Жомоктогудай жоогазындар

Жоогазын - жазында биринчи болуп гүлдөгөн гүл.

Жоогазындардын уругу былтыр күзүндө тигилип, азыр гүлдөп, шаардын көркүн ачып турган кез.  

Быйыл калааны көрктөндүрүү үчүн жоогазындардын 18 түрү тигилген. 

Жоогазындар, селфи жана сулуу. 

Гүлгө оронгон тарых музейи. 

Жоогазындар менен сүрөткө түшкөн апалар. 

Гүлдөр аптасына эки жолу сугарылат. 

Назгүл Жапарова сегиз жылдан бери Ала-Тоо аянтындагы тазалыкты көзөмөлдөп жана аянтты көрктөндүргөндөрдүн бири. Бапестеп баккан гүлдөрүн үзүп кеткендерге нааразы. 

"Эртең менен кечке чейин ушул гүлдөрдү айланчыктап жүрөбүз. Шаарыбыз кооз болуп, элибиздин маанайы көтөрүңкү болсо экен деп гүлдөрдү соолутпай карайбыз. Бирок айрымдар биздин эмгекти баалабай, жоогазындарды жулуп кетишет".
 

Жоогазындын кооздугуна суктанган аял.

Тебелеп, жулуп кеткен жоогазындардын орду. 

Гүл өстүргөн эжелер. 

Жоогазындар майдын аягына чейин шаар тургундарынын маанайын көтөрмөкчү. Андан соң алардын ордуна башка гүлдөр отургузулат. 

Эски аянттагы гүл бакча. 

Бишкекте жоогазындар гүлдөдү.