Кымбатчылык: тамак-аштан мукураган үй-бүлөлөр

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстанда азык-түлүктүн, бензиндин баасы күн санап өсүп жатат. Акыркы бир жыл ичинде Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы 70% кымбаттаган. Ал эми суу май менен кумшекердин баасы 19 пайыздан 21 пайызга чейин жогорулаган. Ушундан улам Экономика жана коммерция министрлиги күйүүчү, майлоочу майдын баасына мамлекеттик көзөмөл киргизүүнү сунуштады.