Зордуктоо, каалаганча камоо, «драма ийрими»...

Кыргызстан НКВДсынын кызматкери Иса Кураманов (оңдо) Кыргызстандан сүргүнгө айдалгандар менен. Хлебодаровка, 1931-жыл.

Кыргызстандын Аларча айылынан келген Иса Кураманов 1930-жылдардын башында Украинанын түштүгүндөгү көчүрмө айыл комендантынын жардамчысы болуп дайындалган.

Анын милдети - сүргүндөгү кыргыздардын ишке чыкпай калбашына, качып кетишине жол бербөө болчу.

Аны кызматынан кыянат пайдалангандыгы үчүн айыпташып, атууга өкүм кылышкан. Украинанын Коопсуздук кызматынын КГБ архивинде сакталган кылмыш ишинде ал кол алдындагы кыздарды зордуктаганы, сүргүндөгүлөрдү драмалык ийримге катышууга мажбурлаганы, анан да алардын акчасын кымырып алганы тууралуу айтылат.

Советтик режим кызматкеринин атылып кетишинин таржымалы сүргүнгө айдалгандар кандай азаптарга туш келгенин гана ачпастан, көмүскөдө калып келген кыргыз-украин тарыхынын белгисиз барактарын билүүгө жардам берет.

Фрунзелик эсепчи

Кыргызстанда совет бийлиги 1924-жылы толугу менен орногон. СССР өлкөсүндөгү башка мамлекеттер сыяктуу эле республика репрессия азаптарынын баарын башынан кечирген. 30-жылдардын башында падышалык бийликке кызмат кылган, жаңы режимге каршылык көрсөткөн же дүйнө мүлкүн колхозго бергиси келбегендердин текши баарын алыска сүргүнгө айдашкан. Таасирдүү манаптарды, дин жолун саймедиреген молдолорду, дүйнө-мүлк жыйнап алган «кулактарды» Казакстанга, Түндүк Кавказга, Украинага жер котортушкан.

Кыргызстандык тарыхчы Жолдошбек Бөтөнөевдин айтымында, Украинанын түштүгүнө советтик Кыргызстандын 700 тургунун сүргүнгө айдашкан, жер которгондордун арасында жалаң кыргыздар эле эмес, өзбектер, украиндер да болгон. Аларды бекер жумушчу күчүнө муктаж, пахта эгүүнү пландаган жерлерге бөлүштүрүшкөн.

Сүргүнгө айдалгандар артынан Украинага НКВДга караштуу Мамлекеттик саясий башкармалыктын (ГПУ) кызматкерлерин да командировкага жиберишкен, алар атайын сүргүндөгүлөрдү карап жүрүшмөк. Ошондойлордун бири Иса Кураманов болчу.

Иса Кураманов.


Кураманов Кыргыз АССРинин Аламүдүн районуна караштуу Аларча айылында 1903-жылы төрөлгөн. Анын анкетасында мындай маалыматтар камтылган: социалдык теги – кызматкер, билими – төмөнкү. Украинага келгенге чейин Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында эсепчи болуп иштеген. 1930-жылы аны ОГПУга караштуу мектепке окууга киргизишип, андан көп өтпөй Украинада сүргүндө жүргөндөр менен иштөөгө жөнөтүшкөн.

Украинада Кураманов бир топ кыштактарда - башында Хлебодаровка, камакка алынганга чейин Хорл комендатурасында (азыр Хорл курорттук айылы) иштеген. Анын иши коменданттын жардамчысы деп эсептелгени менен, Хлебодаровка кыштагында ал жалгыз өзү башчы болгон. Ал башкарган жер Каховка комендатурасына карачу, комендатура башчысы ал кыштакка барчу деле эмес, Каховкадан Хлебодаровкага чейин баш-аягы 65 чакырымдай узак жол. Кийин Хлебодаровканы Новотроицк прокуратурасына которушкан соң деле ошондой эле жагдай сакталып калды. Жаңы комендант айылга бир ай ичинде үч жолу каттагандан көп өтпөй Харьковго кызматка которуп ийишти. Ошентип Иса Кураманов көзөмөлдөөчүсү жок өзү башчы болуп калган.

«Чыгыш аялдары»

1931-жылдын октябрынан 1932-жылдын 20-майына дейре Иса Кураманов Хлебодаровка атайын сүргүн жайында иштеген, болгону 28 жаштагы кыл мурут жигит. Бир жылга жетпеген ошол сегиз ай үчүн кийин аны соттошот. Коменданттын жардамчысы деп эсептелген кызматкердин өзүм билемдиги тууралуу сүргүндөгү Анар Боромбаева менен Молдогул Кулжанов экөө билдиришкен. Комендантка арызды алар Курамановду Хлебодаровкадан Хорлга которгондон кийин гана жазышкан.

«31-жылдын 1-октябрынан тартабизде комендант Кураманов Иса болду, [ал] өзүнүн саясий линия боюнча аткарчу милдеттерин унутуп, өзүнүн жеке кызыкчылыктарын коргой баштады, туугандары менен өнөктөштөрүн көтөрмөлөөгө өттү», - деп билдиришкен арыз ээлери.

Курамановго каршы жазылган арыз.


Боромбаева менен Кулжанов иштеп кеткен жетекчиси жаш кыздарга тийишип, аны менен эле тим болбой аялы бар экенине карабастан, бойго жете элек кызга үйлөнүүгө аракет кылганын билдиришкен. Курамановдун аялы күйөөсүнүн артынан Украинага келген-келбегени белгисиз.

«Кыргыз салтына таянып ал келер замат аял алгысы келип, сүргүндө жүргөн 14 жашар Кулатыш деген кызга үйлөнмөкчү болду (колунда бар кыргыздардын мурдатан бир нече аялдары болгону белгилүү – НВ түшүнд.) [Ал] кыздын агасы Ашырбек менен келишип, калыңга канча акча берерин убада кылган, кийин 375 рубль акча төлөп, артист кыздарды кара жумуштан бошотуп алган», - деп жазылган арызда.

Ал кезде кызматкерлердин орточо айлык акысы 70 рублдин тегереги болчу. Ошондогу акчанын курсунан алганда 375 рубль 193 долларды түзөт. Азыр бул акча инфляция эсебинен 3000 доллардан ашуун каражат.

Ала турган аялынын туугандарына Кураманов жалаң акча берген эмес. Үйлөнчү кызына 12 метр чыт менен эки ботинка белек кылган. Арыз жазгандардын айтымында, коменданттын жардамчысы каалаган маалда кыздар жашаган жерге келип, алар менен жатып алган. Каалаган кызы менен каалаган маалында ишин бүткөрүп жүргөн жардамчынын аялы бар болчу. Сүргүндөгүлөр арызында Курамановдун аялынын аты Зарлык экенин, алардын үйүндө дайым уруш-талаш болуп турганын жазышкан. Соттук документтерде болсо Иса Кураманов ажырашып кеткени жазылып жүрөт.

Кулатыш менен байланышын айыпталынуучу кийин суракта мойнуна алган, бирок кыздын жашы 14тө эмес, 16га чыгып калганын ырастаган. Кураманов кайсы бир дарыгерден «чыгыш аялдары» 15 жашка жеткенде эле жетилип каларын укканын билдирген. Тергөөдө Кураманов кыздын апасы ал экөөнүн мамилесин жактырбаганын, кызы менен коменданттын жардамчысы жатып-туруп жүрүшкөнүнө нааразы экенин айтып берген. Каршы болгон оорулуу аялды жазалаш үчүн коменданттын жардамчысы Кулатышты камап, зорго отурган апасын кара жумушка чыгарган. Оорулуу аялды кандай кара жумушка салганы иштин материалында көрсөтүлгөн эмес.

«Бригадир аялды [кыздын апасын] үйүнө жөнөткөн [катуу ооруп турган], ал үчүн бригадирди кийин мен иштен алдым. Кулатыш кызга кошуп жети адамды мен өзүм камакка алгам. Мусалинов аркылуу (Мукасит Мусалинов, иште Хлебодаровка кыштагынын башчысы – старшини деп көрсөтүлгөн– НВ түшүнд.) кыз менен сүйлөштүм, аны менен жашай турганымды айттым, ошондой убакыт келгенин билдирдим. Аны менен жыныстык катнашта болгонумду кыздын үйүндөгүлөр билип калышкандан кийин агасы менен сүйлөшүп, ага калыңга 375 рубль акча төлөгөм. Кызга батинке, байпак, атыр дагы башка майда-чүйдөлөрдү, ага кошумча бир ай бою нормадан ашык азык-түлүк берип тургам», - деп билдирген Кураманов кийин суракта.

Сүргүндөгүлөр Хлебодаровкада.

Сотко чейинки тергөөдө Иса Кураманов сүргүндөгү кыз-келиндердин бешөө менен жыныстык катнашта болуп, алар менен жашап жүргөнүн мойнуна алган. Айыптоо корутундусунда алардын аты аталган, анткен менен сурак протоколдору жок. Кураманов сүргүндөгүлөрдүн күчү менен драма ийримин түзүп, ага катышкан кыз-келиндер менен ысык мамиледе болгонун айтып берген. Мына ошол ийрим, анда «идеологиялык жактан жарамсыз пьесалар коюлганы» Курамановго каршы коюлган айыптардын дагы бир пункту болуп кирген.

Артисттер жана артисткалар

Иса Кураманов уюштурган драмалык ийримде кандай оюндар коюлганы тууралуу маалымат сакталган эмес, кылмыш ишинде ага тийиштүү жазуулар да жок. Анткен менен ал ойногусу келбеген жаштарга күч колдонуп мажбур кылганы белгилүү. Айыптоо корутундусунда ал иштеп турган кезде алып барып камап коюу көнүмүш ишке айланганы көрсөтүлгөн.

Кылмыш ишинде 14 жаштагы мектеп окуучусу Урулхандын суракта берген жооптору сакталып калган. Оюнда роль аткарууга кызды Иса Кураманов көндүргөн. Урулхан кыз макул болбой койгондо комендант жардамчысы анын ата-энесин камап салган. Апасы беш күн, атасы болсо он бир күн камакта отурган, ошондон кийин Урулхан ийримге катышууга мажбур болгон.

Кураманов койгон оюндардын бирөө.

Кураманов өзү камакка алуунун себеп-жөнүн мындайча түшүндүргөн: «Ата-энеси аны драма ийримине катыштырбай коюшкан, бул оюнду алар жактырышчу эмес». Кийин суракта Урулхан коменданттын жардамчысы аны зордуктап коё жаздаганын, жыныстык катнашка макул болбогону үчүн мектептен чыгартканын айтып берген.

«Атам менен апам жумушта жүргөндө биз турган бөлмөгө комендант Кураманов келип менин жалгыз экенимди көргөндөн кийин асыла баштады, «чогуу жашайлы» деди. Макул болбой койсом көйнөгүмдү чечип, колуман бекем кармап алды. Мен кыйкырып, колунан эптеп бошонуп көчөгө чуркап чыктым. Ошондон аз өтпөй ал мени камап, ал жерде үч күн отурдум, ошондон кийин мектептен чыгартып мени кара жумушка жөнөттү», – деп билдирген. Кураманов кыздын сөзүн ырастаган.

Ийримге 16 киши тартылган. Алардын айрымдарына, кошумча башка жерде иштебегендерге Кураманов кээде айлык маяна төлөп берген. Маселен, тергөөчүлөр кол жазмалардын арасынан Дыйканбаев дегенге 20, Бейшеналиевге – 25, Сулаймановго – 40 рубль айлык берилгенин таап чыгышкан. Ошондой эле комендант жардамчысы «артисттер коллективин» кездеме менен сыйлаган, бир жолу ийримдин эки мүчөсүнө алты метрден кездеме берген, калгандарына үч метрден тийген, өзүнө болсо 30 метрди арттырып калган. Азык-түлүк да тараткан, иштеген кишилерге берилчү 1,5 килограмм паектун ордуна айрым катышуучулар 3 килограммдан алышкан.

Кураманов койгон оюндардын бири.

Хлебодаровкада иштеп жүргөндө Кураманов драма ийриминде 11 же 12 пьеса коюшканын айтып берген. Харьков облустук сотунун ыкчам чакырылган отурумунда чыгарылган өкүмдө 13 пьеса деп айтылат. Алардын автору деп айыпталуучу аталган. Соттор ал пьесаларга «жаманатты кылган, эч кандай мааниси жок бирдемелер» деп баа беришкен.

Кошуп жазуу, пара, которуу

Курамановдун ишин иликтөөгө алган тергөөчүлөр Хлебодаровкада комендант жардамчысы кадыресе байып алганын ачып чыгышкан.

Биринчиден ал, мыйзамды көзгө илбей өзү билип азык-түлүккө ашыкча баа коюп койгон. Маселен, килосу 45 тыйындык унду 80 тыйын, 1,5 рублдик кумшекерди - 2,5 рублга, купайкелерди 14,5 рублга эмес 18 рублдан саттырган. Тергөөчүлөр ошондой кошуп сатуудан эле Кураманов 4 000 рублдай акча пайда көргөнүн эсептеп чыгышкан, бул жумуштан кийин иштегендердин 60 күнкү айлыгы же 2 000 доллар акча. Азыр болсо бул акча болжол менен 31 000 доллар болмок.

Экинчиден, коменданттын жардамчысы советтик Кыргызстандан туугандары атайын сүргүндөгүлөргө жөнөткөн акчасын кээде өзү алып койчу. Хорл прокуратурасынын кызматкери Чаплынка кыштагындагы почтадан атайын сүргүндөгүлөргө келген ондогон почта которууну Кураманов өзү алып койгонун таап чыккан. Тергөөчүлөр билип алган ошондой акчанын жалпы суммасы 1050 рублди түзөт (азыр бул $7 800 жакын акча). Комендант жардамчысы кез-кезде сүргүндөгүлөрдү тинтүүгө алып, тапкан акчасы менен тамак-ашын алып кетчү.

«1932-жылы мартта жолдош Кураманов менин үйүмдү тинттирди. Менден 2725 рубль акча алып кетишкен. Бул акчанын 310 рублин комендант жолдош Кураманов ошол эле жерде кайрып берди. Сактоо китепчесине 2170 рубль салынды, калган 245 рублди эч жакка салган жок», – деп билдирген суракта атайын сүргүндөгү Арымкул Жалилов.

Атайын сүргүндөгүлөр жана Иса Кураманов (оңдо).

Кылмыш ишинин материалдарында коменданттын жардамчысы атайын сүргүндөгүлөрдөн чогултуп алуунун башка жолдорун да пайдаланганы көрсөтүлгөн. Маселен, Кураманов менен анын кишилери ат араба сатып алгандардан 1 рублдан акча, гезит сатып алгандардан 50 тыйындан чогултушчу, аягында эч кимиси сатып албас болушкан. Мындан сырткары почта жөнөтмөсүн алчулар 75 тыйындан төлөшчү. Кураманов сүргүндөгүлөрдүн жылкысын тартып алып, аны союп, этин сатып жиберген учурлар да болгон. Кылмыш ишинин материалында тартылып алынган малдын этинен же сатылган акчасынан ээсине кайтарылганы болбогону көрсөтүлгөн.

Документтерде апачык пара алуу да баяндалган. Кыргызстанга барып келмекчи болгон коменданттын жардамчысы Султан деген адамдан 300 сом рубль акча алып, анын сүргүндөгү тууганына шайлоо укугун калыбына келтирип берүүгө убада берген. Дагы бир сүргүндөгүгө берип ийишкен 1000 рублди чөнтөгүнө кымырып алган.

«Кулактардын» кутумчулугу

Курамановго каршы козголгон кылмыш ишин ал кездеги Украин ССР борбору - Харьковдо иликтешкен. 1932-жылдын күзүндө камакка алышып, 1933-жылдын 21-февралында Харьков облустук сотунун өзгөчө отуруму аны атууга өкүм чыгарган. Ал кезде мындай өкүм «социалдык коргоонун бийик чарасы» деп аталчу. Сот коменданттын мурдагы жардамчысынын аракетин кызматынан кыянат пайдалануу жана зыянкечтик катары баалаган.

«Кураманов атайын сүргүндөгүлөр арасында тартип менен эмгектин баркын кетирген. <...> Атайын сүргүндөгүлөр менен такай ичкилик ичип, сүргүндө жүргөн келин-кыздарды жыныстык катнашка мажбурлаган, мыйзамсыз камап, тинтүү жүргүзгөн, тартылып алынган мүлктөрдү, акча каражаттарын, кооперация тарабынан кошулган бааларды, которулган акчаны, айыптарды, дагы башка мыйзамсыз акча жыйымдарын жана башка мыйзамсыз иштерди жасаган», деп айтылат соттук корутундуда.

Өкүм чыккандан кийин УССР Жогорку сотуна кассациялык арыз берүүгө 48 саат берилген. Кылмыш ишинде айыпталуучунун 14-мартта жазган кассациялык арызы бар. Иса Кураманов өкүмдүн көчүрмөсүн кассациялык арыз жазууга бөлүнгөн мөөнөт өтүп кеткенден кийин гана алганын жазган. Ушуга улай ал мунапыс берүү тууралуу өтүнүч менен кайрылганын белгилеген.

Арызында ал «жергиликтүү кулактардын кылдат жасалган амалкөйлүгүнүн курмандыгы» болгонун белгилеген. Анын кеткенинен пайдаланып амалдуу «кулактар» чаласабат адамдарды ага каршы көрсөтмө берүүгө көндүрүп, арыз жаздырышкан деп билдирген. Бул ишке аралашып калган экинчи топ тергөө башталып калса арызда көрсөтүлгөн маалыматтарды ырастамакчы экен. Ошол эле арызында ал бойго жете элек кыздар менен жыныстык байланышта болбогонун жазган. Анын сөзү боюнча, «тестиер кыздарды даярдашкан» ал эми «кыздарды бузууну» ойлоп табышкан.

Курамановдун арызынын үзүндүсү.

Айыпталуучу тергөөчү сурак маалында өзү жазып койгон кагазга кол койдурганын көрсөткөн. Кураманов анда жазылгандарды шашпай карап чыгууга шарты болбогонун, анын үстүнө орус тилин начар билерин белгилеген.

Ишти Жогорку сотто кароодо Кураманов анын социалдык тек-жайына көңүл бурууну, кедей, чаласабат экенин эске алууну өтүнгөн. ГПУ органдарында иштеген кезде «партия менен өкмөттүн саясатын так жүргүзгөнүн» белгилеген. А бирок кассациялык арыз каралган эмес. 17-мартта УССР ГПУ прокурорунун орун басары өкүм аткарылганын ырастаган. Атууга кеткен кезинде Кураманов 30га чыга элек болчу.

Атууга чыккан өкүмдүн аткарылышын ырастаган документ.

Сталин өлгөндөн кийин уулу атылып кеткенин айтып атасы ишти кайра кароо туралуу өтүнүчүн билдирип арыз жазган.1958-жылдын октябрында УССР прокуратурасы ишти кайра кароого негиз жок экенин билдирген. Курамановго байланышкан кылмыш ишиндеги соңку документ 2001-жыл деп көрсөтүлгөн. Киев прокурорунун биринчи орун басары Дмитрий Ветох архивдеги кылмыш иши тууралуу кол койгон. Анда прокурор ушу таптагы Украина мыйзамы боюнча деле Иса Кураманов акталбай тургандыгы белгиленген.

Григорий Пырлик

Иса Курамановдун архивдик ишинин көчүрмөсү СБУ тармактык мамлекеттик архиви тарабынан берилди

Материалдын түп нускасы бул жерде

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​