Бээнин сүтү - миңдин бири

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кымыз менен дарылануу Кыргызстанда жылдан жылга өнүгүүдө.

Кыргызстанда жаздын келиши менен кымыз терапиясына барып, бээнин сүтү менен дарылангандар саны жылдан жылга көбөйүүдө.

Суусамырдагы «Байтур» кымыз менен дарылоо комплексинен чет өлкөдөн келген конокторду да көрүүгө болот.

Бээнин сүтүн эңсеп ичкендердин катарында алтымыш жаштагы Калия да бар. Ал жыл сайын ушул маалда Жалал-Абаддан Суусамыр жайлоосуна келет:

- Бээнин сүтүн 11 жылдан бери үзбөй ичем. Кыргызстандын ар кайсы жерине бардым. Суусамырга үч жылдан бери келем. Апрель айында Сокулукка барып келдик. Жыламыш деген айылдын Үч-Терек жайлоосунда ушундай кымыз менен дарылаган жай бар экен. Ал жакта жети күн ичтим эле, Суусамырга үч күн толуктаганы келдим.

Ал эми Бишкек тургуну Зейне Дүйшеева бээнин сүтүн астма дартынын айынан иче баштаган. Ал сүттүн даамы тууралуу буларды айтты:

- Мен өзүм өнөкөт астма менен ооруйм. Бээнин сүтү менен жылына он күн дарыланам. Дарыгерлер да бээнин сүтүн сунуштаган. Он күн ичкенден кийин организм жаңыланып, дары колдонбой калам. Төө-Ашууга да барып дарылангам. Суусамырда эки жүздөн ашык дары чөп өсөт дегенинен бул жактын да сүтүн ичип көрөйүн дедим.

Нарын облусу, бээ саап жаткан аял

Эл арасында илгертен эле бээнин сүтүн май, июнь айларында үркөр чыккыча ичүү керек деп айтылып келет. Кайсы маалда сүттүн дарылык касиети артат жана саамал менен бышкан кымыздын айырмачылыгы тууралуу белгилүү ашпоз, диетолог Данияр Деркембаев мындай деди:

- Албетте, жазгы кымызды ичкен пайдалуу. Чөп жаңы чыккан кездеги кымыз таттуу, ден соолукка да жагымдуу. Анан анын курамында витаминдер менен минералдык заттар көбүрөөк болот. Эгер сүт менен дарылануу тууралуу сөз болсо, анда кымыз эмес, саамал ичкен пайдалуу. Анда антиоксиданттар жана С витамини абдан көп. Кымыз негизи эле ден соолукка пайдалуу, таза азык да.

Бээнин сүтү ичти алганы пайдалуубу?

Кымыздагы бактериялар менен микроорганизмдерди жаш окумуштуу Руслан Адил Акай тегин бир нече жылдан бери изилдеп, докторлук диссертациясын Түркияда жактаганы турат.

- Микроорганизмдердин түрлөрү көп. Кымызды бир эле түрдөгү микроорганизмден эмес, бир нече түрдөн турат. Алар чөйрөгө, аймакка, табиятка жана жылкы жеген чөптүн өзгөчөлүгүнө жараша болот. Мен азыр кымыздагы кычкыл бактерияларды изилдеп, аларды таануу, идентификация жасоо менен алекмин. Сүт кычкыл бактериялардын көбү биздин ичеги-карынга жагымдуу болуп саналат.

Нарын

Эл ичинде бээнин сүтүн же саамалдын ичти алганы пайдалуу, анткени организм тазаланат деген ишеним бекем орноп калган. Бирок кымыздын бактерияларын ДНК жолу менен иликтеген окумуштуу Руслан Адил буга макул эмес:

- Бээнин сүтүндө шекер абдан көп. Себеби, чоң кишинин ашказаны менен жоон ичегисиндеги микрофлорага сүттүн курамындагы заттар тез сиңип, шекердин көптүгүнөн аларга жагымдуу жагдай жаралып, инфекция пайда болушу ыктымал. Негизи эле кымыз же бээнин сүтүн ичкенде ичти алып, организм тазаланат дегенге мен кошулбайм. Мунун эч кандай илимий далили жок. Адамдын денеси эгерде ичи өтүп тазаланса, анда ар бир айда бирден ичибиз өтүп турмак да.

Суусамырга сүт ичкени келгендердин көбү Казакстан, Орусия, Чыгыш Европа жана Кытайдын атуулдары экенин байкадык.

Дарыгерлердин айтымында, бээнин сүтү уй же эчкиникине караганда ашказанга оңой сиңет. Анын курамындагы белок аминокычкылдарга бай. Ошондой эле шекердин көп болуусу адамга кошумча күч-кубат берет. Майды эритүүчү А, Е, С, В1, биотин, В2, В12 сыяктуу витаминдерге бай. Дарыгерлер бээнин сүтү дээрлик бардык адамдарга жагымдуу экенин айтышат. Бирок ичеги-карындын жугуштуу оорусу менен жабыркаган адамдарга кымыз ичүүгө болбойт. Бээнин сүтү менен кымыз жалпы адамдын иммунитетин жакшыртып, жашартуучу касиеттерге ээ экени да айтылып келет.