Курултай: жапырт камалгандардын маселеси көтөрүлдү
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Бишкекте Элдик курултайдын жыйыны аяктады. Курултайдын экинчи күнүндө Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткан саясатчы, активисттерди бошотуу маселеси көтөрүлдү. Айрым делегаттар президент Садыр Жапаровду командасын тазалоого чакырып, жемкорлук менен күрөш акыйкат жүрбөй жатканын айтышты.