана улутпуз. Тилибизди сактайлы, баалайлы.

Ынтымак

Күн сайын маалымат каражаттарынан төбө чачты тик тургузган шумдуктай жаңылыктарды угуп калдык. Көчөгө чыксаң элдин баары агрессивдүү, бири-бирине болгон сылыктык жок, орой сөздөр, орой көз караштар. Эмнеге кыргыз кыргызга зомбулук көрсөтүп, жамандык кылат? Эмнеге кыргыз менен кыргыз түндүк-түштүк болуп бөлүнөбүз? Баарыбыз бир тууган эмеспизби, бир келген жашоодо ынтымактуу жашап өтсөк эмнеге болбойт? Ынтымак бар жерде өнүгүп- өсүү бар эмеспи. Ынтымак болбосо кыргыздын башынан кут качат. Мен ар адамды ынтымакка чакырып кетем. Урматтуу кыргыз элим эркин эгемендигибиздин баасын билип, баарыбыз биримдикте жашайлы. Элим ар бирибиз оңолууну өзүбүздөн баштайлы.

Динара Жеңишова