Базарда баа өстү: Эртең эмне болот?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Карапайым калкты кыйнаган кымбатчылык. Кыргызстанда тамак-аштын баасы күн санап өсүүдө. Баалар асман чапчыган чакта айлап эт, жумуртка жана башка тамак-аштын түрүн жебей калган үй-бүлөлөр көбөйдү. Ансыз да расмий айтылгандай, өлкөдө 2 миллиондой киши жакырчылыкта жашайт. Базарда баа дүйнөнүн чар-тарабында, кошуна өлкөлөрдө да өсүүдө. Кымбатчылык тооруган кезде азык-түлүк коопсзудугу кантип камсыздалат? Баалардын өсүшү качан токтойт? Кризистин тереңдешин алдын алуу үчүн кандай чаралар көрүлүүгө тийиш?